ИИМ соттогу өрттүн изин абактан тапты

ИИМ соткө өрт коюуга камакта жаткан Абдулла Юсупов буйрук бергенин айтып чыкты.

Чүй облустук сотто каралып жаткан материалдарды уурдаган жана аларга көмөктөшкөн деп шектелгендер кармалды.

Ички иштер министрлиги кармалгандарга ошол кылмыш иш боюнча айыпталып жаткан Абдулла Юсупов менен Абдували Акжолов буйрутма бергени аныкталды деп билдирди.

Чүй облустук соту Юсупов менен Акжоловго мурунку муфтий, раматылык Мураталы ажы Жумановду акча өңдүрүү максатында барымтага алган, “Манас” аэропортунун кызматкерин карактаган деген айып менен козголгон кылмыш ишти карап жаткан. Юсупов апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча азыр түрмөдө отурат. Милициянын отставкадагы полковниги Акжолов жакында эле ири өлчөмдөгү маңзат менен колго түшкөн.

Милициянын маалыматы боюнча, Чүй облустук соттун судьясы Азамат Жумагуловдун кабинетин өрттөп, карап жаткан ишин уурдаган жана аларга көмөктөшкөн деген шек менен төрт адам камалды. Кармалгандардын биринин үйүнүн дааратканасынан судьянын сумкасы табылды жана анда жоголгон соттук материалдар толугу менен болгон.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев кылмышка шектүүлөр аларга Абдулла Юсупов менен Абдували Акжолов буйрутма бергенин жана бул кызматы үчүн 20 миң сом алышканын айтып көрсөтмө беришкенин “Азаттыкка” маалымдады. Иликтөөнүн учурунда алардын байланышы аныкталды жана далил буюмдар алынганын билдирди:

- Баары кармалды. Далил буюмдардын баары алынды. Ким аткарганы, ким аларга буйрутма бергени аныкталды. Баарынын, камерада отургандардын да телефондору алынды. Азыр тергеп-иликтөө уланып жатат.

Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын жетекчилигине чейин көтөрүлгөн полковник Абдували Акжолов 2011-жылы августта камакка алынган жана кийинчирээк үй камагына чыккан. Ага 2010-жылы 21-апрелде ошол кездеги муфтий Мураталы ажы Жумановду чоң суммадагы акча өндүрүү максатында барымтага алган жана “Манас” аба майданынын кызматкери Владимир Тянды карактаган кылмыштуу топтун башчысы болгон деген айып тагылган.

Абдувалиев болсо күнөөсү жок экенин айтып келет. Анын адвокаты Аваз Мамбетакуновдун билдиришинче, бул иш боюнча райондук сот Акжоловду 12, ал эми Абдулла Юсуповду 16 жылга кескен. Айыпталган тарап Чүй облустук сотуна доо арыз менен кайрылган:

- Ушундай иш материалдар жоголду деп, анан кайра табылды деп жалпыга маалымдоо каражаттарынан уктук. Иш облустук сотто каралып жаткан, бүтө элек. Ошонун негизинде райондук соттун өкүмү күчүндө калмак, же жокко чыгарылмак. Бул иш боюнча райондук сот айыптоочуларга ар кандай жаза чектеген.

Абдували Акжоловго ылым санагандардын бири, Оштогу “Өчпөс от” деген коомдук бирикменин төрагасы Жаанбай Дадиев түрмөдө жаткан адамдардын буйрутмасы менен соттогу материалдар уурдалды дегенди акылга сыйбай турган шылтоо деп атады:

- Өмүрү саясатка аралашпаган кыргыздын жоокер баласы болчу. Мен Абдулла Юсупов дегенди өмүрүмдө көргөн эмесмин, кандай адам экенин да билбейм. Акжолов өзү ур-тепкиден ооруп, оор абалда жатса анан Юсупов менен Чүй облустук сотунда маанилүү материалдарды уурдатты дегенге такыр ишенбейм. Түрмөдө отуруп алып соттогу материалдарды уурдата берсе, түрмөдө отуруп алып адам өлтүртө берсе, биз анда эмне деген мамлекетпиз? Бул акылга сыйбай турган шылтоо.

Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча доомат айтылып келген “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынын бири Туратбек Мадылбеков бул иштин артында мародерчулук темасын козгоо жана каралоо турат деген пикирин билдирди. Мурунку ички иштер министри Зарылбек Рысалиев менен Абдулла Юсуповдун байланышын белгиледи:

- Бул ишти уюштургандар, иш уурдалса соттолбой калабыз дегендер Акжолов менен эле Юсупов. Булардын кара пиарлары ишке ашпай калды. Шайлоо алдында кандайдыр бир кара пиар керек болуп, “оюндарды” чыгарып, Рысалиев да башын кылтыйтып жатпайбы.

Чүй облустук сотунун судьясы Азамат Жумагуловдун иш бөлмөсүндө 30-июлда таңга маал өрт чыккан. Мурунку ички иштер министри, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев мародерчулук боюнча иш уурдалганын жана аны “Ата Мекен” партиясы өзү уюштурушу мүмкүн деп айтып чыккан. Буга байланыштуу “атамекенчилер” азыр Рысалиев менен соттошкону жатат.

Эмнеси болсо да соңку бул окуялар түрдүү бүдөмүк ойлорду, жоромолдорду жаратты.