Талапкерлердин жарымы жарыштан четтеди

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышуу максатында арыз берген 20 адамды талапкер катары каттоодон баш тартты.

Ага талапкерлердин мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кол тамгаларды тапшырбагандыгы себеп болгон. Ушуну менен саясий жарышка катышуу үчүн арыз тапшыргандардын саны 24кө түштү. Анткен менен серепчилер негизги жарыш 3-4 талапкердин ортосунда жүрө турганын белгилеп жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясы 20 кишини президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартуу чечимин 26-августтагы жыйынында кабыл алды. БШК тараткан маалыматка караганда, 20 кишинин он беши конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кол тамгаларды тапшырган эмес. Мындан улам Советбек Абыкулов, Аскарбек Абышев, Турат Акимов, Турсунбай Бакир уулу, Өмүрбек Бөлтүрүков, Максатбек Жумабеков, Замира Муратбекова, Назарбек Нышанов, Темиркул Өмүралиев, Токтобүбү Таласбаева, Дамира Токтосунова, Мукар Чолпонбаев, Санжарбек Энназаров, Бакыт Керимбеков, Марат Мергенов жарыштан четтетилди.

Мындан сырткары президенттик кызматка ат салышуу ниетинде БШКга арыз тапшырган Руслан Жунусов, Игорь Трофимов, Калмамат Мактымбаев, Мирлан Шерикул уулу, Полотбек Кенжекулов мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификатты, кеминде 30 миң кишинин колу коюлган барактарды тапшырбаганы үчүн катталган эмес.

Берилген мөөнөттө кол топтоп жетише албаган Турат Акимов колду сатып алуулар, ыксыз технологиялар тоскоол болгонун айтып жатат:

- Өмүрү эч нерсени бекер кылбаган өкмөт шайлоо алдында бекер беребиз деп элдин эски паспортун жыйнап, жаңысын да убагында бербей, бардыгын кармап жатып алды. Экинчиден, БШК талаага чыгып, байкоо салбай иш бөлмөсүндө отура берет экен. Айрым кишилер биз Бабановго, Сариевге бердик силерге кол койбойбуз деп жүрөт. Эмнеге бардык талапкерге койо берсе болот деп элге түшүндүрбөйт. Бизге акча төлөгүлө, баары төлөп жатат деп айтып жатышты. Эң кыйыны бир үй-бүлөдө алты адам болсо, ар бири өзү гана толтурушу керек экен. Бири жаза албайт, биринин көзү көрбөйт. Эгер баарына бирөө толтуруп койсо, жараксыз деп чыгарат экен. Мына ушундай тымызын технологияларды колдонушкан.

Акимов шайлоону таза өткөрүү үчүн президент, өкмөт, президенттик аппарат толугу менен кызматтан кетип, көзөмөлдү парламент өзүнө алышы керек деп эсептейт.

Буга чейин шайлоо таза өтпөйт деген жүйө менен бешөө: Мукар Чолпонбаев, Марат Иманкулов, Алмазбек Каримов, Сагынбек Абдрахманов жана Замира Муратбекова шайлоого катышпай турганын жарыялашкан.

15-октябрда боло турган президенттик шайлоого катышуу дымагы менен Боршайкомго башында 59 жаран кайрылган. Учурда алардын 24ү калды. БШК мүчөсү Гүлнара Журабева алардын канчасы бюллетенге түшөрү тууралуу айтуу азырынча эрте экенин билдирип жатат.

- Канчасы шайлоого катышарын 35 күн калганда чечим кабыл алып, айта алабыз. Ага чейин кол тамгаларын текшеребиз, анан кийин дагы белгилүү болот.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоону таза өткөрүү үчүн мыйзамдык базалар жетиштүү экенине ишендирүүдө:

- Адам факторун минималдаштыруу максатында аракеттер көрүлүп жатат. Анткени буга чейин комиссиялардын түзүмү саясий партиялардан жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү болгондуктан бирөөгө тартып койгон убактарын белгилеп келгенбиз. Ал эми шайлоодон баш тарткан учурлар дайыма эле болуп келген. 2011-жылдагы шайлоодо деле 87 талапкер жылдырылып, бюллетенге 16сы кирип, 14ү шайлоого катышкан. Ошондуктан бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.

Ушул тапта Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер тапшырган кол тамгаларды текшерүүдө. Ал ортодо саясий серепчилер добуш берүү бюллетенине канча талапкердин аты кирбесин атаандаштык үч-төрт талапкердин ортосунда жүрө турганын белгилеп жатат.

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин белгилешинче, негизги жарыш жана биригүүлөр экинчи айлампада болушу ыктымал. Ал саясатчылардын шайлоо алдында билдирип туруучу көз карандысыз сурамжылоо, изилдөө болсо жакшы болмок деген пикирде:

- Талапкер деген өзү 3-4 ай мурун даяр болуп, өзүнүн өкүлчүлүгү, юристи, кеңеш бере турган адамдары болушу керек. Анан БШКга уюштуруу иштери боюнча доо койгон деле туура эмес го дейм. Негизи атаандаштык 3-4 талапкердин ортосунда болсо керек. 3-4-орунду алгандар, экинчи турда бири-бири менен биригет деп ойлойм. Азыр алдын ала иликтөөлөрдү жүргүзө турган көз карандысыз уюм жетишпей жатат. Ошондой болгондо дагы саясатчылардын рейтингин алдын ала айтууга болот эле. Азыр ар кайсы сайт өзүнчө өткөрүп атат.

Сейтек Качкынбаев.

Буга чейин Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков жана Бакыт Төрөбаев талапкер катары катталышкан. Боршайком "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин талапкер катары катталуусу үчүн кол топтоодо шайлоо кампаниясынын каржылоо эрежеси бузулган деген жүйө менен аларды жараксыз деп тапкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.