Сөгүш берүүгө жеткирген жагдай
Жыл жаңырар алдында Жогорку Кеңеш Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча президенттин каршы пикирин караш үчүн чукул жыйынга чогулган.
Анда мыйзамдын күчүнө кире турган датасы туура эмес жазылып калганы белгилүү болгон эле. Соңку окуя өкмөттүн, андагы кадрлардын жана мыйзам чыгаруучу органдын жоопкерчилиги тууралуу маселени дагы козгоду.
Баш мыйзамдын жаңы беренелери
Баш мыйзамдын жаңы беренелери
Өкмөт башчы Сапар Исаков "Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексин ратификациялоо келишими жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдоодо алешемдикке жол берген бир катар аткаминерлерге чара көрдү.
Ага ылайык, Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов менен экономика министри Артем Новиковго сөгүш берилди. Ал эми алардын орун басарлары Баккелди Түмөнбаев менен Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыяланды.
Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары, Евразия экономикалык биримдиги боюнча бөлүмдүн башчысы, бул биримдиктеги Кыргызстандын өкүлү Санжар Үмөталиев кызматтан алынды. Ошондой эле бул бөлүмдүн жетекчисинин орун басары баштаган беш кызматкер дагы иштен кетти.
Жыл жаңырарда, тактап айтканда, 30-декабрда парламент мыйзам долбоорундагы катага байланыштуу кезексиз жыйынга чогулган. Анда мыйзамдагы "президент кол койгон күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет" деген жазуу "2018-жылдын 1-январынан баштап" деген жазууга алмаштырылган.
Жоопкерчилик өкмөттө
Жогорку Кеңеште премьер-министр баштаган аткаминерлерге чара көрүү боюнча сунуш айтылган. Параменттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети өкмөткө жоопкерчиликти караш үчүн 15 күндүк мөөнөт чектеген. Комитеттин төрагасынын орун басары, Социал-демократтар фракциянын депутаты Абдувахап Нурбаев негизги жоопкерчилик өкмөттө экенин белгиледи жана бул окуя аткаминерлерге сабак болушу керек экенин айтты:
- Биринчиден, жоопкерчилик демилгечилерде болот. Долбоордун демилгечиси өкмөт болгон. Биз эми "бул жалпы мамлекеттик деңгээлде чечилген маселе, бардык мүчө мамлекеттер кирип жатат" деп колдоп бергенбиз. Бирок бизде дагы долбоорлор юридикалык экспертизадан өтөт. Ошол жерден да негизи карап коюшса болмок экен. Бирок мөөнөтүн өкмөт карайт, бул алардын түз иши. Бул туура чечим болду. Биз ал тургай бир-эки министр иштен да алынса керек деп ойлодук эле. Сөгүш бергенине сөгүш берди, аппараттын айрым кызматкерлери иштен айдалды. Негизи бул аппараттагылардын иши болчу. Бирок бул башкаларга чоң сабак болушу керек. Акыркы окуя "ойгонгула" деп бетке муздак суу сепкендей эле болду.
Абдувахап Нурбаев соңку учурда парламентке "чала, бышпаган" мыйзам долбоорлору көп келе баштаганын кошумчалады. Муну ал Юстиция министрлигинин ишинин алсыздыгы менен да байланыштырды.
Сөгүш жана саясат
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев болсо өкмөт башчынын айрым аткаминерлерге сөгүш берүү тууралуу чечиминин башка да себептерин атады. Анын баамында, премьер-министр депутаттардын дооматынан арылыш үчүн ушундай кадамга барган:
- Өкмөт башчы вице-премьерлик кызматка Санжар Муканбетовдун талапкерлигин көрсөтүп жатат. Муканбетовдун талапкерлиги парламентте каралып жатканда депутаттар сындабасын, өзүнүн дарегине сын көбөйбөсүн деп сөгүш берип, анча-мынчаларды жумуштан алды. Буларда ишин карап, жакшы иштеди, жаман иштеди деген талдоо жок. Эми айрым депутаттар премьерди "азамат экен, өткөндө биз айтканды жасады, чара көрдү" деп мактайт. Саясат болгону ушул. Ал жөн эле бир канча адамдарды курмандык кылды, сөгүш берди. Кубанычбек Кулматов керек болсо ошол күнү кызматка отурган. Мындан бир дагы жетекчи жыйынтык чыгарбайт. Булар аткаминерлерди жоопкерчиликке чакырып, алардын иши начар болгон үчүн же мыйзамдарды карабай койгону үчүн, бюджетти толтурбай койгон үчүн бир дагы жетекчиге сөгүш бербейт. Анткени бардык жетекчилер шайлоодо иштеп берген. Бирөөгө сөгүш берейин десе ал азыркы же мурдагы президенттин жакыны болуп чыгып калат. Колу-буттары тушалган, сөгүш бере албайт.
Мурунку депутат Равшан Жээнбековдун пикиринде, мамлекеттик кызматтын сапаты жоопкерчиликке таасир этип жатат:
- Акыркы жылдарда өкмөт, бийлик кадр даярдоого, билимге, тажрыйбага басым жасабай калды. Биринчи кезекте партиялык принцип, экинчиси "өзүбүздүн адам болушу керек, бизге каршы чыкпашы керек" деген пикир аябай үстөмдүк кылып жатат. Өкмөттө талдай турган, экспертизадан өткөрө турган ушунчалык көп бөлүмдөр бар. Жогорку Кеңеште да толгон-токой бөлүмдөр бар. Анан аны депутаттар карабаса, төрага карабаса, анысы аз келгенсип президент жана анын администрациясы карабаса, анда бул бүгүнкү күндө мамлекетте башкаруу системасы толугу менен талкаланганынан кабар берет. Мамлекетте күчтүү саясий атаандаштык, күчтүү оппозиция өкмөт башчынын кызматтан кетишин, министрликтердин, комитеттердин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылмак. Бизде азыр андай эмес. Ошондуктан ортодогу кичинекей кызматкерлерди иштен кетирип, алы жетпегендерге сөгүш берүү менен чектелип жатышат. Бул өкмөт башчыны кызматтан кетире турган маселе.
Соңку күндөрү кыргыз өкмөтүндөгү кадр саясаты талаш-талкуу жараткан маселеге айланды. Маселен, премьер-министр сөгүш берген аткаминерлердин бири, Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов бул кызматка өткөн айда эле дайындалган, ага чейин бир жылдын эле ичинде Улуттук банкты, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектегенге да үлгүргөн.