Конституциянын багы эми ачылдыбы?

2010-жылы акыркы Конституция кабыл алынып, анын негизинде бийлик биринчи жолу тынч жол менен алмашты.

5-май - Конституция күнү. Баш мыйзам кабыл алынган 19 жыл аралыгында 10 жолу өзгөртүүгө дуушар болду.
"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусуна коомдук-саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, юрист Мукар Чолпонбаев жана "Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты, Баш мыйзамдын азыркы редакциясынын авторлорунун бири Өмүрбек Текебаев катышты.

“Азаттык”: Өлкө эгемендик алгандан бери Баш мыйзам бир нече жолу өзгөртүүлөргө дуушар болду. Акыркы, 2010-жылы 30-июнда кабылган редакциясы Кыргызстандын саясий, экономикалык, руханий жана маданий талаптарына жооп береби?

Чолпонбаев: 2010-жылы кабыл алынган Конституция бүгүнкү талаптарга жооп бербей калды. Эң эле биринчи маселе - өкмөттү түзүүнүн убактысы өтө көпкө чоюлган, бир премьер-министрди бир фракциядан жылдыруу үчүн 20 күндөн ашуун убакыт керек. Эгер ал өтпөй калса дагы 20 күн. Башка мамлекеттерди көрүп атабыз, бардык жерде бул маселе 2-3 күндүн ичинде чечилип калат.

Дагы бир нерсе – адегенде биз “Борбор Азияда, мурдагы союздук республикалардын ичинен алгачкылардан болуп парламенттик башкаруу системасын орнотуп жатабыз, жаңы формасын алып келип атабыз” деп катуу мактанып чыктык эле, аягында иш жүзүндө карап чыксак, парламенттик-президенттик башкаруу системасын эле сактап калганыбыз анык болду.

Эң негизги жетишпегени – республиканын ички жана тышкы саясий багыттарын ким аныктайт деген суроого жооп жок. Ар кайсы партиялардан дайындалып келген министрлер өзүнөн өйдө турган жетекчисине баш ийбейт. Эгер ушундай абал болуп жатса, анда биз кантип өнүгөбүз?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Текебаев: Мен Мукар мырзага кошулбайм. 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны алып келип койсо эле, заман жакшырат, мыйзамды эл сыйлап, жыргап калат деген туура эмес. Азыр эл башка.

Экинчиден, накта ошол Конституция мыйзамдуулукту сактай албай, аягы бир үй-бүлөнүн башкаруусуна алып келди. Мына ошону жоготуп, биз ачык-айкын, авторитет, программа менен башкара турган системаны алып келдик.

Өкмөт узак убакытта түзүлөт деген да туура эмес. Баш мыйзамды жазып атканда дүйнөнү изилдеп, эң кыска убакыт - 15 күндүк жумуш күнү деген мөөнөттү койгонбуз. Башка өлкөлөрдө бир айдан үч айга чейин кетет. Акыркы өкмөт алмашканда бир күндө эле Кыргызстанда өкмөт алмашып, эски өкмөттүн ордуна жаңысы келип калды. Бардыгы саясий күчтөрдүн канчалык деңгээлде сүйлөшүүгө даяр экенинен көз каранды.

Он сегиз жылдын ичинде Конституция он жолу өзгөрдү. Акаев акыркы жолу 2002-жылы өзгөрттү, бирок Конституция аны сактап кала алган жок, 2005-жылы эл кууп жиберди. Бакиев эки жолу өзгөртүп, үчүнчү жолу 2009-жылы өзгөртүүгө аракет кылып жаткан, аны да ал Конституция сактап кала албады, 2010-жылы эл айдап жиберди.

2010-жылы акыркы Конституция кабыл алынды. Ошентип Баш мыйзам орто эсеп менен 1 жыл 7 айда алмашып турган, акыркы эки жылда Конституцияга бир да өзгөртүү киргизилген жок. Бул Кыргызстандагы туруктуу биринчи Конституция деп айтса болот.

Акыркы Конституциянын убагында эки жолу бийлик тынчтык жолу менен алмашты. Убактылуу өкмөт шайлоодон утулуп, бакиевчилерден турган үч фракция үстөмдүк кылып парламентте бийлик алмашты. Айдардын, Максимдин оң колу болуп жүргөн Өмүрбек Бабанов өкмөттүн башына, анын жанында жүргөндөрдүн баары өкмөткө келди. Мына, бул Конституция элдин добушуна жараша бийликти түп-тамырынан бери алмаштырып берүүгө жөндөмдүү экенин көрсөттү.

Борбор Азиянын шартында биринчи жолу президенттер бири-бирине кызматын Москвадагы Кремлде часовойлор кандай алмашса, дал ошентип, өткөрүп беришти. Бул Конституция президентти алмаштырды, коалиция ыдырап, эки-үч күндүн ичинде жаңы өкмөт түзүлдү. Тартипсиздик маселеси башка маселе.