"Манастагы" күйүүчү май коррупциясы күчүндөбү?

АКШнын "Манастагы" Транзиттик борборундагы учактар.

"Манас" аба майданындагы АКШнын транзиттик борборуна күйүүчү май ташууда коррупциялык схемалар дале сакталып калганы айтылууда.
Бул айыптоолор канчалык негиздүү? Ыңкылаптан кийин түзүлгөн келишимдер ачык болуп, көмүскө кирешелерге чекит коюлду деген эмес беле?

Бул маселе "Азаттыктын" кечки түз обосунда талкууланып, ага мурунку каржы министри Акылбек Жапаров, Кыргызстан нефтитрейдерлер бирикмесинин башчысы Жумакадыр Акенеев жана “Прогресс” фондунун башчысы Адил Турдукулов катышты.

“Азаттык”: Адил мырза, сиз "Манастагы" транзиттик борборду күйүүчү май камсыздоодо коррупциялык схемалар сакталып калганын айтып жататсыз. Аны эмне менен негиздейсиз?

Адил Турдукулов: Он жылдан бери "Манастагы" жүк ташуучу борборго күйүүчү май ташылып келатат. Ошол май канча баада сатылып, канча көлөмдө келип жатканын да билбейбиз. Биз көп ирет суроо менен биздин мекемелерге кайрылдык, бирок жооп бербей коюшту. Америкалык статистикага карасак, Транзиттик борборго 10 млрд. долларга жакын каражатка күйүүчү май ташылыптыр. Кыргызстан андан жарытылуу пайда көргөн жок.

2010-жылдан кийин дагы эч нерсе өзгөргөн жок. Акыркы жылы 5 млн. доллар гана Кыргызстанга төлөнүптүр. Бул аябай аз. Ошол эле учурда “Газпромаэро” жылына 300-400 млн. долларга күйүүчү май ташыйт. Ал эми Кыргызстандагы авикомпанияларды кошкондо баасы 1 млрд. долларга жакын күйүүчү май алынып келет. Анан ошондон 5 млн. доллар эле бюджетке алганыбыз уят...

“Азаттык”: Акылбек мырза, Адил мырзанын сөзү канчалык чындыкка жакын? Өлкөнүн бюджети, каржысы сиздин колуңузда болуп келди эле?

Акылбек Жапаров: Мен каржы министри болуп турган мезгилде, бюджетке түшкөн акчаны тейлеңиз деп, бул тармакка кийлигиштирбей коюшкан...

Талкууну толугу менен ушул жерден угуңуз