ШКУ экономикалык кызматташтыкты күчөтмөй болду

ШКУнун жага ага мүчө өлкөлөрдүн желеги.

Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги форумунда экономикалык кызматташтык чабал жүрүп жатканы тууралуу сөз болду.
Анда ШКУ ушул кезге чейин бир да экономикалык чоң долбоорду ишке ашырбаганы, уюм ичиндеги мамлекеттердин атаандаштыгы бар экени сөз болду. Кыргызстан болсо уюмдун алкагында экономикалык өнүгүүнү жана коопсуздукту камсыздоону үмүт кылууда.

Күттүргөн Өнүктүрүү фонддору

23-июнда Шанхай кызматташтык уюму өзүнүн Бишкекте өткөн 9-форумун экономикалык кызматташтыкка арнады. Анда ШКУ 13 жыл аралыгында эл аралык уюм катары таанылганы менен экономикалык кызматташтык, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кашаңдык кылып жатканы баса белгиленди. Маселен, Өнүктүрүү фонду жана Өнүктүрүү банктарын түзүү боюнча өткөн жылдары уюмга мүчө мамлекеттердин президенттери тарабынан чечим кабыл алынса да, алар кечеңдеп келе жатканы айтылды.

Кыргызстан болсо болочокто аталган фонддор аркылуу экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар болууда. Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов буларга токтолду.

- Өнүктүрүү фонду жана Өнүктүрүү банкы аркылуу абдан төмөн пайыз менен акча каражаттары келмек. ШКУнун алкагында ошол акчалардын жардамы менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга болот. Ал жолдорду куруу, же экономикалык долбоорлор болушу мүмкүн. Аталган фонддор түзүлсө уюмдун ичиндеги ишкерлер арасында да байланыш күчөмөк.

Шанхай кызматташтык уюмунун баш катчысы Дмитрий Мезенцев ШКУ ичинде кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруунун кечеңдеп жатышын уюмга мүчө мамлекеттердин экономикалык, саясий, аймактык жагынан кескин айырмаланганынан көрөт:

- Аталган фонддорду түзүү боюнча эксперттик деңгээлде иш-аракеттер жүрүп жатат. Биздин мамлекеттердин экономикалык масштабы, анын туруктуулугу жана алтын валюталык көлөмү бири-биринен кескин айырмаланат. Ошону менен бирге ШКУнун түпкү “ар бир мамлекет бир добушка ээ” принциби бирдиктүү финансылык механизмдер түзүлгөн кезде алардын калкынын санына, аймагынын көлөмүнө көз каранды болбостон, ийгиликтүү иштеп кетиши керек.


“Кытайдын Жибек Жолу”

Ошону менен бирге экономикалык долбоорлор ордунан жылбай келгендигин уюмдун ичиндеги Орусия менен Кытайдын атаандаштыгынан да көргөндөр болду. Бул тууралуу айткан Казакстан президентинин фондунун алдындагы Дүйнөлүк экономика жана саясат институту борборунун башчысы Айдар Амребаев учурда экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүүгө саясий жагдай түзүлдү деген ойдо.

Ал эми Дмитрий Мезенцев Шанхай кызматташтык уюму Кытайдын жаңы экономикалык Жибек жолун ачуу боюнча сунушун кабыл алганын айтты. Бул эзелки Улуу жибек жолунда жаткан мамлекеттер арасындагы соода-экономикалык кызматташтыкты жандандыруу сунушу.

- Кытай лидеринин жаңы экономикалык Жибек жолу алкагын түзүү сунушун кабыл алдык. Бул сунуш келечекте соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүүдө зор ролду ойнойт. Ал боюнча ар бир тараптын өз ара кызматташтыгынын алгоритми түзүлүшү керек.


Мезенцев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, жаңы экономикалык Жибек жолу менен жакында түзүлгөн Евразия экономикалык союзунун ортосунда атаандаштык болбой турганын кошумчалады. Ошол эле кезде буга чейинки бир катар форумдардагы жана саммиттердеги сунуштар ишке ашпаганын айткан эксперттер айтылган сунуш-пикирлер ушул бойдон калабы деп чочулайт.

Украин окуясынын ШКУга таасири

Орусиядагы Стратегиялык изилдөөлөр институнун илимий кызматкери Иван Ипполитов болсо Орусиянын Украинанын айынан Батыш мамлекеттери менен болгон алакасынын начарлашы ШКУга мүчө мамлекеттерге да терс таасирин тийгизет деген ойдо. Ал буга Казакстандын мунай кендеринин 40 пайызын Батыш компаниялары иштетерин, ошону менен бирге казак мунайынын 75 пайызы Орусия аркылуу Батышка экспорттолорун мисал тартууда.

Кыргызстан ошол эле кезде уюмга мүчө мамлекеттердин арасында чек ара чатагы болбошу керек деген демилге менен чыкты.

- Өзүңүздөр көрүп жаткандай, азыр дүйнөдө өзгөрүүлөр болуп жатат. Мамилелер жакшы болбой, урушканга, согушканга чейин барып жатышат. Шанхай кызматташтык уюму аркылуу чек араларыбызды бекемдөө менен бири-бирибизге болгон ишенимди жогорулатууну көздөйбүз. Биз азыр Өзбекстан, Тажикстан менен кандай болуп жатканыбызды көрүп жатасыңар. Бирок ошол эле кезде баарыбыз бир уюмга мүчөбүз, -
деди тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов

Шанхай кызматташтык уюмуна алты өлкө – Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Ал эми форумда ШКУга толук кандуу мүчө болууга Пакистан, Индия жана Монголия кызыктар экендиги айтылды. Бул мамлекеттер азыр уюмда байкоочу мүчө макамына ээ.