Уячадан алынган миллиондордун уу-дуусу

2010-жылы банк уячаларынан акча алууга

Бакиевдердин жакындарына таандык делген банк уячаларынан миллиондогон акчанын мыйзамсыз алынганы боюнча кылмыш иши кайрадан жанданды.

Буга мурдагы убактылуу өкмөттүн мүчөсү, азыркы экономика министри Темир Сариевдин бул маселени терең иликтеп берүү боюнча кайрылуусу себеп болгон. Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов банк уячаларынан алынган миллиондор боюнча кылмыш ишинин артында ири саясий күчтөр турганын айтып, чыныгы кылмышкерлердин бети ачылбай турганын билдирди.

Бул иште акчаны уячалардан алуу жараяны тартылган катуу дисктердин жоголушу жана ага жооптуу тергөөчүлөрдүн соттон акталып чыгышы табышмак бойдон калууда. Ал турсун интернетке жарыяланып кеткен видео тасманын бир эпизодунда түспөлү түкшүмөл жараткан кызмат адамдарынын аракетине да укуктук баа берилбей калган.

Диск жоготкондордун жоопкерчилиги

Бакиевдерге таандык ири өлчөмдөгү акчанын банк уячаларынан мыйзамсыз чыгарылганы боюнча кылмыш иши тергөөдөн кыскарып кеткен. Уячалардан акча алуунун мыйзамдык эрежелери бузулуп, банктардагы видео байкагычтардын төрт катуу диски жоголгону кийин белгилүү болду.

2010-жылы башкы прокурорлук кызматка келген Кубатбек Байболов банк уячалары боюнча кылмыш ишин ачтырган. Бул ишке жооптуу Бишкектин ошол кездеги прокурору Кубанычбек Абылов, орун басары Манас Нышанов, тергөөчүлөр Анатолий Хегай менен Алтынбек Намазалиевге айып коюлган.

Кубатбек Байболов

Бул ишти иликтөө демилгесин көтөрүп, бирок бир жылга жетпей кызматынан кеткен мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов тергөөчүлөр кезинде айыбын моюнга алган көрсөтмө бергенин айтты:

- Мына ошол катуу дисктерди жоготуп, далил зат катары банк уячаларынан акчаны алуунун тартибин бузгандыгы үчүн прокурорлорго иш козголгон. Анан тергөө учурунда мына ошол ишти аткарган тергөө тобунун жетекчиси Анатолий Хегай башында мыйзамсыз аракеттерин моюнуна алып көрсөтмө берген. Булар банк уячаларын ачуу учурундагы өздөрүнүн иши тартылып калган үчүн ошол дисктерди жоготушкан. Кийин ал видео тасманын айрым эпизоддору интернетке чыгып кетип жатпайбы. Ошондо бирөө банк уячасынан кыйналып, акча ала албай жатканы түшүп калган. Ал эми бул кылмыш ишинин бир эле эпизоду. Жалпы жараян кандай болгону азырынча белгисиз. Мага жеткен маалымат боюнча, башында булар видео байкагыч бар экенин билишкен эмес. Кийин билип калып аны чыгарып кетип, ошол бойдон жок кылышкан.

Уурдалган акчанын тагдыры беймаалым

7-апрелдеги элдик козголоңдон кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт АУБ, “Манас банк”, “Бакай банк“, "Кыргызкредитбанк", “Ысык-Көл Инвестбанк” сыяктуу банктардагы күмөндүү эсептерди камакка алган болчу.

Кийинчерээк Бишкек шаар прокурору Кубанычбек Абыловдун уруксаты менен атайын тергөө тобу ондон ашуун банк уячаларын ачып, Бакиевдин жакындарына таандык делген 21 миллион долларды таап чыкканы жарыяланган. Бирок АУБ жана “Манас” банктарындагы ысымдары көрсөтүлбөгөн уячаларда бакиевчилерге тиешелүү 100 миллион доллардай акча болгонун кийин “Вечерний Бишкек” гезити өз булактарына таянып жазып чыккан. Мына ошол учурда тиешелүү бийлик органдары бул маалыматты четке каккан эмес.

