Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Карганбек Самаковдун жерине байланыштуу козголгон кылмыш ишинде Игорь Чудиновду "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыптуу деп тапкан жана беш миллион сом айыппул салган райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту 1-июнда күчүндө калтырды.
Игорь Чудинов БШК чечимди шашылыш кабыл алганын, кылмыш иши негизсиз козголгонун, күнөөсү жоктугун айтып жатат.
БШКнын чечими тууралуу Игорь Чудинов "Азаттыкка" комментарий берди. Ал чечим "кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн шашылыш кабыл алынганын" айтты:
- Алар мени да, адвокатымды да чакырышкан жок. Мага БШКнын аракети таптакыр түшүнүксүз. Анткени мындай иштерди кароого 30 күн убакыт берилет. Алар болсо соттун чечими келген күнү эле карап коюшту. Мселенин мындай шашылыш каралышын аларды кимдир-бирөөлөр менин парламенттен тезирээк чыгышыма кызыктырганы менен эле түшүндүрсө болот. Бул ачык эле көрүнүп турбайбы.
БШК мындай дооматты четке кагып жатат. Мекеменин төрагасынын орун басары Абдыжапар Бегматов чечим мыйзам чегинде кабыл алынды деп эсептейт:
- Соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенине он күндөн ашып калды. Бизге шейшемби күнү соттон өкүм тиркелген сунуш кат келди. Биз аны бейшемби күнү карадык. Сот өкүмүнүн күчүнө кириши депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга негиз болот. Муну биз бир айдан ашырбай туруп карашыбыз керек.
Игорь Чудинов соттун өкүмү тууралуу да пикирин айтты. Ал Бишкек шаардык сотунун чечимин мыйзамсыз деп баалап, Жогорку сотко даттана турганын билдирди:
- Бул жерде кеминде эки мыйзам - "Өкмөт жөнүндө" мыйзам жана Конституция бузулуп жатат. Эки мыйзамда тең "өкмөт - коллегиялуу орган, өкмөт кабыл алган чечимге премьер-министр эмес, өкмөт жооп берет" деп жазылып турат. Ошол учурда чечимге өкмөттүн 15 мүчөсү тең макул болгон. Бирок мени менен Искендербек Айдаралиевди гана тандап жоопко тартып коюшту. Сот үч жыл болду, андан бери башка өкмөт мүчөлөрү суракка да чакырылган жок. "Карганбек Самаков Жаныш Бакиев менен байланышта болгон" деп айтып жатышат. Кечирип койгула, анда аны ушул боюнча соттогула да? Бул жерде трансформациянын кандай тиешеси бар? Ал жерде мамлекеттин бир гектар да жери жок, баары менчик болгон, жарандар өз жерин трансформациялап берүүнү суранышкан. Ал убакта мораторий жок болчу. Мен соттун чечимине макул эмесмин, сөзсүз арызданам.
Иштин башы
Башкы прокуратура Чүйдүн Аламүдүн районундагы Карганбек Самаковго таандык экени айтылган жерлер боюнча 2015-жылы май айында кылмыш ишин козгогон. Анда ага "260 гектар жерди 2008-жылы мыйзамсыз трансформациялатып алган" деген айып тагылган. Бул кылмыш иши боюнча ошол жылдары өкмөт башчы болуп турган Игорь Чудиновго, вице-премьер-министр кызматында турган Искендербек Айдаралиевге да айып тагылган.
2015-жылы сентябрь айында өкмөт өзүнүн 260 гектар жерди айыл чарба багытындагы жер кылып өзгөртүп, турак жай курууга макул берүү тууралуу 2008-жылдагы чечимин жокко чыгарган. Ошол учурда Игорь Чудинов "Бир Бол" партиясынын тизмесинде үчүнчү болуп, Искендербек Айдаралиев "Замандаш" партиясы менен шайлоого бараткан. Башкы прокуратура экөөнү жоопко тартыш үчүн БШКдан уруксат сураган, бирок анда макулдук ала алган эмес.
Коомдук иликтөөлөр институтунун башчысы, жарандык активист Рита Карасартованын пикиринде, Кыргызстанда жерди трансформациялоо маселелери таасирлүү аткаминерлердин кийлигишүүсү жок ишке ашпайт жана баюунун бир ыкмасына айланган:
- Трансформация тууралуу чечимди өкмөт чыгарат, ошолор кол коет. Жерди трансформациялоо акча табуунун бир ыкмасы экени баарына эле белгилүү. Карапайым эл эч качан өзүнүн жерин трансформация кыла албайт. Дайыма эле "жок дегенде бир аз акча колума тийип калса экен" деп ушинтип чоңдорго сатканга кызыкчылыгы болот. Чоңдор сатып алып, тааныштарынын, тууган-уруктарынын жардамы менен жерди трансформациялап алгандан кийин айыл чарба багытындагы жер болуп турганда бир баа, үй сала турган жер болгондон кийин таптакыр башка баа болот. Анан жер сатып ушинтип байышат.
Игорь Чудиновдун аты былтыр козголгон дагы бир кылмыш ишинде аталган. Туура бир жыл мурун Башкы прокуратура Игорь Чудиновго жана анын фракциялашы, мурдагы экономика министри Акылбек Жапаровго, мурдагы айыл чарба министрлери Чыңгызбек Узакбаев менен Таалайбек Айдаралиевге "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Аларга "өкмөттү башкарып турган учурда өз жакындарына таандык ишканага мыйзамды бузуу менен мамлекеттен ссуда алып, аны төлөбөй жүргөн" деген кине коюлган.
Жапаров менен Чудиновго иш козголду
Тактап айтканда, тергөөнүн материалдарында "2009-2015-жылдар аралыгында бюджеттик ссудалардын эсебинен Чүй облусундагы Ысык-Ата районунда жайгашкан “Машина сыноочу станциясы” акционердик коомуна 200 миллион сомдун мыйзамсыз берилгени жана максатсыз колдонгону аныкталды" деп айтылган.
УКМК 2009-жылы ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудиновдун буйругу менен Экономиканы өнүктүрүү фондунан "Машина сыноочу станцияга" 200 миллион сом насыя бөлүнгөнүн билдирген. Атайын кызмат ошол учурда ишкананын акцияларына Игорь Чудиновдун кайненеси менен ошол кездеги экономика министри Акылбек Жапаровдун жубайы ээлик кылып турганын маалымдаган.
Келишим боюнча бул ишкана мамлекеттен бөлүнгөн насыяны 2012-жылы кайтарып бериши керек болчу. Бирок Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү фонду ал насыяны төлөө мөөнөтүн эки жолу мыйзамсыз узартканы ачыкка чыккан.
Бул кылмыш ишинде аты-жөнү аталган адамдар айыптардын баарын четке кагышкан. УКМК болсо бул кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшү жана анын жыйынтыгы тууралуу ушул күнгө чейин комментарий бере элек.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Бишкектин түштүк аймагындагы республикалык административдик-маданий-иш борбор курулат делген 187 гектар жердин чоо-жайын иликтеди.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.