ЕАЭБдин кучагы жана тузагы

ЕАЭБга кирген мамлекеттердин президенттери. Нур-Султан шаары. 29-май, 2019-жыл.

29-майда Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) беш жылдыгы Казакстандын борборунда белгиленип жатат.

Ага уюмдун мүчөсү катары Кыргызстан да чакырылып, өлкөнүн атынан барган президент Сооронбай Жээнбеков беш жылдыктын урматына орден тагынды. Кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн көпчүлүгү беш жыл ичинде ЕАЭБдин өлкө экономикасын көтөрүүгө салымы аз болгонун белгилешүүдө.

Жарыгынан көлөкөсү көбүрөөк...

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында 28-майда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Беларус президенти Александр Лукашенко Нурсултан Назарбаев ордени менен сыйланышты. Аларга бул орден «Евразия экономикалык интеграция идеясынын 25 жылдыгына, ошондой эле ЕАЭБдин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына байланыштуу жана Казакстан менен алаканы тереңдетүүгө кошкон салымы үчүн» ыйгарылды. Сыйлыкты Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев өзү тапшырды.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго Нурсултан Назарбаев атындагы орденди тапшырып жаткан учур. Нур-Султан шаары, 28-май, 2019-жыл.

Мурунку СССР аймагында ички интеграция же экономикалык аймак түзүү боюнча демилге Нурсултан Назарбаевге таандык. Демилгени Орусия биринчилерден колдоп, кийинчерээк Беларус менен Армения кошулган. Кыргызстан бул биримдикке 2015-жылы май айында толук укуктуу мүчө болуп кирген. Ошол кездеги вице-премьер-министр Олег Панкратов менен экономика министри Темир Сариев ЕАЭБдин артыкчылыктарын белгилеп, мындан Кыргызстандын экономикасы утуш гана аларын айтышкан. Темир Сариев парламент жыйынында «биримдикке мүчө болуу менен Кыргызстан өзүнүн товарларын 200 млн. керектөөчүсү бар базарга сата алат» деп ишендирүүгө аракеттенген жайы бар.

Бирок талдоочулар иш жүзүндө андай эмес экени өлкө биримдикке кирери менен эле байкалганын белгилешет. Орусия менен Казакстан көп учурларда Кыргызстандын этин, сүтүн, эт жана сүт азыктарын сатып алуудан караманча баш тартып, буга өлкөдөгү эпизоотикалык абалдын оң эмес экенин негиз кылышкан. Кийинчерээк Кыргызстандан барган мөмө-жемиш жана башка азык-түлүктөр да Казакстан менен Орусиянын чек арасынан ары өткөрүлбөй, кайтарылып же жок кылынганы тууралуу маалыматтар байма-бай айтылып келе жатат.

Мажбурланган интеграция

Экономикалык эксперт, бизнес-консультант Азамат Аттокуров - «Кыргызстан бул биримдикке мүчө болуп кириши керекпи же жокпу?» деген иликтөө жүргүзгөн эксперттик топтун мүчөсү. Бул эксперттик топ өлкөнүн биримдикке киришине каршы көз карашын билдирген. Азамат Аттокуров ЕАЭБ саясий максатта, Орусиянын кызыкчылыгы үчүн түзүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында Кыргызстандын биримдикке мүчө болуп киришине ириде Орусия менен Казакстандагы мигранттар маселеси түрткү берген.

«Бул туура эмес, - дейт ал. - Анткени экономика менен мигранттардын маселесин чаташтырбаш керек эле. Экинчиден, Кыргызстанда тигилген кийим-кечек Орусия менен Казакстанга сатылып келген, эгер кирбей койсок аларды таптакыр киргизбей коюшмак. Бирок азыр деле жеңил өнөр жай товарлары чала көмүскө түрүндө экспорт болуп жатканы белгилүү. Жалпылап айтканда колду кайрып туруп эле киргизип коюшту да, каалап кирген жокпуз. Азык-түлүктү экспорттоо боюнча башында эле белгилүү болгон, анткени бул биримдикке мүчө болгон өлкөлөрдүн баары тең агрардык өлкөлөр. Өздөрүнүн азык-түлүгүн кеңири сатыш үчүн алар каалаган учурда базарларын жаап салышат, кааласа киргизбей коюшат. Ал эми өздөрүнүн товарларын бизде кеңири сатып жатышат. Экспортто эч кандай өзгөрүү болбоптур. Тескерисинче, Кыргызстанда тигилген кийим-кече 2014-жылы эң көп сатылган экен. Мына, Өзбекстан биримдикке мүчө болбой туруп эле, Орусия менен Казакстанда соода алакасын кеңири жүргүзүп жатат».

Азамат Аттокуров ЕАЭБ жакынкы жылдары урай турган, келечеги жок уюм деп эсептейт.