Улуттук банк

Ошондой эле АУБдун эски кожоюну Михаил Надель эл аралык маалымат агенттиктерине 7-апрелден кийин банктын коопсуздук кызматы ага видео тасма жөнөткөнүн, анда кайсы бир кызмат адамы банк уячаларындагы акчаны тоноп жатканы чагылдырылганын баяндап, маек курган. Кийин бул тасманын айрым эпизоддору интернетке жарыяланган.

Бул тасмада ошол кездеги шаар прокурорунун орун басары Манас Нышановдун түспөлү таанылган. Ошол боюнча ага дагы кылмыш иши козголгон болчу. Бирок бул иш боюнча анын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов эч нерсе билбей турганын айтты:

- Мен чынын айтсам бул окуянын аки-чүкүсүн билбейт экем. Анткени мыйзамдын алдында ар бир жаран өзү үчүн гана жооп берет. Мен бул ишке атайын кызыккан эмесмин. Анткени менин бир тууганым болгондуктан бул ишке кызыксам, кийлигишип жатат деп айыпташмак. Ошондуктан анын чоо-жайын инимдин өзүнөн дагы сураган эмесмин. Анткени бул туугандар арасында да оор маселе да. Бирок кийин тергөө бүтүп, соттон иним акталып чыккан.

"Сыйлагандын ордуна иш козгоп..."

Банк уячаларынан акчаны чыгарып алуу операциясына катышкан жана жетектеген ошол кездеги прокуратура кызматкерлеринин өздөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Тергөөчүлөр Анатолий Хегай менен Алтынбек Намазалиевдин учурда каякта экени белгисиз.

Бишкек прокурорунун орун басары Манас Нышанов соттон акталган соң жумушуна кайтып келген. Бирок аны жумуш ордунан таба алган жокпуз. Мурдагы шаар прокурору Кубанычбек Абылов туурасында эч кандай маалымат жок.

Байтемир Ибраев

Анткен менен 2010-жылдагы баш прокурор Байтемир Ибраев аталган жооптуу кызмат адамдарына кезинде негизгисиз иш козголгонун айтып, бийлик аларды, тескерисинче, сыйлоого тийиш болчу дейт:

- Мына ошол прокуратура кызматкерлеринин өз учурунда кийлигишүүсү менен банк уячаларына катылган Бакиевдерге таандык акча табылып, мамлекетке кайтарылып отурат. Эгерде алар өз учурунда аракет кылбаганда мына ошол банк уячаларындагы акчаны которуп алып чыгып кетишмек. Бакиевдер "Убактылуу өкмөттүн прокурорлору келип, качан акчаны алып кетет экен" деп карап отурмак беле? Бирок ошол жигиттерге рахмат айтып, сыйлоонун ордуна бир жылдан ашуун аларды ар кайсы жакка сүйрөп, кылмыш ишин козгошту. Бирок мына чындык бар экен, алардын бардыгы соттон акталып чыкты. Мына ушунун бардыгы Убактылуу өкмөттү каралоо саясаты болгон. Ошол каралоо саясаты азыркы күнгө чейин уланууда.

Бирок кандай болгон күндө да банк уячаларынан акчанын алынып чыгарылышы тартылып, сакталган катуу дисктердин жоголушу күмөн саноону жаратат. Анан калса бул иш боюнча карапайым гана аткаруучулар - шаардык прокуратуранын айрым кызматкерлери гана жоопко тартылып, кийин алардын да соттон акталып кеткен жагдайлары күдүк ойлорго ого бетер жем таштаган сыяктуу.

Иш кайрадан жанданды

Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов буга чейинки иликтөө иштери бир жактуу жүргөнүн айтып, бирок ага акыр түбү чекит коюларына ишенет:

- Мына ошол прокуратура кызматкерлери эл оозунда айтылып жүргөн көрүнүктүү саясатчылардын көрсөтмөлөрү менен иш алып барышкан. Эгерде бул тергөө иши аягына акыйкат чыгарылганда алардын да ысымдары аталып кетмек. Ошон үчүн бул иштин жабылуу аяк жабылуу бойдон калуусуна кызыкдар күчтөр аларды соттон актап алып чыгып кетишти. Кезинде азыркы президент Атамбаев бул ишти аягына чыгарам деп убада берген болчу. Анан тергөө иштери катуу башталып барып эле кайра дымып калбадыбы. Бул иштин аягына чекит коюлбаса болбойт. Эл арасында өтө чоң күдүк ойлор калган. Бир күн болбосо бир күнү бул иш ачылат.

