Кадрлардан каржалган өкмөт

Жогорку Кеңештин имараты.

Кыргызстандын президенти менен премьер-министринин акыркы убактардагы кадрдык дайындоолору да көп талкуу жаратууда.

Өлкө экономикасынын маанилүү тармактарына татыктуу жетекчилер келдиби? Кызматка дайындоодо тармакка тиешелүүлүгү, кесипкөйлүгү эске алынып жатабы? Аймактык, кландык, туугандык кызыкчылыктар дагы эле улануудабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна мурдагы вице-премьер-министр Тынычбек Табылдиев жана “Жаңы муун” саясий кыймылынын тең төрагасы Айбек Мырза катышты.

“Азаттык”: Раматылык Сталиндин “кадрлар баарын чечет” деген учкул сөзү кайсы саясий система болбосун калетсиз экенин тастыктап келатат. Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Абылгазиевдин өзгөчө экономикалык тармактагы акыркы кадрдык дайындоолору сапаттык жактан оңолду десек болобу?

Бизде эл, коом билбейт, бийликтегилер өздөрү билген, ишенген адамдарды кызматка дайындашат.

Тынычбек Табылдиев: Сталинден сөз баштадыңыз, мен Кытайдын жол башчысы Дэн Сяопинден улантайын. Ал “кара мышыкпы, ак мышыкпы - чычкан кармаса болду” деп айткан. Анын сөзүнүн маңызы - "кандай кызмат болсо да колунан иш келген, тажрыйбалуу адис болсун" деп жатат.

Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө өкмөттү түзүү окшош эле стандарт десек болот. Чет өлкөлөрдө көп акылдуу адамдар “коомду минтип өзгөртөм” деп ойлорун айтып турат. Анан аларга ишенген эл “ушуну шайласак өнүгөбүз” деп добуш беришет. Ал жакта эл билген адамдар бийликке келишет. Бизде болсо эл, коом билбейт, бийликтегилер өздөрү билген, ишенген адамдарды кызматка дайындашат.

Кыргызстанда бул боюнча система жок. Кадрларды окутуунун, тарбиялоонун, даярдоонун, дайындоонун системасы болуш керек. Ар бир мамлекеттик органда кадрлардын резерви болушу зарыл. Азыр ал тармакта бир күн иштебеген адамдар жетекчи болуп келип жатпайбы. Мисалы, кечээ Экотехинспекцияга ошондой кишини жетекчи кылып дайындашты. Ал жетекчи ар тармакты качан, кантип түшүнөт? Ал үчүн убакыт керек. Ал тармакка адис керек эле. Саламаттык сактоо министрлигине да кафедра башчылыгынан министрликке алып келгени түшүнүксүз. Министр деген чоң менеджер, чоң саясатчы адам болуш керек.

Айбек Мырза.

Айбек Мырза: Мен да жаңы дайындоолордон өзгөрүүгө умтулууну, энергияны, жигерди, идеяларды, реформалык багыттарды байкаган жокмун. Элдин купулуна толуп, үмүтүн жандыра алган жок. Бир күндө өкмөттү кетирип, бир суткада жаңы өкмөттү кураганда: “Баягылар эле келген турбайсыңарбы?” деп парламенттен катуу сын укту го.

"Коомду өзгөртөм" деп айтып жүргөндөрдөн эч ким келген жок, жаңы жүздөр келсе гана коомдо ишеним жаралмак. Мисалы, экономика министри болгон Олег Панкратов мурдагы өкмөттө эле иштеп кетти эле. Мурда иштеген иши боюнча элдин оозуна алынды беле? Жок. Аны кандай максат менен алып келип жатканы түшүнүксүз. Дегеле дайындалган кадрлар кандай критерийлер менен тандалып алынганын айта албай коюшту го?

“Азаттык”: Мурдагы өкмөттөрдө ишеним көрсөтүлбөгөн Панкратовдун кайрадан өлкө экономикасын жетектөөгө алып келгенине эмне себеп болду деп ойлойсуз? Мыйзамга каршы келгенине карабай, орус тилдүү кадрлардан министр коюу Москва менен айласыз эсептешүү десек болобу?

Тынычбек Табылдиев.

Тынычбек Табылдиев: Башка тармакты айтпасак да экономика министри Кыргызстандын төрт тарабын беш колдой билиши керек. Эл аралык экономикалык уюмдарда Кыргызстан утулуп жатпайбы. Себеби, кадрлардын начардыгынан улам өзүбүздүн кызыкчылыктарды коргой алган эмеспиз. Былтыркы Казакстан менен болгон чек арада түзүлгөн оор кырдаал муну көрсөттү.

Кадр дайындоодо сырткы факторлордун таасири бар, баягы эски адат уланып келе жатат. "Алардын өкүлдөрүнөн дайындап койсок эле көп мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланабыз" деп ойлошот. Тескерисинче: "Өзүбүздө кандай мүмкүнчүлүктөр бар? Ошону пайдаланбайлыбы?" деген саясат жок. "Алардын айтканын жасай берели, сунуш кылган уюмуна кире берели" деп келатабыз. Негизинен "башка улуттардан да кадрлар иштесин" деген саясат туура, бирок алар кесипкөй, тажрыйбалуу болушу керек да?

Айбек Мырза: Кадрларды дайындоодо мурдагы ишинде жыйынтык чыгарганы үчүн эмес, өзү ишенген адамды алып келүү мурдагы президент учурунда көп болбодубу. Шоопуру, жансакчысы, катчы кызы мамлекеттик кызматта бир күн да иштешпесе, эч тажрыйбасы болбосо да кандай чоң кызматтарга көтөрүлүштү?

Азыркы өкмөт башчынын Мамлекеттик салык кызматына башка тармактан өзүнө ишенген кишисин алып келип жатканы - ошол өнөкөттүн уландысы десек болот. Ошол эле системада жакшы иштеген, жамаатта кадыр-баркы бар мыкты кадрды койсо болот беле? Бизге тескерисинче, тааныш-билиш, тууган-кландык кызыкчылыктар уланып келе жатат...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кадрлардан каржалган өкмөт

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.