Алмазбек Атамбаев алгач китеп сатуудан тапкан пайдасына Кыргызстандагы "Кыргызавтомаш" сыяктуу өнөр жай ишканаларын сатып алып, ал тургай ири киреше берчү чоң компанияларды чет өлкөлөрдө да түптөгөнүн билдирген.
Экс-президент анын Кыргызстандагы ишканалары өз кезегинде "Кумтөр" компаниясы менен бирдей өлчөмдө мамлекетке салык төлөп турганын мисал келтирген. "Форум" өнөр жай ишканаларынын тобу болуп кайра түзүлгөн "Кыргызавтомаш" заводу кантип менчиктештирилгенин, анын кандай "ийгиликтүү" ишкана болгонун жана анын кийинки тагдырын талдоого алдык.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалы менен болгон маегинде Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири экенин айтып, байлыгынын башаты китеп басып чыгарууга жана сатууга ыңгайланышкан ишкердик менен байланыштуу экенин эске салган.
Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалындагы маегинде ал убактагы тапкан кирешесин ачык атабаганы менен китеп бизнесинен тапкан пайдасына Кыргызстанда жана Түркияда ишканаларды сатып алууга мүмкүн болгонун белгиледи:
Башында китептерди басып чыгарып, кирешелүү пайданы аларды сатуудан тапкан болчумун.
- Менин байлыгымдын тарыхы тууралуу айтсам, мен эң алгачкылардан болуп, 1989-жылы Кыргызстанда жеке фирма ачканымды эске салайын. Ошол 1989-жылдан баштап 2005-жылга чейин бир да мамлекеттик кызматта болгон жокмун. Ал жылдары - 1989-жылдан 2000-2005-жылдардын аралыгында - азыркы байлыгымды иштеп тапкам. Башында китептерди басып чыгарып, кирешелүү пайда аларды сатуудан түшкөн эле. Анткени ал кезде китептер аябай тартыш болчу. Андан кийин китептерди сатуудан түшкөн каражатымды Кыргызстандагы ишканаларга салгам. Алардын айрымдарынын акцияларын сатып алдым. Анан албетте, китеп ишкердигинен тапкан акчамдын кайсы бир бөлүгүн Орусиядагы жана Түркиядагы компанияларга салгам. Ал убакта Түркияда менин эки ишканам бар болчу.
"Кумтөрдөй" салык төлөгөн ишканалар?..
Юстиция министрлигинин архивдик маалыматы боюнча Алмазбек Атамбаев 1997-1999-жылдары мамлекеттин колундагы "Кыргызавтомаш" ачык акционердик коомун жетектеп, 1998-99-жылдары анын көпчүлүк акциясын сатып алып, менчиктештирүүгө жетишкен.
Кийин анын базасында "Форум" өнөр жай ишканаларынын тобун түзгөн.
1998-жылдагы менчиктештирүү программасында бул өнөр жай ишканасы 304 миң 140 сомго бааланып, бирок жыйынтыгында канчага сатылганы көрсөтүлгөн эмес.
Дагы караңыз Менчиктештирүү саясатынын өкүттүү акыбети2000-жылы президенттик шайлоого талапкер катары катышкан Алмазбек Атамбаев шайлоодогу үгүт өнөктүгүндө өзүн өндүрүшчү катары тааныштырган. Алмазбек Атамбаев өз кезинде анын ишканалары мамлекетке "Кумтөр" менен бирдей салык төлөп турганын айтты:
- Акаев 2000-жылдары менин жана ишканаларымдын айласын кетиргенге чейин Кыргызстандагы ишканаларым да ийгиликтүү болду. Мисал үчүн, 1999-жылы "Форум" өнөр жай ишканаларынын тобу - үч завод жана эки биргелешкен ишкана - "Кумтөр" ошол кезде канча салык төлөсө, ошончо төлөгөн. "Кумтөр" компаниясынын кирешеси ал кезде өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 20 пайызын түзчү. Менин ишкана-заводдорум ошондой өлчөмдө салык төлөп турушкан.
Бирок ал жылдары өкмөттө жетекчилик кызматтарда иштеген айрым адамдар “Алмазбек Атамбаевдин ишканаларынын мамлекетке төлөгөн салыгы "Кумтөрдүкү" менен барабар болгон” деген маалыматтарды ырасташкан жок.