Темир Сариев

Жакында мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, учурдагы экономика министри Темир Сариев президентке кайрылып, банк уячалары боюнча ишти иликтөөнү укук коргоо органдарына тапшырууну суранды. Анткени анын айтымында, соңку мезгилде бул маселе анын саясий каршылаштарынын каралоо куралына айланган.

Буга чейин парламентте депутат Равшан Жээнбеков Сариевге кайрылып, банк уячаларынан тонолгон акча боюнча жана анын Бекназаров менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн эске салган болчу. Мына ошондуктан Темир Сариев бул иш боюнча дагы бир жолу иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, өзүнүн актыгын далилдөөнүн аракетин көрдү.

Мага жеткен маалымат боюнча, башында булар видео байкагыч бар экенин билишкен эмес. Кийин билип калып аны чыгарып кетип, ошол бойдон жок кылышкан. Кубатбек Байболов

Башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу мына ошол кайрылуунун негизинде ишти иликтөө кайрадан жанданганына мындайча токтолду:

- Бул иштер мурда эле иликтенип чыккан. Анан эми азыр кайра башынан каралып, текшерилип, тергөөнүн кандай жүргөнү боюнча кошумча иликтөө жүрүп жатат. Бул ишти тергөөдө кемчилик кеткенби же жокпу, мына ошонун бардыгы кайрадан текшерилет. Анан эми мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө бул боюнча маалымат беребиз. Азыр бардыгын кайра башынан карап жатабыз.

Коопсуздукту коргоого кеткен эсеп

Айтмакчы, 2010-жылы жайында Убактылуу өкмөттүн укук коргоо органдарын караган орун басары Азимбек Бекназаров менен каржы тармагын тескеген Темир Сариевдин банк уячаларынан алынган эки миллион доллар тууралуу телефон сүйлөшүүсү жазылган аудио интернетке чыгып кетип, коомчулукта кызуу талаш-тартыш жараткан. Кийин аталган каармандар муну үндөрү атайын монтаждалган чагым деп баалап, сөз болгон акча каражаты өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салууга жумшалганын айтып чыгышкан.

Ошондогу Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев сарпталган акча каржаты тууралуу эч кандай маселе жок дейт:

- Белгиленген акчанын эсеби так. Мында жеп алган же ичип алган эч нерсе жок. Ар ким бөлүнгөн акча боюнча так отчетторун тапшырган. Анан калса мамлекетти турукташтырууга каралган каражаттын бардыгы чыгымдалган жок. Башында 7 миллион долларды чыгымдоо боюнча токтом чыккан. Бирок кийин мына ошонун 3 миллион долларын гана керектөө жагы чечилген. Ошол акчадан дагы ашып калып, кийин мамлекеттик казынага өткөрүп бергенбиз. Анан эми ошондон дагы саясат жасашып, катып алган акчаны кайтарып берди дегендер болду. Бирок ал мындай болгон. Биз парламенттик шайлоодон кийин дагы ызы-чуу улана берсе, коомдук турукташтырууга деп тиешелүү акчаны кармап турганбыз. Анан шайлоодон кийин мына ошол акчага муктаждык болбогондуктан анын бардыгын өткөрүп бергенбиз.

2010-жылы өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга банк уячаларынан алынган акчанын кайсы бир бөлүгү чыгымдалган.

2010-жылы өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтырууга деген негизде мына ошол банк уячаларынан алынган акчанын кайсы бир бөлүгү чыгымдалган. Бул тууралуу кезинде Темир Сариев парламентте отчет берип, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө, тиешелүү бийлик органдарына жана ыңкылапты коргоону колдогон айрым бир тараптарга канчадан акча бөлүнгөнүн тизмелеп берген. Бирок коомчулукта ал акчанын кандайча өлкөнүн коопсуздугун бекемдөөгө салымы болгону тууралуу талаш-тартыш токтогон эмес.

Бул маселе боюнча парламент кезинде кылмыш ишин козгоо талабын прокуратурага койгон. Бирок ал иш иликтенип барып, жыйынтыгында айрым бир табышмактуу жагдайларга жооп табылбай калган. Бул жолку иликтөө ишинде мына ошол суроолорго жооп табылабы же жокпу азырынча белгисиз.