Өзбекстанга өтчү пансионаттардын келишими даяр

Кара-Ой айылындагы «Алтын-Жай» (мурдагы «Рохат-НБУ») пансионаты.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты Өзбекстанга кайрадан өткөрүүнү караган келишимди даярдады.

Келишимге ылайык, пансионаттардын имараттары Өзбекстандын менчиги катары таанылып, ал жер Кыргызстандын ээлигинде болот.

Бир жарым жыл мурда ал пансионаттарды мамлекетке өткөргөн мурдагы премьер-министр Темир Сариев 24 жылдан кийин Кыргызстандын менчигине өткөрүлгөн эс алуу жайларын кайрадан Өзбекстанга өткөрүп берүүнүн шарттарын сындап чыкты.

Анын айтымында, өкмөт ал эс алуу жайларын Кыргызстандын менчиги катары калтырып, бирок аларды узак мөөнөткө ижарага берүү боюнча сунуш киргизиши керек болчу.

Келишимдин шарттары

Өкмөт башчысы Сапар Исаковдун буйругуна ылайык Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берүүнүн шарттарын караган келишимди даярдап чыкты.

Ага ылайык, Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Бостери» (мурдагы “Алтын кум”), Кара-Ой айылындагы «Алтын-Жай» (мурдагы «Рохат-НБУ»), «Энесай» (мурдагы «Дилором») жана Тоңдун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндөгү «Бустон» пансионаттарына өзбек тараптын ээлиги таанылат. Өзбекстан тарап келишимдин шарты боюнча аларды өнүктүрүү үчүн инвестиция салууга милдеттенет.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бакытбек Мураталиев келишимдин шарттарын мындайча түшүндүрдү:

Бакытбек Мураталиев.

- Бүгүнкү күндө келишим даяр болуп калды. Ал азыр мамлекеттик ички макулдашуулардан өтүп жатат. Биз ага ылайык өзбек тарапка "пансионаттарды үч-төрт жылдыздуу кылып кайрадан курасыңар, эс алууга кабыл алуу жыл бою жүрүшү керек жана эмгек жамаатынын сексен пайызы жергиликтүү калктан болсун" деген талаптарды коюп жатабыз. Жерлери менчикке берилген жок. Ага өзүнчө ижара акысын төлөшөт. Болгону пансионаттардын имараттары гана менчикке берилди. Коңшулар менен жакшы мамиле түзсөк, ал жактан келген туристтер көбөйүп, жумуш орундары жана салыктардын өлчөмү дагы арбыйт. Эми биздин мамлекетте артыкбаш акча жок. Болбосо өзүбүз деле өнүктүрсөк болот эле.

Кайтарылган менчикти кайра берүү зарыл беле?

Кыргызстандын өкмөтү 24 жылдан бери Өзбекстандын карамагында болгон бул төрт пансионатты 2016-жылы 6-апрелде өзүнө өткөрүп алган болчу. Ал убакта чек арадагы курчуп кеткен кырдаалдан улам кыргыз-өзбек мамилеси начарлап кеткен.

Ошого байланыштуу ал пансионаттарды өткөрүп алуу боюнча 1992-жылдагы токтомду аткаруу боюнча чечим чыккан. Мурдагы "Алтын кум" деп аталган "Бостери" пансионаты Ташкенттеги авиациялык өнөр жай бирикмесинин карамагында болчу.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев мамлекетке өткөн ал мүлктү учурда кайрадан өткөрүп берүүгө укуктук негиз жок экенин айтып, өкмөт ал эс алуу жайларын узак мөөнөттүү ижарага берүү шарттарын сунуш кылса болмок деп эсептейт:

Темир Сариев.

