Тактоолор боюнча 61 миңден ашуун шайлоочу тизмеге жаңыдан киргизилди. Шайлоого 15 күн убакыт калганда тизменин акыркы расмий варианты бекитилип, жарыяланат.
Бул арада калкты тейлөө борборлорунда паспортун алмаштыруу үчүн кезекке турган жарандардын агымы тыйыла элек.
Мамлекеттик каттоо кызматы бул жагдай калкты тейлөөдө оор иш жүктөмүн пайда кылганын айтып, жарандар биометрикасын тапшырган болсо, эски үлгүдөгү паспорттору менен деле добуш бере аларын эскертүүдө.
Аягы көрүнбөгөн кезек
Соңку мезгилде Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда паспортторун алмаштыруу үчүн келген жарандардын узун кезеги байкалууда. Кээ бир жарандар шайлоого байланыштуу паспортторун алмаштырууга келгендердин айынан эртеден кечке кезек күтүп, саргайып отурушканын айтышты. Анткени акысыз берилип жаткан жаңы үлгүдөгү паспорт алууну көздөгөн жарандардын көптүгүнөн башка документтер үчүн келгендер узун кезекке турууга аргасыз болгону белгилүү болду.
Бишкек шаарынын тургуну Үсөн Кутпаев үй-бүлөсүнүн каттоо маселесинин айынан бир жумадан бери убара болуп жүргөнүн айтты:
- Ушул узун кезектин айынан бир аптадан бери документтерибиз бүтпөй, жүгүрүп жүрөбүз. Бул жактан "ал документти алып кел, бул документти алып кел" дей беришип, аябай эле убара кылышты. Бул жерде VIP кызматы бар экен. Бирок анын баасы бир адамга 500 сом экен. Мен ар бир үй-бүлө мүчөмө 500 сомдон төлөсөм аябай эле кымбатка түшүп калчудай. Негизи келинчегим менен балдарым мурда эле каттоодо бар болчу. Бирок анда кызматкерлер аларды убактылуу эле каттоого коюп коюшкан экен. Азыр эми туруктуу каттоого коюш үчүн бул кызматкерлердин өзүнүн катачылыгынын айынан кечке кезек күткөнгө туура келип отурат.
Мамлекеттик каттоо кызматы жагдайды айрыкча Ош жана Бишкек шаарларындагы калкты тейлөө борборлорунда шайлоо күнү жакын калганына байланыштуу жаңы үлгүдөгү паспорт алууну көздөгөн жарандардын көптүгүнөн улам кезек күткөндөрдүн чоң агымы пайда болгонун ырастады. Анткени талапкерлердин үгүтчүлөрүнүн туура эмес берген маалыматынан улам кээ бир жарандар жапырт түрдө паспорт алмаштырууга өткөн.
Мамкаттоо кызматы өткөн төрт айдан бери 204 миң жаранга жаңы үлгүдөгү паспорт берген. Мамкаттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов калкты тейлөө борборлорунда түзүлгөн жагдай туурасында буларга токтолду:
- Бул убактылуу көрүнүш. Албетте шайлоодон кийин мындай узун кезектер азаят. Бишкек шаарында кошумча эки калкты тейлөө борборун ачабыз. Азыркы дүрбөлөң жаңы жылга чейин паспорттор акысыз берилет деген жарыядан улам болуп жатат. Ошол эле кезде шайлоого байланыштуу айрым талапкерлердин үгүтчүлөрү жарандарды "жаңы паспорттор менен гана добуш бере аласыңар" деген сыяктуу туура эмес маалыматтарды жайылтып, мына ошонун айынан дагы паспортторун алмаштырууга келгендердин саны көбөйдү. Бул жерде эски үлгүдөгү паспорт менен деле добуш берүүгө боло берерин, ал үчүн паспортту алмаштыруунун зарылдыгы жоктугун эскертебиз. Болгону жаран добуш берүү үчүн 30-сентябрга чейин биометрикалык каттоодон өтүшү кажет.
Шайлоочулардын саны көбөйдү
Мамлекеттик каттоо кызматы мыйзамда каралган тартипте алдыдагы президенттик шайлоого карата Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоочулардын алдын ала такталган контролдук тизмесин тапшырды. Контролдук тизме боюнча, 20-сентябрга карата шайлоочулардын тизмеси 2 миллион 975 миң адамды түздү. Муну менен мурдагысына караганда 61 миңге чукул көп шайлоочу тизмеге кошулду.
БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов муну ички-тышкы миграцияны эске алуу менен иш алып барып, тизме тактоодогу жетишкендик деп атады:
- Мисалы, Бишкекте уюштурулган 33 шайлоо участкасында 30 миңге жакын шайлоочу келип катталган. Ош шаарында болсо 35 миңге чукул шайлоочу келип, ошол жердеги кошумча шайлоо участкаларына каттоого турган. Ошол эле кезде аймактардагы шайлоочулардын саны азайганы байкалат. Башкача айтканда ички-тышкы миграциянын деңгээлин ошол шайлоочулардын тизмесинин кыймылынан байкасак болот. Ошонун натыйжасында иш жүзүндө шаарда жашап, бирок каттоосу айылда калып, тизмеге кирбей ара жолдо жүргөндөрдү аныктап чыгуунун натыйжасында шайлоочулардын контролдук тизмесине 61 миңге жакын шайлоочу кошулду. Бул эми саясий партиялардын, талапкерлердин, жергиликтүү бийликтин, Мамкаттоо жана шайлоо комиссияларынын тынымсыз жүргүзгөн ишинин жыйынтыгы катары карасак болот. Эгерде кошумча шайлоо участкаларын ачуу жана форма-2 деген бланк аркылуу контролдук тизме көзөмөлгө алынбаса, мындай болмок эмес.
Жаштардын шайлоодогу күчү
Жаштардын шайлоодогу күчү
Бирок ички миграциянын айынан катталган жеринен тышкары жерде жашап жаткан жарандардын шайлоо укугун камсыздоо маселеси алардын добушун борборлоштуруп көзөмөлдөөгө алып келбейби деп кооптонгондор да бар. Анткени кошумча ачылган шайлоо участкалары кайсы бир тараптын көзөмөлүндө болуп, аталган участокко каттала тургандардын тизмеси алдын ала аныкталышы мүмкүн деген түкшүмөлдөр болду. Жарандык активист Рита Карасартова бул тууралуу мындай дейт:
- Кошумча ачылган шайлоо участкаларына катталган шайлоочуга "биз сенин кандай добуш бергениңди көрүп турабыз, эсептеп жатканда бюллеттендин номери аркылуу сенин кандай добуш бергениң билинип калат" деп коркутушса эле, студент болобу же каттоосу айылда калып, бул жакка форма-2 менен добуш берүү үчүн участокко каттоого тургузулган жаран болобу, ошол тарап талап койгондой добуш берет да. Болбосо кошумча участок ачпай эле, "мына ошол форма-2 деген бланк аркылуу каалаган участокко каттоого туруп, ошол жактан добуш бере бергиле" дешпейт беле. Бирок андай болгондо аларды көзөмөлдөй албай калышат да. Менимче каттоосу башка жакта калган жарандардын шайлоо укугун камсыздоо деген жакшы тилектин артында мына ушундай дагы маселе болушу мүмкүн.
Шайлоочулардын контролдук тизме түшүнүгү жаңыдан бекитилген конституциялык шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоочулардын алдын ала такталган тизмеси болуп саналат. Андан кийин шайлоо күнүнө 15 күн калганда шайлоочулардын толук такталган расмий тизмеси бекитилет.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.