Ал 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турганда туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү даярдоого керектелген бланктарды сатып алуу боюнча тендерге байланыштуу "мыйзамсыз протоколдук тапшырма берген" деп айыпталып жатат. Сарпашев өзүнүн күнөөсү жоктугун айтууда.
Буга чейин Кыргызстанда 2012-2013-жылдары төрөлгөн 40 миңдей баланын күбөлүгү жараксыз экени аныкталган. Документте “туулгандыгы тууралуу күбөлүк” деген жазуунун алдында майда тамгалар менен "нике күбөлүгү" деп ката жазылып калган.
Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге жана Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым жооптуу кызматкерлерине козголгон кылмыш иши боюнча кеңири түшүндүрмө таратты. Ага ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы 2013-жылы 28-мартта туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү даярдоодо керектелген бланктарды сатып алуу үчүн 8 миллион сомдук тендер өткөргөн. Ага "Т.П" деп аталышы кыскартылган жоопкерчилиги чектелген коом менен "У." деген ачык акционердик коом катышкан жана натыйжада жеке фирма уткан.
Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдрамановдун билдиришинче, тергеп-иликтөөдө Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматына тендерге байланыштуу мыйзамсыз протоколдук тапшырма бергени аныкталган:
- Каржы министрлиги мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге тендер өткөндүгү тууралуу кат жөнөткөн. Бирок Сарпашев ошого карабастан туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн бланктарын тендерден утпаган экинчи фирмадан сатып алуу тууралуу мыйзамасыз протоколдук тапшырма берген. Анын негизинде Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси тендерди жеңген компания менен келишим түзбөстөн, тескерисинче, тендерден жеңип чыккан компаниянын башкы директорун тендерден утулган компаниядан 40 миң нуска бланкты сатып алуу боюнча келишим түзүүгө мажбурлаган.
Паспорт мафиясын ким калкалайт?
Паспорт мафиясын ким калкалайт?
Кыргызстанда жасалма паспорт жасоо фактыларынын көбөйүшүнүн себеби эмнеде? Паспорт боюнча көз боёмочулукту кимдер, кантип ишке ашырып жүрүшөт? Соңку окуялар өлкөнүн эл аралык беделине, коопсуздугуна кандай таасир этиши мүмкүн?
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Мамлекеттик каттоо кызматынын жумушчу тобу 2015-жылы июнь айында бул бланктар жараксыз экенин аныктап чыккан. Тактап айтканда, документте "туулгандыгы тууралуу күбөлүк" деген жердин алдында микрошрифт, башкача айтканда, майда тамга менен "никелешүү тууралуу күбөлүк" деп жазылып калган. Бул бланктардын негизинде жалпысынан 2012-2013-жылы туулган 40 миң балага күбөлүк берилген. Жараксыз документтин айынан жүздөгөн адам жабыркаганын буга чейин "Азаттык" жазып чыккан. Балдары менен сыртка кетип бара жаткан жарандарга ушул документтин айынан учууга уруксат берилбей, аэропорттон кайра кайтууга аргасыз болгон учурлар катталган.
Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришинче, ушул күнгө чейин ката жазылган 40 миңге жакын бланктын 11 миң 690у гана алмаштырылды.
"Азаттык" радиосу Тайырбек Сарпашев менен байланышып, чырлуу тендер боюнча өзүнөн комментарий алды. Ал күнөөсү жоктугун, тергөө менен кызматташарын билдирди:
- Биринчи документтерди, ошол кезде кол койгондорумду тактайын. Алдын ала айтуу боюнча менде күнөө жок. Тергөө башталса мен аны менен кызматташам. Күнөөм жоктугун толук далилдейм. Эми тендер тууралуу айтсак, ошол кезде мыйзам боюнча "Учкун" мамлекеттик буйрутмаларды тендерсиз алат деген токтом бар болчу. Ошонун айланасында суроолор пайда болду. Мен алардын баарына орду-орду менен жооп бергенге, коюп койгонго даярмын.
Тендер боюнча чырда аты аталган "Учкун" басмаканасын ошол кезде азыр Жогорку Кеңеште Социал-демократтар фракциясынан депутат болгон Рыскелди Момбеков жетектеп турган. Ал тендер боюнча мындайча түшүндүрмө берди:
- 2013-жылы ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев атайын токтом чыгарган. Ал токтомго ылайык "Учкун" акционердик коому мамлекеттик ишканалардын тизмесине кирген. Тендери жок эле сатып ала турган отузга жакын мамлекеттик ишкана болгон. "Учкун" ошого киргизилген. Кийин 2014-жылы дагы ушуга окшош эле жекелештирилген документтер боюнча токтом чыккан. Ага ошол кездеги өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койгон. Бирок ушул эки документ тең 2015-жылы Темир Сариевдин тушунда күчүн жоготту. Тайырбек Сарпашевдин бул жерде канчалык күнөөсү бар-жогун тергөө аныктасын. Менин жеке пикиримде Сарпашев бир дагы пайда көргөн жок. Тескерисинче, мамлекет пайда көргөн.
Рыскелди Момбеков 40 миң бланктын кантип ката жазылып калганы боюнча да айтып берди. Ал мындай техникалык катаны "Учкун" басмаканасы кетиргенин бышыктады:
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүк да, нике тууралуу күбөлүк да бир эле технология менен жасалат. Ошондо нике тууралуу күбөлүктүн микрошрифтинин программасы өчүрүлбөй тигил жакка кирип калган. Анткени экөөнүн формасы бирдей. Сегиз миң нике тууралуу күбөлүк, ал эми туулгандыгы тууралуу 40 миң күбөлүк даярдалган. "Учкун" басмаканасында иштеген кызматкерлерден, дизайнерден ката кетип калган. Алмаштырбай койгон. Качан гана бул билинип калгандан кийин жараксыз күбөлүктөр чыккандан соң алмаштырып берилген.
Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кызматынан ушул жылдын февраль айында убактылуу четтетилген. Буга мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык Бишкек шаарындагы бир гектар жердин сатылып кетиши боюнча козголгон кылмыш иши негиз болгон. Сарпашев бул иште дагы анын күнөөсү жоктугун айтып келет. Жердин сатылышын мекемелер аралык комиссия да иликтеп жатат.