Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоо парламентте талаш-тартыштар менен коштолду. Бул мекеменин жетекчилигине жаңы сынак жарыяланып, ага талапкерлердин документтерин кабыл алуу жүрүп жаткан кезге туш келди. Бул өз кезегинде бийлик мурдагылардай эле КТРКнын башчылыгына өздөрү каалаган адамды алып барууга аракет кылууда деген сын-пикирлерди күчөттү.
30-январда Жогорку Кеӊеште “Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” маселе каралып, акыркы добуш берүүнүн жыйынтыгында Атыркүл Сарыбаева Байкоочу кеӊештин мүчөлүгүнө шайланды. Бирок аны тандоо иши парламенттин атына көлөкө түшүрдү.
- Азыркы парламентке салыштырмалуу Акаевдин авторитардык мезгилиндеги парламенттин позициясы бекем болчу. Азыркылар кайсы премьер-министрди сунуштаса деле ураалап, колдоп жатышат. Бизде парламенттик деп айтканыбыз менен президенттик эле башкаруу болуп жатпайбы. Азыркы Жогорку Кеңеш парламентаризмдин эталону боло албай жатат. Андай болоруна деле үмүт жок калды акыркы окуялардан кийин. КТРКнын Байкоочу кеңешинин бир мүчөсүн бекитүүдө көрүнүп калбадыбы - "серый кардиналдар" кайсы жакка жапырса ошол жакка бурулуп берери, - деди саясат талдоочу Чолпонбек Сыдыкбаев.
КТРКнын байкоочу кеңешине мүчө боло турган адамды тандаган талкуунун биринчи бөлүгүндө, атап айтканда түшкө чейин болгон добуш берүүдө талапкер Чынар Капарова эң көп добуш алган.
Бирок эл өкүлдөрү “регламент бузулду” деген жүйөнүн негизинде добуш берүүнүн жыйынтыгын түштөн кийин кайра жокко чыгарып салды.
- Аудиторияга көнүп, регламент боюнча туура алып барууну үйрөнүш керек. Дастанбек Артисбекович, бүгүнкү маселени Аида Камчыбековнага калтырып койгонуңар туура эмес болгон. Ал үйрөнүшү керек, көнүшү керек. Андан кийин гана аудиторияны башкарганга чамасы жетет. Аида Камчыбековна, бүгүнкү маселе сиз өткөрбөй турган маселе эле, - деген КСДП фракциясынын депутаты, экс-спикер, президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун талкуу учурунда спикер Дастанбек Жумабековго, вице-спикер Аида Касымалиевага багыттаган бул сөздөрүн айрымдар парламент депутаттарынын добуш берүүсүнө кийлигишүү, аны көмүскө башкаруу катары да баалап жиберишти.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
30-январда Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнө жарандык коом тарабынан беш талапкер - Маркабай Ааматов, Чынара Капарова, Мирбек Мурзабеков, Нургазы Мусаев, Атыркүл Сарыбаева көрсөтүлгөн.
Жыйынтыгында КТРКда 23 жыл мурда иштеп кеткен, коомчулукка анчалык аты-белгисиз, учурда "Алтын үрөн" жеке чарбасында эмгектенген Атыркүл Сарыбаеванын шайланып калышы көп суроону жаратты.
- "Жогорку жактан сунуш болуптур, ошол жактын көрсөтмөсү экен" деген сөздөрдү угуп аябай нааразы болдум. Эми биз өкмөт башчыны шайлап жатсак бир жөн. КТРКнын Байкоочу кеңешинин бир мүчөсүн шайлап жатканда да жогору жактын көзүн карап отурганыбыз парламентке абийир алып келбейт. Эгемен Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй духу жок экенибизди кечээ далилдедик. Мынчалык деңгээлге түшпөш керек эле. Эгер Байкоочу кеңештин бир мүчөсүн өз алдыбызча шайлай албай жатсак, эртең коопсуздук маселесинде, саясий маселелерде биз өзүбүздүн эркибизди, позициябызды көрсөтө албайбыз, - деди депутат Жанар Акаев.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров мурдагы спикер Асылбек Жээнбеков парламент депутаттарынын добуш берүүсүнө таасир этти, жогорудан тапшырма болду деген пикирлерди четке какты. Ал ар бир депутат өзү добуш берип жатат деп эсептейт.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Негизи эле парламент биринчи жолу гана сын угуп отурган жок. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын курамын эгемен кыргыз тарыхындагы эң алсыз, кесипкөй эмес парламент деп баалап келе жатышат.