- Өкмөт Өзбекстан менен сүйлөшкөндө "аны узак мөөнөткө ижара келишиминин негизинде берип жатабыз" деген сунуш менен чыкса, анда ага эч ким каршы деле болмок эмес. Ал эми бул мүлк биздин мамлекеттин ичинде турган эс алуу жайлары. Ага укуктук жактан доомат коюп, "аларды биздики" деп айтканга эч кандай негиз жок. Ал эс алуу жайлары биздин мамлекеттик менчик. Алар ошол эс алуу жайларын курууга кетирген чыгымдарын далилдеп бериши керек болчу. Бирок биздин өкмөт ал имараттарды толук менчикке өткөрүп бергенин туура эмес деп эсептейм. Анткени биз аларга кошуначылык кылабыз десек, шарттуу түрдө бир долларга болсо дагы чек коюп туруп, 45 жылга же 25 жылга ижарага беришибиз зарыл болчу. Ошентип биз өзүбүздүн менчигибизди тактап коюшубуз зарыл. Ушуга окшогон шалаакылыктан улам 24 жылдан бери биздин мамлекеттик менчик бизге өткөрүлүп, иретке салынбай келгендей болбошу керек эле.

Бул пансионаттар союз учурунда Ысык-Көлдүн жээгине курулуп, аны Өзбекстан пайдаланып келген. Алар 1992-жылы 9-октябрда бекитилген өкмөт аралык келишимге ылайык Кыргызстанга өтүүгө тийиш эле. Анткени ал макулдашуу боюнча союздук республикалар курган мүлк, объектилери кайсы жерде турса, ошол мамлекеттердин ээлиги катары таанылышы зарыл болчу. Андыктан 1992-жылы 16-декабрда ошол кездеги Жогорку Кеңеш ал эс алуу жайларын Кыргызстандын менчигине өткөрүп алуу боюнча токтом чыгарган. Бирок 24 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстан ал мүлкүн өткөрүп алууга шашкан эмес.

Экс-президенттин убадасы

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев 2016-жылы 18-мартта Өзбекстан Кыргызстандын Аксы районундагы Чала-Сарт аймагына аскерин алып кирген учурда ушул төрт пансионатты Кыргызстанга өткөрүп алуу маселесин көтөргөн болчу:

Кыргызстан мындан ары эч кимдин астында тизе бүгүп турбайт! Мен президент болуп турганда андай болбойт.

- Биз коңшулардын көзүн карап жатып, 25 жылдан бери кээ бир өзүбүздүн объектилерибизди өзүбүзгө ала албайбыз. Алар Кыргызстандын ичинде турса дагы! Алардын көзүн карап жатып көп жерлерибизден ажырап да калганбыз. Ошондуктан муну биз токтотушубуз керек. Кыргызстан мындан ары эч кимдин астында тизе бүгүп турбайт! Мен президент болуп турганда андай болбойт. Биздин мурунку чоңдор - Акаев болобу, Бакиев болобу - бүжүрөп, алардын айтканын кыла берип, көндүрүп коюшуптур. Андай болбошу керек эле да. Кыргызстан эгемендүү мамлекет. Ал өзүнүн жерлерин, өзүнүн объектилерин өзүнүн карамагына кайтарып алышы керек. Аны мен баштабасам ким баштайт?

Анткен менен жакында вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев парламентте экс-президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга иш сапары менен барган учурда ал төрт пансионат боюнча сүйлөшүү жүргөнүн мисал келтирген. Ага чейин расмий Ташкент Кыргызстандагы төрт пансионатты Өзбекстандын менчиги катары талашып, эл аралык арбитраждык сотко кайрылган. Бул маселени тынч жөнгө салууну сунуш кылып, макулдашуунун долбоорун парламентке алып келген вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев маселе тынчтык жолу менен чечилсе Өзбекстан эл аралык соттон өз арызын чакыртып аларын билдирген болчу.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өкмөт долбоорду шашылыш даярдап алып келип жатканын белгилеп, көптөгөн суроолордун башы ачык калып, аларды чечүүнүн жолдору быша элек экенин белгилешкен эле. Ошол эле кезде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилиги төрт пансионатты Өзбекстанга өткөзүп берүү боюнча жаңы келишим аны Кыргызстандын менчигине кабыл алуу боюнча өкмөттүн бир жарым жыл мурунку токтомун жокко чыгарбай турганын жарыялаган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өзбекстанга өтчү пансионаттардын абалы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​