Алдыңкы ондуктун баасы же “алтын мандаттар”

Жогорку Кеңеш

Талапкерлердин партиялык тизмесиндеги алдыңкы ондукту “алтын мандат” атына кондурган түшүнүк саясий лексиондон түшпөгөн сөзгө айланды.

Партиялык тизменин алдыңкы ондугуна коомчулукка таанымал саясий капиталы бар же болбосо шайлоо фондуна күрдөөлдүү каржылык салым кошо ала турган талапкерлер киргизилген. Саясат талдоочулардын баамында, бул жолку шайлоодо саясий партиялар партиянын визиттик карточкасы саналган алдыңкы ондуктун тизмесин түзүүдө салмактуу саясатчылар менен капчыктууларды айкалыштырууга аракет жасашкан.

Аброй менен акчанын “айкалышы”

Шайлоого бара жаткан саясий партиялардын алдыңкы ондугуна кирүү талапкерлердин таттуу кыялы экени белгилүү. Бирок мындай сый-урмат бардык эле талапкерлердин маңдайына жазыла бербейт. Саясий партиялар тизмесинин алдыңкы ондугун түзүүдө өзгөчө көңүл саясатчылардын салмагына, таанымалдуулугуна жана албетте, капчыгынын калыңдыгына бурулары турган иш.

“Ата Мекен” партиясы популярдуулугуна карап, Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов менен мурдагы баш прокурор Аида Салянованы алдыга кошту. Саясат талдоочу Чолпон Сыдыкбаев абройлуу саясатчылардын алдыңкы ондукта киришинин өйдө-ылдыйын мындайча мүнөздөйт:

- “Алтын мандат” алууга коомдо таасири бар, айрым аймакта күчтүү таасири бар адамдар кирген. Бирок мурдагы шайлоолордо электорат партиянын лидерин эле карап добуш берсе, бул жолу тизмедеги алдыңкы ондукту же жыйырмалыкта кимдер турат деп үңүлүп караган көрүнүш бар экени кубандырат. Ошол эле учурда бир чети партиялык тизмедеги ондукка кирген талапкерлерге артыкчылык берген жагдайдын дагы кооптуу жагы бар. Анткени алар депутат болуп келгенден кийин дагы өздөрүн артыкчылыктуу тандалма катары сезишип, партиялык позициясы дагы, кадамдары дагы башкача болушу мүмкүн. Дал ошол абройлуу жана акчалуу талапкерлер кийин партия жетекчилигине баш бербей кетиши мүмкүн.

“Алтын мандаттардын” аралыгы...

Коомчулуктагы популярдуу адамдарды колдонуу жагынан КСДП партиясы дагы четте калган жок. КСДП бул ирет өзүнүн визиттик карточкасы катары президенттин маалымат катчысы Жанарбек Акаевди №7 тизмеге киргизди. Ал эми “Бир Бол” партиясы тизмени баштоону саясатчы Мыктыбек Абдылдаевге ыйгарып, белгилүү укук коргоочу Чолпон Жакупованы тизмеге төртүнчү катарда кабыл алса, теле алып баруучу Лунара Мамытовага сегизинчи орунду ыйгарган. “Бир Бол” партиясынын маалымат катчысы Лунара Мамытова алдыңкы ондукка кирүү сунушу күтүүсүз болгонун айтты:

- Бул партиядагы бир дагы лидерди мен буга чейин тааныган эмесмин. Бул жакка маалымат катчысы болуп келгенден кийин эле мага ушундай сунуш түшүп калды. Бул жерде кандайдыр бир жеке тааныштык аркылуу же акча берип тизмеге кирүү деген болгон жок. Булар талапкердигимди тизмеге 8-орунга киргизүүдө менин коомдогу ордумду карашты окшойт. Журналист катары, алып баруучу катары кошкон салымымды карап, анан ушундай чечимге келишкен го деген ойдо калдым.

Ошол эле кезде көпчүлүк партиялардын алдыңкы ондугунда буга чейин коомчулукка анчейин белгисиз адамдар дагы бар. Алардын кандай чен-өлчөмдөр боюнча алдыңкы ондукка киргизилип, “алтын мандат” алууга кепилдик берилгени белгисиз. Бирок талдоочулар арасында мындай талапкерлер башкалардан айырмаланып, партияга ири каржылык салым кошкон капчыктуулар деген сөз бар. Мында талдоочулар көпчүлүк саясий партиялар алдыңкы ондукка абройлуу саясатчылар менен капчыгы калыңдарды айкалыштырууга аракеттенишкенин байкашкан. “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмесинде экинчи болуп катталган Исхак Масалиев анын акчасына эмес, саясий капиталына карап чакырылганын жашырбайт:

Исхак Масалиев

- Бул партияга мен конок катары чакырылган талапкер болуп жатам. Бул тизмеден менин ордумду чын эле “алтын” деп айтсаңар болот. Анткени мен акча берген жокмун. Мени бул жакка чакырганда мен тыйын чыгара албай турганымды айттым. Бирок партияга добуш алуу үчүн иштеп бере турганымды белгилегемин. Анан эми сиз айткандай жол менен “алтын мандат” алгысы келгендерди билбейт экем. Бирок мына ошондой “капчыктар” бардык эле партияларда бар экенин билем. Анткени шайлоо деген арзан болбойт. Бирок “Өнүгүү-Прогресс” партиясында тизмедеги биринчи орундан жетимишинчисине чейинкилердин бардыгы “добуш алып бере албасам ордумду бошотуп кетем” деп жазып беришти. Мен деле ошондой кагазга кол койгом.

“Бульдозерлордун” бурулуш ыкмасы

Партиялык тизмеде “алтын мандаттан” сырткары талапкерлерди алдына салып алып, сүрө турган “бульдозер” лидерлер да бар. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчи орун басары Икрамжан Илмиянов 50-тизмеде турса, “Кыргызстан” партиясынын тизмесинде Шаршенбек Абдыкеримов 58-орунду ээледи. “Республика - Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев тизмеде 41-орунда жайгашкан. Булардын башка талапкерлерден айырмасы тизменин артындагыларга ишеним берип, алдыга сүрөп туруу үчүн жасалган жаңы саясий технология дешет талдоочулар. “Республика – Ата-Журттун” теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов бул чара командалык духту бекемдөө үчүн киргизилгенин айтты:

Өмүрбек Бабанов

- Мына Камчыбек Кыдыршаевичтин 41-орунда турганы анын бизге ишенгени. Себеп дегенде, ал киши буюрса сөзсүз парламентке келет. Кудай сактасын, бул деген Бабанов эле тизмеде биринчи болуп, анан биз кырктан аз мандат алып кала турган болсок, Ташиев сыртта калат дегенди түшүндүрбөйт. Мында биздин команда биригип жатат. Бизде мисалы, Данияр Тербишалиев 98-орунда турат. Бул биздин талапкерлер бардыгы добуш алуу үчүн иштей турган партиянын күчтүүлүгүн көрсөтөт.

Ошол эле кезде көпчүлүк партиялар талапкер тизмеде канчанчы орунда турганына карабастан, алып келген добушуна карата мандат бериле турганын жарыялашкан. Бирок мыйзамга ылайык, курултайда бекитилген партиялык тизмени өзгөртүүгө жол берилбейт. Анткен менен партиялар бул маселени талапкерлерден алдын-ала арыз жаздырып, ант алуу менен чечүүгө аракет кылышууда.