Талкаланган өнөр жай ишканасы
Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов кайра тескерисинче, "Кыргызавтомашты" Атамбаев менчиктештиргенден кийин завод таланып-тонолуп, анын кымбат баалуу жабдууларынын көбү сыртка чыгарылып кеткенин кеп салды:
- Бул анын жөн эле апыртып айтып койгон сөзү. Алмазбек Атамбаев "Кыргызавтомашты" иштете албай, анын кайсы бир бөлүгүн башка чет элдик компанияларга сатып жиберген. "Кыргызавтомаш" ага чейин Борбор Азиядагы айыл чарба машинелерин кураштыруучу эң ири жана эң уникалдуу завод болчу. Токсонунчу жылдардын башында эле бул заводдо 5 миңден ашуун адам иштеген. Ошол иштеп турган өнөр жай ишканасы туура эмес менчиктештирилип, анын техникалык жабдууларын чет элдик компанияларга сатып, жок кылышкан. Андагы уникалдуу станоктор чет элдик компанияларга четинен сатылып, калгандары металлоломго айланып, таланып-тонолуп кеткен. Бул завод эң алдыңкы өнөр жай ишканаларынын бири болчу.
"Кыргызавтомаш" деген ат менен белгилүү Бишкектеги машине куруу заводу 1947-жылы негизделген. Анда 1960-жылдардан тарта айыл чарба багытындагы жүк ташуучу автоунаалар кураштырыла баштаган. Кийин бул ишкана радиаторлорду чыгарууга ыңгайлашып, өндүрүштөн автоунаалардын башка тетиктери да чыгарылып турган. 2005-жылдан кийин "Кыргызавтомаш" корпорациясынын курамында "Автомаш-Радиатор", "Автомаш-Экол" жана "Автомаш-Энерго" ишканалары түзүлгөн. Кийин "Автомаш-Радиатор" жана "Кыргызавтомаш" ишканалары орусиялык "Композит Групп" холдингине карап калганы жарыяланган. Алмазбек Атамбаев 2005-жылга чейин "Кыргызавтомаш" корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы болгон.
"Китеп сатып байыган кишини көрө элекмин"
Кезинде 2000-жылдагы президенттик шайлоодо аны менен саясий өнөктөш болгон парламенттин депутаты Исхак Масалиев Атамбаевдин "өндүрүшчү-миллионер" образына мындайча мүнөздөмө берди:
- Заводду менчиктештирип алгандан кийин анын бир бөлүгүн орустарга сатып жиберген. Ага чейин завод чынында эле иштеп турган. Бирок аталган өнөр жай ишканасы абдан ийгиликтүү, бай завод болгон дегенге кошула албайм. Убагында ал жактан радиаторлор чыгарылып, Өзбекстанга сатылып турган. Чындык үчүн айтып коюш керек. 1999-жылы болсо керек, ошол кездеги президент Аскар Акаев Атамбаевди мыкты ишкер катары баалап, ага "Даңк" медалын ыйгарган. Бирок анын “ошол кезде эле миллионер болчумун" дегени бир аз кызыктай угулат. Анткени 2000-жылы мен ал киши менен президенттик шайлоого чогуу катышкан жайым бар. Ал учурда мен анын чоң байлыгы бар экенин байкаган эмесмин. Анын ишкердик менен алектенгени чын. Бирок анын китеп сатып, байыганы боюнча менде так маалымат жок. Мен ушул күнгө чейин китеп сатып байыган кишини көрө да элекмин. Ал аталган ишкердиктен миллиондорду таба алмак эмес. Албетте, Атамбаев ал кезде кедей болчу дей албайм. Бирок ал "долларлуу мултьтимиллионер" болгон эмес деп мен так айта алам.
2000-жылы президенттик шайлоодо талапкер болгон Алмазбек Атамбаев оппозициянын катарына кошулганы үчүн аны ошол кездеги бийлик куугунтуктап, анын айынан Түркияга убактылуу чыгып кетүүгө аргасыз болгонун кийин мезгилдүү басма сөздө белгилеп жүрдү.
Дагы караңыз Март ыңкылабынын уурдалган максаты2002-жылдагы Аксы окуясынан кийин ал кайрадан өлкөгө кайтып келген. Алмазбек Атамбаев 2005-жылдагы "Жоогазын ыңкылабынын” лидерлеринин бири катары таанылып, Бакиевдин бийлигинде экономика жана өнөр жай министри болуп иштеп, кийин өкмөт башчылыкка чейин жеткен.
