Талапкерлерди таарынтпаган элита

Президенттик жарышка аттанып жаткан саясатчылардын уюштуруу иштеринде мазмун эмес, формага көңүл бурулуп, ошол жагынан жарыш жүрүп жатканын серепчилер белгилеп жатышат. Саясий иш-чараларга "айттаган" саясатчылар сынга алынууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун арызы президенттикке талапкер катары Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылды. Ушуну менен быйылкы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 16га жетти. Алардын ичинен экөөнү - "Ак шумкардын" жетекчиси Темир Сариев менен "Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаевди партиясы көрсөттү.

Булардан өзгөчөлөнүп "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги Элдик курултай деп аталган иш-чарада жактырылып, бирок шайлоого өзүн өзү көрсөтүү менен катышмай болду.

Саясатчылардын чоң жарышка аттанышын жана уюштуруу иштеринде мазмун эмес, формага көңүл бурулуп, ошол жагынан жарыш жүрүп жатканын серепчилер белгилеп жатышат.

Мисалы, Сариевдин курултайда сүйлөгөн сөзү, айтылган убадаларына караганда анын өзүн такка отургузуп, "туулган күнүңүз менен, мырза президент" деген англис тилинде жазуусу бар торттун тартууланышы көбүрөөк талкууга алынды.

Элдик курултай: идея жана демилге

Элдик курултай: идея жана демилге

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук кеңешинин жыйынында Элдик курултай өткөрүп, ага айыл өкмөтү баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн киргизүү керек деп билдирди.

Ушундай эле талкуу "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын курултайындагы кымбат баалуу техникалар, 5 миң долларлык тунук суфлерге байланыштуу болду.

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев учурда саясатчылар курултайларын башкача формада өткөрүүгө аракет кылып, социалдык тармактарга басым жасап жатканын кубаттады:

- Курултай деген сыяктуу чогулуш технологияларын дагы өзгөчө формада кылганга аракет кылып, президент Атамбаевде жок технологияларды алып келип, айтылбай калган нерселерди белгилеп көрсөтүп турчу нерселерди колдонуп жатат. Жакшы жагы аттуу-баштуу делген талапкерлер фокусту социалдык тармактарга жасап, ошолор аркылуу чыгып жатат. Келечекте ушулар аркылуу иштеш керек экен деп текче катары колдонуп жатат.

Экинчиден, өлкөнү жетектейм деген дымагы бар саясатчылардын курултайда мурда айтылбаган жаңы убадалары, элдин кулагына жага турган кооз сөздөрү талкууланууда. Айрым маалымат каражаттары Өмүрбек Бабановду Бириккен Араб Эмирлигинин өкмөт башчысы Мохаммед Ибн-ал-Мактумдун мындан 10 жыл мурда айткан сөздөрүн өз сөзү кылып айтып койду деп, саясатчыны плагиаттыкка айыптап чыгышты.

Салмак кошуу аракети

Мындан сырткары аттуу-баштуу саясатчылардын, коомдук ишмерлердин курултайдан курултайга "айттаганы" коомчулуктун көңүлун бурууда.

Бишкекте өткөн саясий иш-чараларга партия мүчөлөрүнөн сырткары Досбол Нур уулу, Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Артур Медетбеков, Курманбек Осмонов, Алмамбет Шыкмаматов сыяктуу төбөсү көрүнгөн саясатчылар, коомдук ишмерлер катышып жатат. Айрым серепчилер муну курултайга салмак кошуу аракети деп белгилесе, башкалары бул көрүнүштү саясий маданияттын калыптануусу катары карашат экен.

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов бул мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейт.

- Катышкандардын бардыгы ошол саясатчыны колдойт деген туура эмес. Ушунун келиши менен эле салмак кошулуп кетет деген деле ой болбосо керек. Анан интеллигенция, элита, мамлекеттик башкарууда тажрыйбасы бар, аркы-беркини көргөн, билген адамдарды чакырган табигый эле көрүнүш.

Мисалы, "Ата-Журт" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев "Ак шумкардын" курултайында минтип сүйлөгөн:

- Кудай буюруп, Алла таалам колдоп, эли-журтубуз кубаттап мамлекеттин башына келип кала турган болсоңуз биринчиден, партиялаштарыңыздын, экинчиден, бүткүл коомубузду бириктирет деген ойдомун.

Кийин ушундай эле мазмундагы сөзүн "Өнүгүү-Прогресстин" жыйынында кайталады:

- Кудай буюруп, Алла таалам колдоп сиз мамлекетибиздин башына келип калсаңыз кыргыз элим эч качан өкүнбөйт деп ойлойм.

Келечектин камы

Саясат таануучу Марс Сариев талапкерлер элди өзүнүн программасы менен ишендирүү ордуна, саясатчылардын атын пайдаланып жатат деп сындады. Ал Кыргызстанда дагы эле идеяга эмес, жеке адамга, анын артында ким турарына, каражатына жана тууганчылыкка маани берүү өнөкөтү басымдуу экенин белгиледи:

- Кыргызстанда бир жакшы учур бар, азыр ким президент болорун эч ким так айта албайт. Ошондуктан президенттик жарышта интрига сакталып калып жатат. Карап көрсөңөр курултайларда "свадебный генералдарды", абройлуу фамилияларды пайдаланып жатышат. Бул туура эмес. Кыйын лидер өз программасына таянып, элди ошого көндүрүшү керек да.

Интеллигенция, элита, мамлекеттик башкарууда тажрыйбасы бар, аркы-беркини көргөн, билген адамдарды чакырган табигый эле көрүнүш.
Курманбек Осмонов

Талдоочу Орозбек Молдалиев шайлоого өзүн өзү көрсөтүү аркылуу катышып жаткандардын көп экенин өлкөдө партиялык системанын калыптана электиги менен байланыштырып жатат.

- Булар шайланып алгандан кийин эле партиялык курулушту таштап коюп жатышат, партиянын кереги жок болуп жатат. Анын анча-мынча көзгө басар мүчөлөрүнө кызмат берип коюп, ошону менен чектелип калып атат. Кызмат тийбей калгандар чыгып кетип жатышпайбы. Азыр дежур саясатчылар пайда болуп жатат. "Биздин курултайга катышып, сүйлөп берип коюңуз" деп, бул эмнени билдирет? Элдин арасында колдоолору жок болуп жатат. Бекер отургандан көрө барып ары-бери көрүнүп, кадырлуу киши экендигимди көрсөтүп коёюн, кийин бул шайланып калса мен дагы келем деген эле сөз.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Ал эми талапкерлердин арызын Борбордук шайлоо комиссиясы 1-августка чейин кабыл алат. Учурда талапкер катары арыз берген 16 талапкердин үчөө аял. Арасында университеттин ректору, экс-акыйкатчы, жарандык коомдун өкүлү, эксперттен тартып пенсионер, жумушсуздар, ишкерлер бар. КСДП, "Бир Бол" баштаган башка партиялар курултайын өткөрө элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.