"Өнүгүү-Прогресстеги" мандат чатагы

Жогорку Кеңеш

Бишкек шаардык кеңешиндеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясындагы мандат талаш чечиле элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 31-июлда бул партиядан депутаттыкка талапкер болгон Эдик Досиевдин арызын караш үчүн үчүнчү жолу жыйынга чогулуп, дагы эле орток пикирге келе алган жок.

"Өнүгүү-Прогрессте" бошогон орунга тизмеде №10 болуп турган Досиев келиши керек эле. Бирок партиянын саясий кеңеши мандатты №23 орунда турган Аллаберди Парпиевге берүүнү чечкен. Досиев буга байланыштуу БШКга арыз менен кайрылган.

Мандатка байланыштуу талаш-тартыштар 2015-жылы парламенттик шайлоодон кийин да болгон.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 2016-жылы шайланып жатканда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясына сегиз мандат тийген. Фракциянын депутаты Аликбай Сариев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков менен чогуу соттолгондон кийин анын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, орду бош калган. Тизмедеги кезекке ылайык, мандат Эдик Досиевге берилиши керек болчу.

Досиев 2016-жылы эле депутаттык мандат алмай болгонун, бирок партиянын сунушу менен эки орунга артка жылганын, эми болсо мандат алуу кезеги келгенин айтып арызданып жатат:

- Негизи мен 8-орунда болчумун. Бизде партияда талапкерлер арасында "ким жетиштүү добуш алса, ошол депутат болот" деген "эркектик келишим" бар болчу. Мен негизи депутаттыкка өткөм. Мени алгач 8-орундан 10-орунга жылдырышкан. Азыр дагы бир мандат пайда болуп, менин кезегим келгенде партия бул орунду башка талапкерге берип жатат. Партия мага эч нерсе түшүндүргөн жок, сүйлөшүүгө чакырган жок. Мен партиянын жетекчилиги менен байланышка чыкканга аракет кылдым, бирок эч ким менен жолуга алган жокмун.

Бул талаштуу жагдай тууралуу "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын жетекчилиги, саясий кеңеши түшүндүрмө бере элек. Жогорку Кеңештеги тиешелүү фракциянын депутаты Мирлан Бакиров "кимге мандат берилерин партия өзү чечет" деп түшүндүрдү:

Мирлан Бакиров.

- Мунун тартиби мыйзамда так жазылган. Фракцияда бош мандат болгон учурда үч күндүн ичинде саясий партия тигил же бул талапкердин пайдасына чечим чыгарып берет. Ошол чечимге ылайык, БШК ал талапкерге мандат берет. Эгер үч күндүн ичинде мындай чечим берилбесе, анда БШК, аймактык комиссия кезегине карап мандатты бериши керек. Бул жерде менин билишимче, үч күндүн ичинде партиянын саясий кеңеши "Парпиевге мандат берилсин" деген чечимин берген.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 12-июлда "мандат тизмеде 23-орунда турган Аллаберди Парпиевге берилсин" деген чечим чыгарган. Бул чечим толук күчүнө кириши үчүн БШК аны өз токтому менен бекитип бериши керек эле. Эдик Досиев бул чечим боюнча БШКга арызданган.

Азыр маселенин баары "Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзамдын 51- жана 52-беренелеринен чыгып жатат. Мыйзамдын 51-беренесинде "жергиликтүү кеңешке шайлоо бүткөндөн кийин 15 күн ичинде партиялар мандат алчу талапкерлердин соңку тизмесин берет" деп жазылган. "Эгер тизмеде кезек, орун алмашуу болсо, анда ошол талапкерлердин кагаз түрүндө макулдугу талап кылынат" деп көрсөтүлгөн.

Ал эми 52-беренеде фракциядагы бош мандат тууралуу сөз болот. Анда "фракцияда кайсы бир депутат мандатын мөөнөтүнөн мурда кандайдыр бир себептер менен тапшырса, анын ордуна мандат ошол тизмедеги кийинки талапкерге же партия сунуш кылган талапкерге берилет" деп жазылган. Бирок "мандат тийбей калды" деп арызданган талапкер боюнча жол-жобо белгиленген эмес.

Азыр БШКнын мүчөлөрү бул маселе боюнча теңме-тең эки жаат болуп бөлүнүп калды. БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов мыйзамдын 52-беренеси боюнча чечим чыгышы керек деп эсептейт:

Абдыжапар Бекматов.

- "Жергиликтүү кеңештин депутатын шайлоо тууралуу" мыйзамдын 52-беренесинде бош калган мандатты өткөрүп берүүнүн жол-жобосу жазылган. Башкача айтканда, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 3-июлда мурдагы депутаттын ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу чечим кабыл алган. Андан кийин саясий партиянын сунушунун негизинде башка тизмедеги талапкерге өткөрүп берүү тууралуу сунуш берген.

БШК 31-июлда мандат талаш боюнча үчүнчү жолу жыйынга чогулду, бирок мүчөлөрү орток пикирге келе алган жок. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова баштаган алты мүчөсү болсо "тизмедеги кезек сакталышы керек" деген пикирде:

Нуржан Шайлдабекова.

- БШКдагы жумушчу топ келип түшкөн арызды карап чыгып, "Бишкек аймактык шайлоо комиссиянын чечимин жокко чыгарылсын жана мандат кезеги менен берилсин" деген сунуш киргизди. Бул сунуш мыйзамга негизделген. Партия мандаттын кимге берүүнү өзү чечүүгө укугу бар. Бирок бул укукту ишке ашыруунун тартиби так жазылган эмес. Ошондуктан биз системалуу карап көрсөк кезек алмаштыруунун жол-жобосу жазылган. Анда "ошол талапкердин макулдугу менен чечилет" деп көрсөтүлгөн. Жумушчу топ ушул нормаларга негиздеп, талапкердин арызын эске алуу менен мандатты кезектеги талапкерге өткөрүп берүү тууралуу сунуш киргизген.

Жергиликтүү кеңештерде ушуну менен экинчи жолу мандатка байланыштуу чыр чыкты. Мындан туура эки ай мурда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинде куду ушундай жагдай катталган. КСДП фракциясынын талапкери Тахмина Алимбекова партиянын саясий кеңеши анын кезеги келгенине карабай, өзүнөн макулдук албастан башка талапкерге мандат берүү тууралуу чечим чыгарганына каршы арызданган. Бирок бир топ териштирүүдөн кийин партия өзүнүн бул чечиминен баш тарткан жана БШК мандатты Алимбековага берүү тууралуу чечим чыгарган.

Азыр эми Эдик Досиевдин мандат маселеси кандай чечилери белгисиз. Талапкер эгер өз пайдасына чечим чыкпаса, сотко чейин барарын айтып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.