«Кыргызстандын башка жолу жок эле»

Ишкерлер белгилегендей, Кыргызстан биримдикке мүчө болгондон бери импортун эле көбөйтпөсө, экспортун арбыта алган жок. Беларус менен Арменияны тек коелу, жакынкы Казакстанга да товарын жөндөп сата албаганын Улуттук статистика комитетинин маалыматынан көрүүгө болот. Мисалы, өлкө уюмга мүчө боло элек 2013-жылы Кыргызстандын Казакстанга жиберген экспортунун көлөмү 377 млн. доллар болсо, биримдикке мүчө болгон 2015-жылы 237 млн. долларга түшүп калган. 2018-жылы 247 млн. долларга гана көтөрүлгөн. Ал эми Казакстан Кыргызстанга 2013-жылы 558 млн. долларлык товар экспорттосо, 2018-жылы 502,1 млн. долларлык товар сатты. Бул Кыргызстандын былтыркы экспортунан эки эседен көп көрсөткүч. 2019-жылдын январь-март айында эле коңшулар Кыргызстанга 125 миллион долларлык товар экспорттоду.

Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсү. График Улуттук статистика комитетинин маалыматына негизделген. 2013-2018 жж.

Кыргызстан уюмга толук укуктуу мүчө болуп кирген 2015-жылдан берки аралыкта уюмдаш өнөктөштөрүнө товарларын сата албай келген учурлар арбын эле. Казакстан бир нече ирет чек арасын бир тараптуу жаап же оор жүк ташуучу автоунааларды текшерүүнү күчөткөн фактылар бар. Орусия да, Казакстан да муну көбүнчө Кыргызстандан товарлар аткезчилик жол менен кирип жатканына негиздеп келишет. 2017-жылдын октябрындагы кыргыз-казак чек арасындагы кризис учурунда, Евразия өкмөт аралык кеңешинин Еревандагы жыйынында Казакстандын ошол кездеги премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүү статистикасы кескин айырмаланарын, кыргыз тарап бажы көрсөткүчтөрүн азайтып жатканын айтып чыккан.

Экономикалык журналист Айданбек Акмат уулу Кыргызстан биримдикке кирбей коюшка аргасы жок эле деп эсептейт. Анын айтымында, күйүүчү май, газ тармагы толугу менен Орусияга көз каранды болчу.

Айданбек Акмат уулу.

«Бул тармактар Орусиянын монополиясында турат, - дейт ал. - Мындай шартта биз алардан кол үзүп, алардан башка рынокко чыкканга мүмкүнчүлүгүбүз жок эле. Ошол аймактагы 200 млн. керектөөчүсү бар базарларды пайдаланып, ага товар чыгаруу мүмкүнчүлүгү ачылган. Аны пайдалануу ишкерлер менен өкмөттүн аракетинен көз каранды. Бирок Кыргызстандын бажы төлөмдөрү ЕАЭБ төлөмдөрүнө теңелген соң биздеги базарлар транзиттик болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады».

Ошентсе да ЕАЭБдин Кыргызстанга пайдалуу жагы да болду. Биринчиден, мигранттарга жеңилдиктер берилди. Экинчиден, биримдиктин алкагында өлкөдө ЕАЭБ талаптарына жооп бере турган бажы бекеттери, Бишкекте жана Ошто лабораториялар курулууда. Жалпысынан Кыргызстанда биримдиктин талаптарына ылайык инфратүзүм куруш үчүн Орусия 200 млн. доллар бөлүүгө убада берген. Азырынча бул каражат кайда, эмнеге сарпталганы тууралуу так маалыматтар жок.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев уюмдун максаты, ага Кыргызстандын кошулушу туура болгонун белгиледи. Коммунист депутат Кыргызстан уюмдан ордун таппай, товарларын экспорттой албай жатканын өкмөттүн чабалдыгы менен байланыштырды:

Исхак Масалиев.

«Пайда алды. Мигранттардын жашоосу жеңилдеди, мурункудай коенго окшотуп көрүнгөн жерде кубалап кармабайт. Иш таап, иштөө да жеңил болуп калды. Лабораториялар курула баштады. Бул башталышы гана. Биздин товарлардын аймакка экспорттолбой жатканы - өкмөттүн күнөөсү. Бизде биримдик койгон талаптарды ишке ашыруунун ордуна улам министр алмашып, кол ийрисине тартып, «бажагейтке» кирип кеттик».

«Чоң үйдөгүлөр күлсө кичи үйдөгүлөр ырсаят»

Евразия Экономикалык Биримдиги - андан мурдараак түзүлгөн Бажы биримдигинин мураскери. Кыргызстанга караганда биримдикке эртерээк кирген казактардын да биримдикке таарынычы бар сыяктанат. Казакстандык экономист, серепчи Оразалы Сабден уюмга кирген өлкөлөрдүн макамы бирдей эмес деп эсептейт. Анын ою боюнча, биримдикте негизги чечүүчү ролду Орусия ойнойт.

Оразалы Сабден.

«Баарынын макамы бирдей болушу керек, - деди ал. - Азыр Орусиянын макамы чоң, добушу көп, ошондуктан, чечүүчү добуш да анда. Бизге кичүү, ини сыяктуу мамиле жоюлуп кеткен жок. Казактар да, кыргыздар да ушундан уттуруп жатабыз».

Евразия экономикалык мейкиндигин түзүү боюнча Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев демилге көтөргөн. Ал бул оюн Москва башын Батышка буруп турган 1990-жылдардын ортосунда президент Ельцин бийликте турган кезде эле алга түртүп жүргөн. Ошондуктан ЕАЭБдин түзүлүшүн Назарбаевдин да жеңиши деп айтууга да болот.

ЕАЭБди түзүү боюнча келишимге 2014-жылы 29-майда мурдагы Астана, азыркы Нур-Султан шаарында кол коюлган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.