Житкен активдерди Сатыбалдиевдин "аткан огу" табабы?

Жантөрө Сатыбалдиев, Кыргызстандын премьер-министри

Өкмөт Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтаруу максатын койду. Башкы прокуратура жана Финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызмат өлкө эгемендүүлүк алгандан бери сыртка чыгарылган активдерди кыска мөөнөттө тактап, аларды кайтаруу боюнча чараларды көрүш керектиги өкмөттүн атайын токтомунда көрсөтүлдү.
Өкмөт Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтарууга жана аларды чыгарууга тиешеси бар адамдарды аныктоого киришет. Башкы прокуратура менен Финансылык чалгындоо кызматы быйылкы жылдын 1-декабрына чейин тактоо иштерин жүргүзүп, Бириккен улуттар уюму, Дүйнөлүк банк жана башка эл аралык уюмдардын жардамы менен активдерди кайтарууга тийиштүү чараларды көрүш керек.

Ал эми Улуттук коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлиги бул ишке кол кабыш кылууга тийиш. Алар чет өлкөлөрдөгү коллегалары мынен тыгыз кызматташып, шектүү кишилерди издөөдө Интерпол, Европол жана башка эл аралык органдардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланат.

Кыргызстандын Финансылык чалгындоо кызматынын басма сөз катчысы Бердибай Саматов Кыргызстандан чыгарылган активдер боюнча иштер жүрүп келген дейт:

- Ал боюнча иш жүрүп жатат. Мурунтан эле жүрүп жаткан.

Саматовдун айтымында, алардын ачыкка чыгарылбашы мыйзам талаптарына жараша болуп келген. Маселен, банк иштеринин купуялыгы боюнча мыйзам бар.

Бирок коомчулукта өкмөттүн аракетинен натыйжа чыгарына күмөн арбын. Анткени азыркы кездеги коррупция, кирешелүү ишкана, объекттердин пайдасын мамлекеттин казынасына бурууга күчү жетпеген өкмөт эски иштерди кантип түбүнө жетет деген суроо жаралбай койбойт.

Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов активдерди кайтаруу мүмкүнчүлүгү көбүнчө күчтүү мамлекеттерде болорун белгилейт. Ал эми кыргыз өкмөтүнүн аракетинен натыйжа чыгары күмөн дейт:

- Бул тилеке каршы жөн эле популисттик чечим болуп жатат. Аны аткарганга бүгүнкү күнү мүмкүнчүлүк жок. Ал эмес киши өлтүргөн Бакиевдерди чыгара албай жатпайбы. А бул жерде финансылык иштер турат. Биринчиден, далилдөөчү жүйөөлөрү жок. Дегеле мындай иштерди жасаганда адегенде ошондой иштердин бетин ачып, андан кийин мындай чара көрөбүз деп элге жарыялайт. Эчтеке ачпай туруп, чара көрүш керек деген дагы эле баягы популизм болуп жатат.

Мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров бул ишти өкмөт аткара алышына ишенбейт. Анын айтымында, бул ишти аткаруу үчүн көз карандысыз адамдар кирген мамлекеттик комиссия түзүлүп, ал чыгарылган активдерди санап, тактап чыккандан кийин тийиштүү органдар иш жүргүзүүгө тийиш. Активдерди саноодо мурунку президенттер жана алардын жакындары чыгарган дүнүйөлөр биринчи кезекте эсепке алыныш керек.

Активдерди кайтаруу Акаевдын мезгилинде чыгарылган 2 тонна алтынды кайтаруудан башталыш керек дейт Бекназаров:

- Ал алтын Щвейцариянын банкында турат. Аны кайтарса болот. Бул бир мисал. Андан башка Нанаев Кыргызстанга которбой, ошояка которуп койгон 4 млн. доллар бар. Аны кайтарса болот. Андан башка бизге келе турган көп нерселер келбей калган. Мисалы үчүн, түрк банкынан “Ак кемеге” келе турган 11 млн. доллар келбей калган. Ага иш козголуп, Кыргызстанга акча келбегени сот тарабынан далилденген. Ушуга окшогон нерселерди иштеп чыкса болот. Абдан көп...

Кыргызстан коррупцияга каршы эл аралык уюмдардын мүмкүнчүлүгүн бир да жолу пайдалана элек. Ошондуктан бул багытта натыйжалуу иш жүргүзүүгө болот, деп кошумчалады Бекназаров.