Саясат талдоочу Чолпонбек Сыдыкбаевдин парламенттин ишмердиги тууралуу маеги:
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун төрт жылдык мөөнөтү аягына чыгып жатканына байланыштуу 18-январда жаңы директорлукка сынак жарыяланган. Конкурска талапкерлерден документтерди кабыл алуу 18-февралда аяктайт. КТРКнын башкы директорун Байкоочу кеңеш шайлайт.
Талдоочулар парламентте анын бир мүчөсүн шайлоо алдыдагы КТРКнын директорлугуна боло турган сынакка байланыштуу саясатташып кетти деп эсептешет. Активист, Жогорку Кеңештин мурдагы басма сөз катчысы Шайырбек Маматокторов буларга токтолду:
- Байкоочу кеңештин мүчөсүн шайлоо КТРК бийлик үчүн канчалык маанилүү экенин көрсөттү. Демек Илим Карыпбеков кетсе, анын ордуна келе турган талапкерди булар оңой өткөрүп алууну көздөп, күн мурунтан аракеттенип жатат. Мен буга президент өзү түздөн-түз киришип алды деп ойлобойм. Андан төмөнкү деңгээлдеги интригалар.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган беш мүчөсүн жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан парламент тандап алат.
Кен тармагындагы кемчиликтер
30-январда Кыргызстандын коопсуздук кеңеши кен тармагындагы абалды талкуулады. Расмий маалымат боюнча, тоо-кен тармагынан жылына 12 миллиарддай сом түшөт, бул ИДӨнүн сегиз пайызына, ал эми жалпы өндүрүштүн 40 пайызына барабар.
Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында айткан президент Сооронбай Жээнбеков тоо-кен тармагындагы маселелерге тийиштүү көңүл бурулбай, ал мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып калганын белгиледи.
- Тоо-кен тармагындагы комитетте иштеп жаткан жетекчилер, орун басарлары, кызматкерлер коррупциялык схема түзүп алган. Мына, бүгүн берген маалыматы чаржайыт. «Эмне кылам?» деген саясат деле жок. Бүгүнкү айтылган сөздү, Осмонбетов, «мына ушундай болуп жатат, ушундай кылабыз» деп сен айтышың керек болчу. Сага мен 25 мүнөт бердим. Бирөө жазып бергенди айтып коюп кетип жатасың. Баары эле тоо-кен тармагына коррупциялык схемага аралашып тезирээк байып кетүү максатында гана кирип жатат. Ал жерде криминал, аткаминерлер жүрөт. Ошонун баарын көрүп турган эл да «эмнеге мен четте калышым керек» дейт да! Кен иштетүү таза тармакка айланышы керек. Алып сатарлардын тармагы болбошу керек. Кен байлык алып сатарлардын кен байлыгы болбошу керек. Укук коргоо органдары мыйзамсыз казылып жаткан кен байлыктарга бөгөт коюшу зарыл. Муну жергиликтүү милиция, прокурор, Финполиция - баарыңар билесиңер, бирок тийбейсиңер.
Ал эми Башкы прокуратура былтыр Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетин текшерип, 40ка жакын мыйзам бузууну аныктаган. Анын негизинде 17 прокурордук чара актысы келтирилип, 24 адам тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов лицензияларды алып сатууга жол ачкан мыйзамдардагы кемчиликтерди атап өттү. Ал эми УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов лицензиянын көбү бул тармакты Дүйшөнбек Зилалиев жетектеп турган маалда берилип кеткенин билдирди.