Акаевдин версиясы
2005-жылы Орусияга качкан мурдагы президент Аскар Акаев 2014-жылы телеканалдардын бирине берген жообунда “Жазуучулар союзуна бөлүнгөн акчаны Алмазбек Атамбаев алып, кийин ага өнөр жай ишканаларын сатып алган” деп айыптап чыккан:
- Биз Жазуучулар союзуна бөлүп бергенден кийин Чыңгыз ага каражатты андан ары тейлөөгө өзүнүн жардамчысы Атамбаевге өткөзүп берген экен. Анан ал киши Европага элчи болуп кетти. Кийин Европадан келип, "жазуучуларга эч нерсе жок, чыгармачылык үйү дагы эле оңолбоптур” деди, жазуучулар стипендия албай, кыйналып жатканы боюнча ага даттанышкан экен. Анан мага Чыңгыз ага келип, ушул маселени чечип берүүнү суранды. Мен ага “баягы гранттык каражаттарды сизге өткөзүп бергем, сиз болсо ал каражатты иштетүүнү өзүңүздүн кызматкерлерге бербедиңиз беле” десем "ошону кайра кайтарганга жардам бериңиз" деген. Көрсө "түшкөн кирешесине жазуучуларды багабыз" деп аталган каражаттарга заводдорду сатып алышкан экен. Ал жылдары менчиктештирүү жүрүп жатпады беле. Ошону менен кийин ошол заводдор менен фабрикалар Атамбаевдики болуп калды. Чыңгыз ага мага келип, "акчаны жазуучуларга кайтарып, алып бериңиз" дегенден кийин анан мен Атамбаевди чакырып, талап кылдык. Ошондон кийин ал оппозицияга өтүп, менин душманыма айланды. "Акаев мени кысымга алып, куугунтуктап жатат" деп чыкты. Бирок биз аны эч кандай куугунтукка алган эмеспиз. Жазуучулар бул ишти жакшы билет болушу керек.
Атамбаевдин жообу
Жакында "Апрель" телеканалындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев Жазуучулар союзуна бөлүнгөн 60 миллион сомдун тагдыры такыр башкача экенин айтып, Аскар Акаев ага жалган жалаа жапканын билдирген.
Алмазбек Атамбаев бул акчага жазуучулар үчүн турак жай жана басма үйлөрүн куруу каралганын айтып, бирок жыйынтыгында Жазуучулар союзунун ошол кездеги жетекчилиги каражатты кымырып алганын айтты. Буга далил катары андагы каржылык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча документти көргөзгөн Алмазбек Атамбаев бул кыңыр ишке катышы бар адамдар кийин ошол эле Акаевдин жардамы менен жазасыз калганына токтолду:
- Бул иш жүзүндө ал жакта Асан Жакшылыков жана кийин каза болуп калган бир жазуучу ойлоп тапкан шылуунчулук болгон. Каза болгон адамдын атын атагым келбейт. Бул документ - 1995-жылдагы Жазуучулар союзун каржылык текшерүүнүн жыйынтыгы. Бул документ биздин өтүнүч менен "Кыргызстан маданияты" гезитине жарыяланган. Биз бул боюнча ошол кездеги Жазуучулар союзунун башкармалыгынын мүчөлөрү жана катчылары арыз жазганбыз. Мында жазуучулар, маркум Төлөгөн Касымбековдун, маркум Жалил Садыковдун, маркум Асанбек Стамовдун, Бексултан Жакиевдин жана менин колум турат. Биз текшерүүнү талап кылган болчубуз. Анын жыйынтыгы менен бул ишке катышы бар адамдарды жазалоону талап кылган элек. Бирок Жакшылыковдун Аскар Акаев менен жакшы мамилеси бар экен, иш ордунан жылган жок. Бирок эми азыр Аскар Акаев бул маселе боюнча карандай калпты айтып жүрөт.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы ишканалардын бирин саткандан түшкөн каражатын кошкондо, анын тапкан жалпы кирешесинин өлчөмү былтыр 2017-жылы 101 миллион сомду түзгөнүн жарыялады.
Дагы караңыз Түркиялык ишкер Ахмед Кая Elektromed боюнча түшүндүрмө бердиОшондой эле Алмазбек Атамбаев 2002-жылы эле Түркиядагы "Гүлжанлар" компаниясынын кирешесинин эсебинен эле бир жылда 27 миллион долларга чукул пайда көргөнүн билдирген.
Мындан сырткары экс-президент Кыргызстандагы "Форум" өндүрүш тобунан, биргелешкен өнөр жай ишканаларынан жана иштеткен ресторан-барларынан тапкан пайдасын айтып, бирок кирешелеринин так санын көрсөткөн эмес.