Чолпонбаев: парламенттеги олигархтар элди ойлобойт

Мукар Чолпонбаев.

Парламенттин экс-спикери, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коалициялык көпчүлүктөгү ыйкы-тыйкылар, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракеттери тууралуу “Азаттык” радиосуна маек курду.

"Азаттык": Көптөгөн талаш-тартыштан кийин парламентте көпчүлүк коалиция тарабай сакталып калды. Бирок, кайчы пикирлер чыгып, мунаса табыла элек. Коалициядан ырк кетишине референдум өткөрүү аракети түрткү болдубу?

Мукар Чолпонбаев: Бул Жогорку Кеңеш башынан эле ээрге кыйшык отурган. Анткени бизде таза шайлоо өткөн жок. Ошентип алты партиядан турган парламент түзүлдү. Ал эми коалицияга кирген төрт фракциянын көз караштары төрт башка. Кызыкчылыктары да ар кандай.

Негизи парламенттик башкаруунун өзүнүн шарты, эрежеси бар. Премьер-министр жеңген партиянын же болбосо коалиция түзө алган партиянын жетекчиси болушу керек. Эгерде КСДП коалицияны түзгөн болсо, анын жетекчиси Алмазбек Атамбаев же Чыныбай Турсунбаев экөөнүн бирөө премьер-министр болуш керек эле. Булар болсо жалаң “жалданма” өкмөт башчынын жетинчисин шайлап алышты. Ошондуктан эч кандай жоопкерчилик болбой жатат. Мунун кесепетинен азыркыдай абал жаралды.

Канат Исаев жетектеген партияны “клон” деп койсо болот. Себеби, ал Социал-демократтар партиясынын эле “баласы”.

Бул парламенттик башкаруу эмей эле эт менен челдин ортосундагы түзүм болуп калды. Же толук бойдон парламенттик эмес, же президенттик-парламенттик башкаруу эмес. Кептин баары ушунда. Ошондой эле азыркы Баш мыйзамдын талапка жооп бербегенинен келип чыгууда.

"Азаттык": Коалициялык көпчүлүктү сактап калуу аракети Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн ич ара соодалашуунун натыйжасында ишке ашканы айтылууда. Бул референдум менен байланыштуубу же башка да кызыкчылыктар барбы?

Мукар Чолпонбаев: Азыр депутаттардын арасында жеке кызыкчылыктар пайда болду. Депутат болгондордун арасында кимдер отурганы баарына маалым. Бул парламент олигархтардын бийлиги. Негизинен ошолор эл өкүлү болуп иштеп жатышат. Алар өздөрүнүн байлыгын сакташ үчүн парламентте отурушу керек. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы аларды кызыктырбайт. Булар эч качан бөлүнүп да, тарап да кетишпейт. Дайыма ушинтип талашып-тартышкандай түр көрсөтүп коюп жүрө беришет. Мына кыйла талаш-тартыштан кийин биримдикти сактап калышты.

“Азаттык”: Парламентте Конституцияга байланыштуу келишпестик күчөп жатат. Эми мунун аягы эмне менен бүтүшү ыктымал?

Жогорку Кеңеш башынан эле ээрге кыйшык отурган. Анткени бизде таза шайлоо өткөн жок.

Мукар Чолпонбаев: Менимче, референдум болот, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилет. Бирок өзгөртүүлөрдү туура эмес деп эсептейм. Анткени жыртык шымга жамаачы салгандай эле болуп калууда. Андан көрө жаңы Баш мыйзам кабыл алыш керек дагы саясий-коомдук системаны туура багытка салуу зарыл. Парламенттик жол тандалса, анда толук парламенттик башкарууга өтүү керек. Азыркы сунушталган өзгөртүүлөр парламентти бекемдебейт, тескерисинче премьер-министрдин жеке бийлигин чыңдоого багытталган.

“Азаттык”: Көпчүлүк коалициянын лидерлигине Канат Исаевдин шайланышына кандай баа бересиз?

Мукар Чолпонбаев: Канат Исаев жетектеген партияны “клон” деп койсо болот. Себеби, ал Социал-демократтар партиясынын эле “баласы”. Спикер КСДПдан, коалициянын жетекчиси “Кыргызстан” фракциясынан болгону президентке өтө керек нерсе болчу. Ошол саясаттын нугунда гана жүрүп бара жатышат. Канат Исаев саясий активдүүлүгү же болбосо мыктылыгынан шайланган жок. Бул жалпы кызыкчылыктын натыйжасы.