Кыргызстандын эт-сүтүн Казакстан өткөрбөйт

Каркыра жайлоосундагы кыргыз малчы. 2015-жыл

Казакстан Кыргызстан менен чек арадагы ветеринардык көзөмөлдүн алынышына каршы. Буга Кыргызстандын чек ара өткөрмөлөрүндөгү жабдуулардын жоктугу жана мал ылаңдарынын очогунун жоюла электиги себеп болууда.

Бул тууралуу казакстандык маалымат агенттиктери Айыл чарба министрлигинин ветеринардык көзөмөл комитетинин төрагасына шилтеме берип, маалымат таратышты. Бирок муну Кыргызстандын Айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев Казакстан ветеринардык көзөмөл жаатындагы майда маселелерди шылтоо кылып, айыл чарба азыктарынын агымына атайын тоскоолдук жасап жатканын билдирди.

Казакстандын дооматтары

Казакстандын ветеринардык кызматы "Евразия экономикалык биримдигин сапаттуу жана коопсуз айыл чарба азык-түлүгү менен камсыздоого Кыргызстан даяр эмес" деген тыянак чыгарды. Казакстандын ветеринардык комитетинин төрагасы Сакташ Касенов үч жолку текшерүүнүн жыйынтыгы мына ошондой чечимге негиз бергенин айткан. Ал Кыргызстандын чек ара өткөрмөлөрүндөгү жабдуулардын жоктугун жана мал ылаңдарынын очогунун жоюла электигин мисал келтирген. Мына ошондуктан Кыргызстандагы абал жакшырмайынча Казакстан өзүнүн ветеринардык көзөмөлүн албай турганы көрсөтүлгөн.

Ветеринария жаатындагы кыргызстандык эксперт Калысбек Жумаканов коңшулардын дооматы жүйөлүү деп эсептейт:

- Коркунучтуу мал ылаңдарынан шарп деген бар. Бизде койдун чумасы, эчкинин кара өпкө ылаңы кеңири жайылган. Ушуга окшогон мал ылаңдары көп. Алар муну жакшы билет да. Ошон үчүн ветеринардык көзөмөлдү алып салбайбыз дегенин түшүнөм. Бирок биздикилер анын бардыгын жашырып жатпайбы. Жашырган сайын ишеним кетип жатат. Алар биздикилерден бул жылы канча жолу вакцинация кылдыңар дегенде эле биздикилер жооп бере албай калып жатпайбы. Мисалы үчүн быйыл мына бул аймактарда мынча вакцинация сайдык деп кепилдик бере албай жатабыз. Жыл ортолоп калды. Бирок ушуга чейин мамлекет тарабынан сырттан бир дагы вакцинация сатылып алынган жок.

Буга чейин Кыргызстандагы фитосанитардык жана санитардык абал Евразия экономикалык биримдиктин талаптарына жооп берет деп табылган. Ошол эле кезде өлкөдөгү эпизоотикалык абалды жана ветеринардык көзөмөлдү текшерген комиссияда Казакстандын өкүлү өзгөчө пикирин билдирген болчу. Буга байланыштуу Казакстан ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү үчүн Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүнү убада кылган. Бирок айыл чарба министрлиги ал жардам эмдигиче келе электигин белгиледи.

Коңшунун “котур ташы” же катаал талаптар

Кыргызстандын Айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев Евразия экономикалык биримдиктин ичинен бир эле Казакстандын талабы катаал болуп жатканына токтолду:

- Биз улам комиссияны чакырып, абал менен тааныштырып жатабыз да. Анан ал комиссиядагы Армениянын, Беларустун жана Орусиянын өкүлдөрү келип көрүшүп, “иш жүрүп жатыптыр, туура багыт менен баратасыңар” деген пикирлерин айтышууда. Бир эле Казакстандын бизге карата позициясы катаал болуп жатат. Менимче, Казакстан Кыргызстандын арзан айыл чарба продукциясы басып кетет деп коркуп жатат. Чынын айтканда, биздикиндей сапаттуу азык-түлүк аларда жок. Анан эле алардын карманганы эле “силерде шарп чыккан, андан бери эки жыл убакыт өтө элек” деген аргументтери. Мына ошондой нерселерди шылтоо кылып жатышат да. Бирок бизде олуттуу иштер жасалып жатканын көргүлөрү келбейт. Бардык жагдайды бир мезгилде жөнгө салууга мүмкүн эмес да. Буга убакыт керек.

Казакстан өзүнүн позициясын коргоодо эл аралык эпизоотикалык бюронун сунуштарын жүйө келтирген. Ал сунуштамага ылайык, шарп сыяктуу мал ылаңы чыкканда анын кесепеттери жоюлгандан кийин эки жылдан соң гана ветеринардык көзөмөл алынып салынат. Кыргызстанда соңку ирет шарп ылаңы 2014-жылы август айында катталган.

Текшерүүнүн так эмес жыйынтыктары

Ошол эле кезде Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Байымбет Мураталиев Казакстандын дооматы үстүртөн коюлуп жатканын айтты:

- Биздеги эпизоотикалык кырдаал жакшы эмес болсо бир жагынан “дуу” деп эле маалымат чыкмак да. Ал эми негизи кырдаал жакшы эле. Казак тарап бизден текшерүүгө материалдарды алып кеткен. Анан эми мына ошол текшерүү учурунда аларга туура келбеген кандай ылаңдын белгилери табылган болсо, ачык айтышы керек эле да. Адатта доомат койгондо мына ошондой жагдайлары толук айтылат. Бир нерсе чыкса айтышмак да. “Силерден мына момундай нерселер чыгып жатат” деп ошол далил заттарын көргөзүшмөк эле да.

Ошол эле кезде Казакстандын ветеринардык кызмат комитети Кыргызстан менен чек арадагы көзөмөл жок эле дегенде жаңы жылга чейин алынбастыгын эскерткен. Ошондо дагы Кыргызстандагы эпизоотикалык абалдын жакшыруусу эске алынары көрсөтүлгөн.