Апта: Телефону тыңшалган министр, абактардагы ачкачылык

Абактагылар 25-марттан бери ачкачылык акциясын өткөрүүдө.

Kоалиция боюнча бир жактуу чечим кабыл алынган жок. Абактарда ачкачылык жарыяланды. Министр телефону тыңшоодо экенин билдирди.


Абактардагы ачкачылык


Кыргызстан жаңжалдар жана туруксуздуктун доорун башынан өткөрүүдө. Коалиция ичиндеги туруксуздукка өлкөнүн абактарында ачкачылык акциясы кошул-ташыл болуп кетти.

Мамлекеттик жаза өтөө мекемесинин жетекчиси Калыбек Качкыналиевдин билдирүүсүнө караганда, 25-мартта 11 колония жана алты убактылуу тергөө жайларындагы абактагылар ачкачылык акциясын башташты. Абактагылар үч талап коюшкан: абакта отургандарды көрүүгө келгендерди тинтүүнү токтотуу, тамак-ашты нормага ылайык берүү жана абактагы бир кишинин өлүмүн иликтөөгө алуу. Бирок бийликтегилер абактагылар “аталык” Камчы Көлбаевдин көрсөтмөсү менен ушундай акцияга барды деген ишенимде. Калыбек Качкыналиев:

- Алар "сырттагы Камчы Көлбаевдин балдарын эмнеге камап жатасыңар" деп ачкачылык жарыялашты. Азыр алар менен сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Эгерде абакта отургандар мыйзамга каршы келген иштерди жүргүзө баштаса, анда атайын багыттагы күчтөрдү киргизем. Ага менин күчүм, эрким жетет.

Өкмөттүк эмес уюмдар абактарда тамак-аш, жумуш менен камсыздоо начар абалда экенин белгилешүүдө. Акыйкатчы Турсунбек Акун абактагыларды азык-түлүк, жумуш менен камсыздоо начар экенин айтып, бирок алардын саясий талап көтөрүп жатканы мыйзамсыз экенин билдирди.

Абактагылардын жакындарынын акциясы, 27-март, 2011-жыл

Абактагы ачкачылык эмнеге алып келиши мүмкүн? Бийлик башындагылар кылмыштуулук менен күрөшүн акыр аягына чыгара алабы?

Чындыгында бийлик кылмыш дүйнөсүнө согуш жарыялап, ондогон шектүүлөрдү кармады. Бирок негизги төбөлдөрдүн бирөө да кармала элек. Алардын Кыргызстандан чыгып кеткендиги тууралуу маалыматтар айтылууда.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев уюшкан кылмыштуулук менен күрөш көбүн эсе “пиар-кампанияга” окшоштугун белгилейт.

Генерал-майор Рашид Тагаев абактардагы абалды алдын-ала профилактикалык иштердин жүргүзүлбөгөнү менен байланыштырат. Уюшкан кылмыштуулук каршы күрөш жапырт эмес, тандалма жүргүзүлүшү да өзүнүн ролун ойноп жатат дейт Тагаев:

- Бирөөлөрдүн кичиникей топторун кармап, отургузуп жатышат. Башкалары качып кетүүдө. Бөлөк топторду болсо өстүрүп жатышат. Өздөрү өстүрүп, келаткан саясаттын оюндарына даярдап жатышат. Муну элдин баары билет.

Бирок талдоочулар кылмыш төбөлдөрүнө мурунку бийликтегилер ачык күрөш жарыялоого батынбай келгенин белгилейт. Азыркы кезде андай аракеттер жасалды.

Бийлик менен кылмыштуу дүйнөгө байланыштуу жаңжалдуу окуя март айынын башында болгон. Ал жаңжалдын учу 25-мартта парламентте да козголду.

Милициянын маалыматы боюнча, алар март айынын башында Балыкчы-Бишкек жолунда Нурсултан Асанбеков аттуу жаранды токтотуп, оперативдик иштерди жүргүзүүгө аракет жасаган. Бирок ага Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Бахтияр Кадыров тоскоолдук жасап, милицияга өз ишин жасоосуна жол бербегени кабарланган. Милициянын маалыматы боюнча, Асанбеков кылмыштуу дүйнөнүн “аталыгы” делген Камчы Көлбаевдин уулу. Ошол себептен аны текшерүүгө алууну көздөшкөн.

Өз кезегинде депутат Бахтияр Кадыров Асанбеков Көлбаевдин уулу экенин билбегенин, болгону ал жетектеген № 29 мектептин мурдагы окуучусу катары жардам бергенин билдирүүдө.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Абактагылардын жакындары нааразылыкка чыкты



Коалиция кыл учунда кала берүүдө

Абактардагы акция өкмөттү түзгөн коалициядагы туруксуздук менен коштолууда. “Ата Журт” фракциясы 22-марттагы жыйынында коалициядан чыгуу маселесин ачык бойдон калтырды. Алдыдагы кайсы бир күнү бул фракция коалициядан чыкканын жарыялап, натыйжада жаңы өкмөттүн түзүлүшүнө жол ачылышы ыктымал. Анын үстүнө “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев жергиликтүү маалымат каражаттарына азыркы коалиция бузулуп, жаңысы түзүлсө максатка ылайыктуу болоорун билдирген. Андан сырткары “Ата Мекен” фракциясы менен “Республика” жана КСДПнын тирешүүсү күчөп баратат.

