Шинжаңдагы кырдаал ШКУда көтөрүлбөйт

Шинжаңдагы тарбиялоочу лагерь.

Кыргыз бийлиги быйыл июнь айында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын саммитине даярдык көрө баштады.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков саммиттин күн тартибине уюмдун ынтымагын арттырып, өз ара кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган гана маселелер кире турганын билдирди.

Учурда кайсы жагдайлар талкууга алынып, кандай документтерге кол коюлары өз ара макулдашуудан өтүп жатканын кошумчалады.

Ал арада айрым укук коргоочулар Кытайдагы этникалык азчылыктардын укугун коргоо маселеси уюмдун Бишкекте өтө турган жыйынында талкууланышы кажет деген маселени көтөрүштү.

Дагы караңыз Кыргыз дипломаты Шинжаңга барды

Бирок муну кыргыз бийлиги башка мамлекеттин ички ишине кийлигишүү, эки тараптуу мамилеге залакасын тийгизүүнү каалаган күчтөрдүн аракети катары баалады.

Салттуу кайрык, кайталанма маселелер

Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалык кылууну өткөрүп алган Кыргызстан быйыл 14-15-июнь күндөрү Бишкекте уюмга мүчө мамлекеттердин кезектеги саммиттин өткөрүүгө даярдык көрө баштады.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков саммитти өткөрүүгө жооптуу уюштуруу комитетинин жана тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилерин кабыл алып, алардын маалыматын укту.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков учурда саммиттин күн тартибин бекитүү маселеси каралып жатканын билдирди.

Анын айтымында, ШКУнун Бишкекте өтө турган жыйынында чөлкөмдөгү коопсуздукту чыңдоо жана өз ара кызматташтыкты күчөтүү маселесине басым жасалат:

Данияр Сыдыков.

- Улуттук координаторлордун алдыдагы жыйындарында саммиттин күн тартиби бекитилет. Күн тартибине ар бир тармак боюнча буга чейин болуп өткөн жетекчилердин кеңешмелеринде каралган эң негизги маселелер кирет. Буга коопсуздук кеңешинин катчыларынын кеңешмесинин, тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинин жыйындарынын чечимдерин айтса болот. Терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы туруу, маңзатты мыйзамсыз айлантууга каршы кызматташуу, саясий-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү жана инвестициялар багытындагы суроолор жыйындын башкы маселелеринен болот.

Көз жумду мамиле

Ошол эле кезде саясат талдоочулар арасында эл аралык Шанхай Кызматташтык Уюмунун аянтчасында чөлкөмдөгү коопсуздуктан сырткары адам укугу дагы каралышы керек дегендер бар.

Анткени соңку мезгилде БУУнун адам укугу комитети баш болгон эл аралык уюмдар Кытайдагы кыргыз, уйгур, казак ж.б. этникалык азчылыктардын укугунун бузулушуна байланыштуу коңгуроо каккан жайы бар.

ШКУга мүчө мамлекеттер бул көйгөйдү көрмөксөнгө салганы аталган уюмга аброй алып келбейт деген пикирлер арбын.

Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев Кытайдагы этникалык азчылык өкүлдөрүнүн абалы эки жана көп тараптуу аянтчада талкууга алынышы абзел экенин айтты:

Бакыт Аманбаев.

- Казак бийлиги жакында Кытайдагы лагерден эки миңден ашуун казакты чыгарып алганы жарыяланды. Бул деген казак бийлигинин иш алып барганынын жыйынтыгы. Биздин бийлик бул багытта эмне кылганы азырынча байкала элек. Кыргыз бийлиги Кыргызстандын төрагалыгы астында Бишкекте өтө турган ШКУнун кезектеги жыйынынын күн тартибине өнөктөш өлкөлөр менен кеңешип туруп, киргизүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар. Мына ошондо гана бул маселе чечилиши мүмкүн.

"Ички ишке кийлигишүүгө болбойт"

Бирок президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бул маселени Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкекте өтө турган жыйынынын күн тартибине киргизүүгө негиз жок экенин айтты.

Данияр Сыдыков бул маселе Кытайдын ички иши экенин жана ага кийлигишүүгө эч кимдин акысы жоктугун баса белгиледи.

Ошол эле кезде ал кыргыз бийлиги чет өлкөлөрдөгү өз жарандарынын укугун коргой турганын айтып, Кытайда этникалык айырмачылыгына карата кыргыз жарандарынын укугу бузулган учурлар жок деп ишендирди.

Дагы караңыз Кытайга каршы маанайдын залакасы

Данияр Сыдыков ортого чок таштагысы келген күчтөр маселени атайын күчөтүп жатканын айтып, ошондуктан ага токтоо мамиле кылуу зарыл экенин билдирди:

- Мына ушул багытта чыгып жаткан маалыматтарды кайсы бир күчтөр күчөтүп, эки мамлекеттин ортосундагы мамилени бузууга аракет жасап жаткандай. Эгерде кандайдыр бир кылмыш иштерди жасаса, ар бир мамлекет өзүнүн жаранын улутуна карабастан жазалаганга акылуу. Биздин мамлекетте деле ошондой да. Эгемендик алгандан ушул күнгө чейин Кытайдан келген 268 адам кыргыз жарандыгын алган. Алардын арасынан азыр Кытайда бир дагы кыргыз жараны кармалып, камакка алынган эмес. Биз муну текшерип, териштирдик. Анан эми башка Кытай жарандыгын алган этникалык кыргыздар кармалып жаткан болсо, ага кийлигишүүгө биздин акыбыз жок. Анткени бул алардын ички иши.

Былтыр Шанхай Кызматташтык Уюмунун Кытайдын Циндао шаарында өткөн саммитинде негизги болуп коопсуздук маселеси талкууланган. Анда Циндао декларациясы, терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы туруу, маңзатка каршы күрөш, азык-түлүк коопсуздугу, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ШКУга мүчө мамлекет башчылардын биргелешкен чечимдери менен кошкондо жыйырмага чукул документ кабыл алынган.

Дагы караңыз ШКУ терроризм маселесин талкуулады

Уюмга Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия мүчө. Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия уюмдун ишине байкоочулук кылышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.