Каралоо да үгүттүн бир ыкмасыбы?

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот.

Президенттик шайлоо үгүтү күч алып, талапкерлерди мактоо менен кошо эле каралаган маалыматтар да тарап жатат.

Президенттикке талапкерлерди оттон алып жерге, жерден алып сууга салган каралоо аракеттери үгүт иштери башталбай жатып эле Фейсбук, Твиттер, Одноклассники, Вотсап сыяктуу социалдык тармактарда жүрө баштаган. Фейсбук баракчасында шайлоого аттангандардын тарапкерлери жаатташып, кайым-айтышууга чейин барып жаткан учурлар бар.

Журналист Авланбек Жумабаев кара пиардын үстүнөн иштеп жаткан атайын топтор бар деп эсептейт:

- Социалдык тармактарда эле эмес, пикир калтырууга мүмкүн болгон бардык сайттарда каралоо жүрүп жатат. Ал жерлерде атайын топтор иштейт. Андай топторду партиялар эле эмес, бийлик өзү түзүп алган. Ал жерде кимдер иштеп, ким эмнени жазып жатканын журналисттер жакшы эле билишет. Бул жаман тажрыйба ошол жактан тарады. Адегенде муну сайттардан баштап, соцтармактарга алып чыгышты. Кимдин эмне кылып жатканын карапайым эл билбейт, бирок кесипкөй адамдар жакшы билишет. Ошондуктан бул талапкерлердин кимисине болсо да аброй алып келбейт. Талапкерлер өздөрүн-өздөрү тыйбаса, бул токтобой турган нерсе.

Ал эми атаандаш талапкерлер өзү тууралуу жазылган айрым макалаларды бир жактуу каралоо катары баалап, БШКга кайрылган фактылар да катталууда.

Алсак, "Вечерний Бишкек" басылмасы талапкер Өмүрбек Бабанов тууралуу макала жарыялаган. Көп өтпөй талапкердин штабы бул макалада улутчулдукка чакырган, социалдык кастыкты козутуучу чакырыктар бар деген жүйө менен басылманын үстүнөн БШКга кайрылып, гезитти жоопко тартууну талап кылган. Жакында эле "24.кж" маалымат агенттигинде талапкер Сооронбай Жээнбеков жөнүндө жарык көргөн материал да анын штабы тарабынан "бир жактуу каралоо" деп табылып, Боршайкомго арыз менен кайрылышкан. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, үгүт иштери боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Назарали Арипов "Азаттык" буларды айтты:

- Талапкер Бабановдун өкүлү Ирискулбековдун арызын карап чыктык. БШКнын чечими менен "Вечерний Бишкек" гезитинин сайтындагы Бабанов тууралуу макала алынды. Ал эми талапкер Жээнбеков тууралуу "24.кж" агенттигине жарыяланган макала боюнча арызды карап жатабыз.

Назарали Арипов.

"Жигиттик келишим" алсызбы же БШК чабалбы?

Шайлоо өнөктүгү учурунда талапкерлердин бири-бирин каралоодон алыс болуусун камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы аларды ич ара "жигиттик келишимге" келүүгө чакырган. Келишимде талапкерлерге шайлоо учурунда атаандаштарын сыйлоо, атаандаш талапкерлер же партиялардын жеке абийирине, ар-намысына шек келтирүүчү чындыкка коошпогон маалыматтарды таратпоо милдети тагылган. Ошондой эле шайлоочулардын добушун сатып алууга, өздөрүнүн тарапкерлерине да мыйзамсыз жолдорго баруусуна каршы турууга талапкерлер милдеттендирилген.

Бирок 9-сентябрь күнү бул келишимге кол коюуга сегиз талапкер катышпай, Токтайым Үмөталиева, Сооронбай Жээнбеков, Арстанбек Абдылдаев, Арсланбек Малиев жана Таалатбек Масадыков гана кол койгон.

Үгүт иштеринин башталышы менен жер-жерлерде талапкерлердин жарнамалары тытылып, сыйрылган учурлар да катталып жатат. Мындай мыйзамсыз аракеттерге прокуратура көңүл буруп, ар бир учур боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын маалымдоодо. БШКнын мурдагы мүчөсү Жеңишбек Акматов шайлоодогу мындай жагымсыз аракеттерге кескин реакция кылып, тыюуга тийиш болгон Боршайком кайдыгер мамиле кылып жатат деп эсептейт:

- Бул жолку шайлоодо БШК көп жерлерде байкоочунун позициясында туруп алып жатат. Ар кандай окуялар учурунда өзүнүн реакциясын деле билдирбей, позициясын айтпай жатат. Бул төрайымдын чабалдыгын көрсөтүп жатат. Журналисттерден да качып жатат деп даттанып атышат. Же бирдемени туура эмес айтып алуудан чочулайбы, айтор, БШКнын азыркы курамы унчукпас, байкоочу позицияда болуп жатат.

Ал эми БШКнын үгүт иштери боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Назарали Арипов аларга жана шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү органдарга берилген арыздардын негизинде бардык маселелер каралып жатканын бекемдөөдө:

- Үгүт учурун көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ иштеп жатат. Биз азыр Бишкектеги юридикалык академияда болгон окуя менен Араван районунда айыл өкмөт башчынын мыйзамсыз үгүтү боюнча маселени карап жатабыз. Бардык мыйзамсыз иштер боюнча пикирибизди билдирип, Башкы прокуратурага берип жатабыз. Бизге кандай арыз-даттануулар келип түшсө, ошонун баарын мыйзам чегинде чечип жатабыз. Бул биздин милдетибиз.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Ага 13 талапкер катышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.