Кубатбек Байболов

Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев буга чейин бул жаңжалдарга аралашпай турган эле. 25-мартта өкмөттүн жыйынында ал прокуратура кызматын кескин айыптап, бул кызмат "Мегаком" компаниясы аркылуу 30 млн. доллар чыгарылып кетүүсүнө шарт түзгөн деп чыкты. Бул айып “Ата Мекендин” кадры, башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболовго каршы багытталгандай.

Байболов муну жоопсуз калтырган жок. Ал дароо эле Атамбаевдин негизги өнөктөшү Өмүрбек Бабановго сокку ура турган эки кылмыш ишин ачты. Анын бирөө учактарга авиакеросин ташыган “Манас интернейшнл сервис” компаниясы тарабынан 700 млн. сомдон ашуун салыктын төлөнбөшү боюнча болсо, экинчиси, “Бешинчи канал” жабык акционердик коомуна мамлекеттик “Кыргызтелеком” бекер кызмат көрсөтүүсүнө байланыштуу козголду. Башкы прокуратура "Кыргызтелекомдун" "берешендигинен" мамлекетке 26 млн. сом зыян келтирилгенин билдирүүдө.

Адистердин да башы маң

Бул тирешүүлөр эмне менен аяктаары азырынча белгисиз. Мындай шартта араң турган коалициянын тагдыры кандай болоору боюнча да адистерде бир жактуу пикир жок. Маселен, алардын бири коалиция тарайт десе, экинчиси ага каршы пикирде.

Саясат таануучу Марат Казакпаев коалиция тарайт деген ишенимде:

- Эми мындай вариантта сактап калган болбойт. “Ата Журт” деле туура айтып жатат. Бул коалиция түзүк иштей албайт. Негизиги башкы маселе Бабановдо болуп жатат. “Ата Мекендин” депутаттары, Өмүрбек Абдырахманов жана башкалары "“Мегаком” боюнча фактылар чогулду" деп айтып жатышат. Эми ошонун баары парламентте жарыяланып, бир факты чыгып калса, анда коалиция жоюлат.

Ал эми Марс Сариев аттуу саясат таануучу тарабайт деген пикирде:

- Менин оюмча сакталып калат. Өзүңөр да карап көргүлөчү Орусиянын турумун. Орус элчиси Власов айтпадыбы, коалиция сакталбаса бажы төлөмсүз күйүүчү май, 30 млн. доллар насыя берүүнү токтоп калат деп. Мен ойлойм, биздин саясатчылар деле азыркы абалды түшүнүп жатышат. Анан сырт жактан чоң колдоо болбосо коалиция ичиндеги фракциялар деле буза албайт.

“Ата Мекен” фракциясы “Республиканын” лидерлери Өмүрбек Бабанов жана Исхак Пирматовду коррупцияга байланыштуу айыптап жатат. “Ата Журт” фракциясы бул айыптоолор тастыкталса эле коалицияда калууга мүмкүн болбой калаарын айтууда. Азыркы мезгилде “Ата Мекендин” айыптоолору боюнча эки депутаттык комиссия иш жүргүзүүдө. Кыязы, “Ата Журт” мына ушул комиссиялардын жыйынтыгына жараша, 7-апрелден кийин кандайдыр бир чечимге келет.

Министр менен фракция лидеринин арызы

Кыргызстанда анча-мынча маанилүү кызматтагы адамдардын баарынын телефону тыңшоодо турганы ачык болду. "Телефондорубуз тыңшоодо, өзүбүздүн артыбыздан атайын кызматтын балдары аңдып жүрөт" деп оппозициялык маанайдагы депутаттар жана саясатчылар Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев учурунда да арызданышчу. Андай аңдуулар азыр да болуп жатканын 25-мартта “Ата Журт” фракциясынын лидери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевге билдирди:

- Мени тынымсыз тыңшап жатасыңар. Парламентке жашыруун сырды айтып койсоңуз. Мен үйгө барганда эле телефон иштебей калат. Үйдүн тегерегине кайсы жерге эмнени көмүп койгонсуңар? Ошону акырын алып кетип калсаңар жакшы болот эле. Мен өзүмдө тийиштүү аппарат жок экен, издеп таппай жатам. Үйгө барсам эле бүт телефондор өчөт.

Өз кезегинде Кеңешбек Дүйшөбаев УКМК мыйзам чегинде иштеп жатканын, мурунку бийлик учурунда жашыруун түрдө алып келинген жабдуулар мыйзам чегинде УКМКга кириштелген деп жооп берди. Ал эми жашыруун тыңшоо иштери соттун, прокуратуранын чечими менен мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Телефону тыңшалып жатканын ички иштер министри Зарылбек Рысалиев да 25-мартта парламентте ачык айтты. Депутаттар "эң күчтүү министрликтин жетекчиси ушундай абалда болсо, анда биз кантик" дегендей абалда калды.

Министрдин сөзүн туура нукка буруу максатында маалымат кызматы эртеси күнү атайын билдирүү таратты. Анда Зарылбек Рысалиев телефону атайын кызмат тарабынан эмес, кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрү тарабынан тыңшалары жөнүндө сөз кылган деген түшүндүрмө берилди.

Талдоочулардын баамында, тыңшоо бир эле Кыргызстандын атайын кызматы эмес, бир нече мамлекеттердин атайын кызматтары аркылуу жүргүзүлүп турат.

Андай жашыруун тыңшоочу жабдуулары менен чет өлкөнүн жарандары да мурунку жылдары кармалып, дипломатиялык жаңжал да чыккан.