Мамлекет башчысынын аймактарды өнүктүрүү боюнча коюп жаткан багыттары мурдагылардан эмнеси менен айырмаланат? Аларды ишке ашыруунун каржылык, мыйзамдык, кадрдык потенциалы барбы? Аймактык-административдик реформанын ишке ашпай жатышына эмне себеп болууда?
“Арай көз чарай” талкуусуна Нарын облусунун мурдагы губернатору Алмазбек Акматалиев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаев катышты.
Элетти өнүктүрүүгө акча керек
Элетти өнүктүрүүгө акча керек
“Азаттык”: Президент бүгүнкү жыйында аймактардын өнүгүүсүндөгү дисбаланс көп жылдардан бери жоюлган жок деди. Эгер абалыбыз ушундай болсо ага эмне тоскоол болуп келди, дисбалансты ким жаратып келген, болбосо мурдагы бийликтер тушунда деле аймактарды программалар болуп келди эле го?
Алмазбек Акматалиев: Президент өткөргөн жыйында чындыгында орчундуу ойлор айтылды. Негизги жети багытты, максаттарды белгиледи. Мурда деле элетти өнүктүрүү, аймактарды көтөрүү программалары болгон, жарыяланганы менен аны аткаруу борборлоштурулган боюнча калган. Алардын ишке ашпай калышынын экономикалык, саясий себептери көп. Көп аймактар өзүн-өзү бага албайт, ага кошумча көптөгөн социалдык объектилерди иштетүү керек.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү ыйгарым укуктарын да бербей коюшту. Мыйзамда болбосо да, дагы эле бийлик үстүрттөн ылдый болуш керек, деген ой жеңип келатат. Бардык маселе борбордон гана чечилип келатканы да кедергисин тийгизүүдө. Азыр өкмөттүн райондук жана облустук деңгээлдеги ыйгарым укуктуу өкүлдөрүндө ошол аймактагы маселелерди чечүүдө кичинекей да ыйгарым укугу, чөнтөгүндө бир тыйын акчасы жок.
Эл аймактардан жергиликтүү бийликтерге маселе койгондо байкасаңар акимдер “мен силердин айтканыңарды өкмөткө жеткизем”деп кутулуп кетип жатышат. Иштен жыйынтык чыгыш үчүн жергиликтүү бийликтерге мүмкүнчүлүк бериш керек. Мүмкүнчүлүк түзүп бербесе жоопкерчилик эч качан болбойт. Мүмкүнчүлүгүм болбосо элди алдайм, тил эмизем жүрө берем.
Дагы бир маселе. Азыр аябай ыңгайлуу шарт болуп турат, тезинен административдик-аймактык реформа жасаш керек. Кыргызстандагы бүгүнкү административдик система совет заманынан бери эч өзгөргөн жок. Мурда бир колхоздун негизинде бир сельсовет уюштурулса, колхоздор жоюлганда ал сельсоветтердин базасында айыл өкмөттөрү уюштурулган боюнча келатабыз. Аймактар деген ири-ири болуп, инвестиция тартканга кызыктыруучу жактары болуш керек. Антпесек аймактар өнүкпөйт.
“Азаттык”: Мамлекет башчы бюджеттик жана гранттык каражаттарды бөлүштүрүүдө субъективдүү мамилени жоюу керек деди. “Кол ийрисине тарткан” субъективдүү мамиле өкмөттөн, депутаттардан болот экен, андан кантип кутулабыз?
Курманбек Дыйканбаев: Жыйырма жети жылдан бери эмне үчүн аймактар өнүкпөй дисбаланс болуп келди? Буга мамлекет башында турган бийлик өзү күнөөлүү. Эмне үчүн бийликти борбордон алыстатуу болбой келди. Мурдагы башчылар өз бийлигин сактап калыш үчүн, акчаны борбордон бөлүштүрүп туруу ыңгайлуу болгондуктан реформага барышкан жок.
Биз кимди башкарып жатабыз, бир миллион элибиз сыртта жүрөт, эки миллион элибиз 18 жашка чейинкилер экен, 500 миңдин тегерегинде пенсионерлерибиз бар. Калган бир жарым миллион элге ушунча чоң башкаруу системасы керекпи? Же ушул система элге сапаттуу кызмат көрсөтүп жатабы? Аймактарда бюджет деген жок. Орус-кыргыз фондунан 250 миллион доллар берилди дешти, ошол акчанын көбү аймактарга барса жок дегенде 50-60 айыл өкмөтү өнүкмөк да. Аймактарга акча барган жок. Кредит, гранттардын көбү борбор жакта калып жатат.
Бизде аймактар ортосунда акчага байланышкан эле дисбаланс эмес, жашоо шарттын көп тармактары боюнча теңсиздик болууда. Ошол эле таза суу маселеси кайсы аймакта чечилди, кайсы аймакта калып кетти, карап көргүлөчү? Оорукчан адам гемиодиализ алыш үчүн ары-бери 500 километр жол жүрүш керекпи? Саламаттык сактоо министрлиги кайда карап отурат? Ушундай абал бардык министрликтерге тиешелүү, баары эле борбордо отуруп алып эле, “Таза коом” долбоорун ишке ашырып жатабыз деп отчет берип жатышат. “Таза коом” эмне экендигин эл билбейт, аларга жеткен жок.
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.