Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратууну көздөгөн мыйзамды кабыл алуунун негизги себеби эмнеде? Бул жараян Баш мыйзамга шайкеш келеби же мурдагы саясий лидерлерден өч алуу үчүн жасалып жатабы? “Арай көз чарай” бул тууралуу талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев жана саясий илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиев катышты.
“Азаттык”: Курманкул мырза, “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилге көтөрүп чыкканыңызга жарым жылдай болуп калды. Аны өзгөртүүнүн зарылчылыгы эмнеден келип чыкты?
Курманкул Зулушев: Албетте, бардык нерсе зарылчылыктан чыгат. Депутаттын негизги милдети – эгер мыйзамдар өлкөнүн Конституциясына каршы экенин көрсө, аны шайкеш келтирүү.
2018-жылдын башында Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болгондон кийин кесиптешибиз Исхак Масалиев “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамды Баш мыйзамга шайкеш келтирүү маселесин көтөргөн. Мен ошондон кийин мыйзамды толук карап чыксам, көп беренелер Баш мыйзамга дал келбегенин байкадым.
Ошондон бери тынбай иштеп, талдап чыккандан кийин мыйзамдын 12-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизип, долбоор катары 2018-жылдын 30-майында Жогорку Кеңештин сайтына жарыялаганбыз. Кийин коомдук талкууда болду, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин кароосуна жибердик. Тиешелүү комитеттен өткөн жумада жактырылган, бүгүн палатанын жалпы жыйынына алып чыгып талкууладык, биринчи окуудан өттү.
Дагы караңыз Экс-президенттен кол тийбестикти алуу аракети“Азаттык”: Демилгечи депутаттар бул мыйзам долбооруна кандай жаңы жоболорду, жаңы өзгөртүүлөрдү киргизип жатасыздар?
Курманкул Зулушев: Негизинен бул мыйзамга укуктук, социалдык жана материалдык жактан экс-президенттин жана президенттин ишмердүүлүгүн, статусун аныктоо максатында өзгөртүүлөр кирүүдө. 2003-жылы кабыл алынган аталган мыйзамдын 12-беренеси боюнча "президент өз милдетин жасап жаткан учурда административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт" деп абсолюттук норма жазылып калган. Ал эми 2007-жылы Конституция өзгөргөндө анын 53-беренесинен президенттин абсолюттук кол тийбестиги алынып салынган. Мыйзам болсо мурдагыдай эски боюнча калып калган.
“Азаттык”: Орозбек агай, бул мыйзам долбоорунун укуктук жагына караганда саясий жагы да көп талкууланып жатат. Коомчулукта "бул маселе мурунку президенттен өч алыш үчүн азыркы мамлекет башчынын таасири менен чыгууда" деген да ойлор бар, сиздин көз караш кандай?
Орозбек Молдалиев: Коомчулукта андай ойлордун чыгышына мыйзам долбоорун сунуш кылган учур мурдагы жана азыркы президенттердин мамилелеринин бузулган маалына дал келип калганы себеп болду. Бишкек Жылуулук электр борбору боюнча комиссиянын жыйынтыгы Жогорку Кеңеште каралганда президенттин макамы жөнүндө маселе оркоюп чыгып калды. Биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек: мыйзам зарыл болгон учурда кабыл алынат. Турмушта жок нерсеге мыйзам жазылбайт. Союз мезгилинде деле республикалардын мыйзамдары бири-бирине карама-каршы келген учурлар көп болгон.
Биз кеп кылып жаткан мыйзам да Конституцияга шайкеш келбегенин мезгил өзү көрсөттү. Башка шылтоо издөөнүн кереги жок. "Мурдагы президентке каршы жазылган мыйзам" деген болбогон кеп. Эгер экс-президенттен кол тийбестикти ала турган болсо, жоопкерчиликке тартуу керек болсо башка жолдору деле бар. Ал оңой эле, Жогорку Кеңеш карап туруп деле бул маселени чечип койсо болмок.
Президентке сый жана камкордук
Президентке сый жана камкордук
Чоң көйгөй көптөн бери келатат. Улам Конституция кабыл алган сайын "башка мыйзамдардын баары ага шайкеш келтирилсин" деп токтомдор чыгат. Анын көбү аткарылбай кагазда кала берет. Азыркы мыйзам да ошолордун бири. Бул мыйзам 2003-жылы Акаевдин кол тийбестигин сактап калуу, бийлигин күчөтүү максатында, ага ылайыктап кабыл алынган. Эгер президент убагында так, таза иштесе бул мыйзамдан корко турган эч нерсеси жок.
Курманкул Зулушев: 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда да президенттин абсолюттук кол тийбестиги жөнүндө берене алынып салынган. Ал эми 2003-жылкы мыйзамда кол тийбестик калып калган. Биз мыйзамды Конституцияга дал келтирип эле жатабыз.
2018-жылдын октябрь айында Конституциялык палата "бул жагдай Конституцияга карама-каршы келет" деп чечим чыгарды. “Кабыл алынган мыйзам артка иштебейт” дегендер бар, ал туура эмес түшүнүк. Эгер биз ушул күндөрү жаңы мыйзам кабыл алсак, артка иштебейт болчу. Биз болгону 2007-жылы кабыл алынган мыйзамга өзгөртүүлөрдү гана киргизип жатабыз.
Демек кабыл алына турган мыйзам 2007-жылдан берки бардык президенттерге иштейт. Мурдагы президенттердин өзүнө, үй-бүлөсүнө, социалдык, материалдык жеңилдиктердин, кепилдиктердин баары калат, аларды да мыйзамга шайкеш келтирели деп жатабыз.
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.