Укуктар чектелсе да убадалар мурункудай

Конституцияда президенттин ыйгарым-укуктары бир топ чектелгенине карабай, азыркы үгүт өнөктүгүндө убадалар мурунку кездегидей берилип жатат.
Талапкерлердин программалары жана президенттик кызматтын ыйгарым-укуктары кандай?


Конституцияга шайкеш келбеген убадалар


Азыркы мезгилде Кыргызстандын президенти кызматы үчүн 22 талапкер ат салышууда. Алардын ичинен үч-төрт талапкердин 30-октябрдагы добуш берүүдө ийгиликке жетүүсүнө мүмкүнчүлүгү бар экени көпчүлүккө маалым болуп калды.
Айрым талапкерлер биринчи мамлекеттик башкарууну өзгөртүү менен президенттин ыйгарым-укуктарын кеңейтип, ошол аркылуу реформаларды жасайбыз деген ойдо...
Адил Турдукулов


Мына ошол үч жана башка талапкерлердин программаларына токтоло турган болсок, анда алар азыркы Конституция президентке берген ыйгарым-укуктарга көбүнчө туура келбейт. Талапкерлер жер-жерлердеги жолугушууларда да убадаларды азыркы Конституция берген ыйгарым-укуктарга ылайык эмес, Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин учурундагы Конституцияга ылайык берип жатканын байкоого болот.

Азыркы Конституция президенттин ыйгарым-укуктарын бир топ чектеген. Ал мурункудай социалдык-экономикалык, финансы, өндүрүш иштерине кийлигише албайт. Бирок мыйзамдуулукту камсыздоо, бюджеттик каражаттарды багытына жараша пайдаланууну көзөмөлдөө жана улуттук кызыкчылыкты сактоо, өлкөнү коргоо багытында ыйгарым-укуктары жетиштүү. Маселен, президент Башкы прокурорду, УКМКнын жетекчисин, Эсеп палатасынын жетекчилерин дайындоодо, сот системасын түзүүдө артыкчылыктарга ээ. Бул органдар аркылуу президент коррупцияны ооздуктап, мыйзамдуулукту камсыздоого мүмкүнчүлүк алат.

Программаларга токтоло турган болсок, Алмазбек Атамбаевдин “Саясий платформасы” сегиз пункттан туруп, өлкө турмушунун бардык негизги катмарларын камтууга аракет жасаган. Ошондой эле ар бир региондун өзгөчөлүгүнө жараша өнүгүү сунушталган.

Камчыбек Ташиевдин “Жети кадам” деген программасында саясий-экономикалык реформалар, социалдык коргоо, чакан шаарларды өнүктүрүү жана башка багыттагы кадамдар убада кылынган. Бул эки талапкердин программасында тең президенттин ыйгарым-укуктарын бекемдөө сунушталган.

Дагы бир талапкер Адахан Мадумаров да Конституцияны өзгөртүүнү жактап келатат. Ал өз программасында региондорду өзгөчөлүгүнө жараша өнүктүрүүнү, алсыздарга социалдык коргоону, мамлекетте тартипти орнотууну убада кылууда.

Кубатбек Байболов мамлекетте коопсуздукту камсыздоо аркылуу ишкерлерге шарт түзүүнү айтса, Кубанычбек Исабеков коррупционерлердин “өпкөсүн үзөөрүн” убада кылууда.


Конституция кайра өзгөрөбү?

Президент - саясий кызмат болуп калды. Аны эл түшүнбөй жатат. Талапкерлер ким президенттикти утса, келечекте күчтүү президенттикти кайра алып келебиз дегендей максатта баратат...
Эркин Абдыразаков


“Прогресс” фондунун жетекчиси Адил Турдукулов Кыргызстанда талапкерлердин программасына эмес, анын кимдигине көңүл бурулаарын айтып, келечекте Конституцияны өзгөртүү каралгандыктан программалар ошого жараша түзүлүп, убадалар берилүүдө дейт:

- Азыркы талапкерлер көбүнчө азыркы Конституцияга таянбай жатышат. Алар жаңы Конституция кабыл алыныш керек деген да ураан көтөрүп жатышпайбы. Мына ошонун негизинде убада берип жатышкандай. Булар биринчи мамлекеттик башкарууну өзгөртүп, президенттик ыйгарым-укуктарын кеңейтип, ошол аркылуу реформаларды жасайбыз деген ойдо болушууда.

Саясат таануучу Эркин Абдыразаков элдин көңүлүн буруу үчүн социалдык-экономикалык багыттагы убадалар берилип жатат деген пикирде:

- Менин жеке пикиримче, бул саясий өнөктүктө элдин көңүл өзүнө буруу, шайлоочулардын көбүрөөк добушун алуу үчүн экономикалык маселелерди аткарып берем дебесе эч ким ишенбейт. Экинчиден, президенттик кызматтын ыйгарым-укуктары Конституцияда чектелген. Премьер-министрдин макулдугусуз эч кандай маселе чече албайт. Күч органдарынын жетекчилигин дайындоого гана укугу бар. Калган маселеге киришпейт. Бул саясий кызмат болуп калды. Аны эл түшүнбөй жатат. Талапкерлер эмне үчүн жүгүрүп жатканын айтсак, ким президенттикти утса, келечекте күчтүү президенттикти кайра алып келебиз дегендей максатта баратат.

Президент Роза Отунбаева азыркы Конституциянын кемчиликтери бар экенин белгилеп, бирок аны өзгөртүүгө шашпоого чакырып келатат. Бирок дымагы күч саясатчылардын бирөөсүнүн президент болуп шайланып калышы, конституциялык өзгөрүүлөрдү тездетиши ыктымал. Анткени алар азыркы Конституция берген ыйгарым-укуктарга канааттанбай турганын эмитен эле билдиришүүдө.