Бул кылмыш ишинин негизинде буга чейин "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы жетекчиси Айбек Калиев баштаган бир катар аткаминерлер камалып, дагы бир топтору суракка чакырылган болчу.
26-апрелде Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) эки сааттай болду. Чыккандан кийин ал Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу чакырылганын ырастады. Исаков "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы жетекчиси Айбек Калиев ага каршы көрсөтмө бергени тууралуу маалыматты жокко чыгарып, мындан башка комментарий берүүдөн баш тартты.
- Ал жерде баары туура. Эч кандай маселе жок. Баары жакшы, баары жайында. Сарсанаа болбогула. ТЭЦ боюнча чакырышты. Көрсө, мен президенттик аппаратта иштеп турган маал боюнча кайсы бир суроолор болгон экен. Чынында ал жерде эч кандай маселе жок. "Айбек Калиев мага каршы көрсөтмө берген" деген болбогон кеп. Мен муну дароо эле жокко чыгарам. Суракка чакырылганымды "Фейсбуктагы" баракчама коомчулук билсин деп жаздым. Бул жерде сыр болбошу керек. Мен мунун баары текшерилиши керек, баары туура деп ойлойм. Коомчулук бардык жагдайларды билиши керек.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкек ЖЭБин модернизациялоону жана ага кеткен каражатты иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиядагы "Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын маалыматына караганда, комиссиянын корутундусунда "жоопкерчилиги каралсын" деген адамдардын арасында Сапар Исаков да бар. Ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда ЖЭБди оңдогон "кытайлык TBEA компаниясын колдогула" деген мазмунда жашыруун тилкат жөнөткөн.
“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”
“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”
Ошто бир канча жылдан бери бажы тармагын жетектеп турган Матраимов тууралуу түрдүү уу-дуу кеп көп.
Ал арада Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, "Райым миллион" деген каймана ат менен таанымал Райымбек Матраимов "негизсиз иштен алды" деп айыптап, Сапар Исаковду сотко бергени маалым болду. Бул тууралуу мурдагы бажычынын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов “Азаттыкка” билдирди:
- Инимди 23-ноябрда жумуштан алганда биз эч нерсени түшүнбөй калдык. Бул биз үчүн күтүүсүз болгон. Мен ошол замат премьер-министр Сапар Исаковго кирип, жөн-жайын сурагам. Исаков "экс-президент Алмазбек Атамбаев “кызматтан бошот" деп айтты, ошондуктан мен иштен алдым” деди. Атамбаев кийин басма сөз жыйынында өзү деле “Матраимовду бошот" деп мен айткам” деди го. Бул маселеде дагы башка жагдайлар бар, алар кийин ачыкка чыгат. Ошондуктан иним Райымбек Сапар Жумакадыровичти сотко берди. Сотко бергенин мен да колдойм, ал өзүнүн актыгын далилдеши керек. Анын сотко кайрылгандагы максаты кызматка кайра келиш эмес, күнөөсүз жумуштан алынганын тастыктоо.
Сапар Исаков Райымбек Матраимовдун сотко бергени тууралуу кандайдыр бир пикир айтуудан баш тартты.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Элдик сакчы" уюмунун жетекчиси, мамлекеттик "Дан" ишканасынын башкы директору Алга Кылычев Сапар Исаковго ЖЭБ боюнча доомат коюуга негиз жок деп эсептейт. Ал ошондой эле Райымбек Матраимов боюнча айтылган маалыматтарды текшерүүнү, анын жоопкерчилигин кароону талап кылып чыгаарын айтты:
- Сапар мырза коррупциялык иштерге барбайт. Ортодон кимдир-бирөөлөр уурдаса, ошондой фактылар чыкса, алар сөзсүз жоопко тартылышы керек. "Райым миллион" Сапар Исаковду сотко бергени тууралуу сурабадыңызбы. Бул жерде фактылар өзү эле айтылып турат. "Райым миллионду" кызматтан алгандан кийин бир айдан кийин эле Оштун бир кичинекей эле жеринен, бажыдан миллиондор уурдалганын коомчулук баарыбыз билебиз. Керек болсо бюджетке кирген акча дагы кайра чыгып кеткен фактылар болуп жатат. Мен өзүм демилге көтөрүп топ түзүп жатам. Биз бажыдагы фактылар акыйкат иликтенишин талап кылып, "Райым миллионду" жоопко тартыш үчүн сотко берүүгө даярданып жатабыз. Сиздер менин айтканымды саясатташтырбагыла. Биз, "Бириккен элдик кошуун" президент Сооронбай Жээнбековду колдойбуз. "Акаевдин, Бакиевдин табагынан ичкендер, акырына жем жегендер бүгүнкү күнү коомду дүрбөлөңгө салып, чабыштырайын деп жатат" деген ойлор келип жатат.
Талдоочу Бакыт Бакетаев Сапар Исаковдун суракка чакырылышын демократиялык коомго мүнөздүү көрүнүш деп эсептейт:
- Буга таң калбаш керек. Биз ушундай саясий деңгээлге жеттик. УКМК "ЖЭБдин аки-чүкүсүн тактайлы, маалыматы чогулталы" деп аны чакырып жатат. Биз буга 25 жылдан бери эле келе жатпайбызбы. Демократиялуу мамлекеттерде президенттер, премьер-министрлер, бардыгы эле чакырыла берет. Саясаты жок эч нерсе жок. Демократиялуу мамлекеттерде бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Мурун болсо мындай чоңдор чакырылчу эмес.
Сапар Исаков баштаган өкмөт 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишенбестик көрсөткөндөн кийин иштен кеткен. Анда "Сапар Исаков азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен саясий тирешке барды" деген доомат айтылган. Исаков болсо парламентти "саясий өлүккө" айланды деп айыптаган эле.