Коопсуздук кеңешинин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик компания түзүүнү сунуш кылды:
- Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы мыкты адистер башка мамлекеттерде иштеп жатышканын билебиз. Бүгүн биз кадрлар боюнча кырдаалды жөнгө салып, тоо-кен тармагындагы ишканаларга чет жакта иштеп жүргөн өзүбүздүн мыкты адистерди тартышыбыз керек. Биздин оюбузча «Кыргызалтындын» негизинде мамлекеттик тоо-кен компаниясын түзүү зарыл. Азыр «Кыргызалтынды» көрүп жатабыз. Аны илең-салаң иштеген мамлекеттик компанияга айлантышты. Канчалаган кен байлыктардын ээси боло турган компания улам-улам башкаларга үлүштөрүн кескилеп берип отуруп, эң аягында Макмал эле калды. Макмалдын тагдырын көрүп жатасыздар, эми бир нукка салып чечип жатабыз.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Коопсуздук кеңешинде кен тармагындагы коррупция, мыйзамдагы кемчиликтер ачык көрсөтүлгөнү менен бул көйгөйлөр кандай болуп чечилери тууралуу так документтер жана чечимдер болгон жок.
Экономикалык эксперт Искендер Шаршеев кен тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн бийликте кескин чаралар бар деп үмүттөнөт:
- Менин оюмча кандайдыр бир иш-аракеттер сунушталган. Алардын айрымдары чечкиндүү, чоң таасир эте турган болсо, башкалары татаалырак болсо керек. Менимче, биздин бийлик ал чечимдерди ачыкка чыгарбай, жарыялабай эле аткарганга аракет кылат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстанда кен тармагы бир жагынан өтө коррупциялашкан, экинчи жагынан абдан эле саясатташкан тармак бойдон калууда. Кумтөр, Жерүй, Макмал, Бозумчак, Иштамберди сыяктуу кендердин тегерегинде нааразылыктар жана талкуулар улам бир басылып, бир күчөп келе жатат.
Венесуэладагы саясий жана конституциялык кризис
Венесуэладагы саясий жана конституциялык кризис күндөн-күнгө тереңдеп баратат.
2-февралда Венесуэланын аскер-аба күчтөрүнүн генералы Франсиско Яньес оппозиция лидери Хуан Гуайдону өлкөнүн "мыйзамдуу президенти" деп тааныды. Ал мындай кадамга барган биринчи генерал болуп калды. Яньес мамлекет башчысы Николас Мадурону "легитимдүү президент эмес" деп билдирген.
2-февралда тараган видеодо ал башка аскер адамдарын да Гуайдо тарапка өтүүгө чакырган. «Мен Куралдуу күчтөрдүн 90 пайызы диктатор менен эмес, Венесуэланын эли менен экенин билем» деди генерал Франсиско Яньес.
Венесуэладагы кризисте элдин бир тарабы президент Мадурону колдоп жатса, экинчи тарабы парламент төрагасы, өзүн убактылуу президент жарыялаган Хуан Гуайдого колдоосун көрсөтүүдө. Дүйнө мамлекеттери да Венесуэла бийлигин жана оппозициясын колдогондор болуп эки жаатка бөлүндү.
АКШнын вице-президенти Майк Пенс 1-февралда Флоридада венесуэлалык качкындар менен жолугуп, алардын адам чыдагыс кыйноолорун уккандан кийинки сөзүндө Венесуэлада эл өз укугу жана эркиндиги үчүн Мадурого каршы көчөгө чыгып жатат деди:
- Президент мени ушул жерге келүүмдү, Венесуэланын ак ниет адамдарына кажыбас колдообузду көргөзүүнү суранды. Венесуэланын эли абдан эле көп кыйналды. Бирок азыр үмүт бар. Венесуэлада үмүт бар. Ири жана чакан шаарларда эл өзүнүн укугун коргоп чыкты. Өткөн жумада президент айткандай, эркиндик үчүн күрөш башталды.
АКШнын президенти Дональд Трамп да ушул жумада өзүн Вененсуэланын “утурумдук президенти” деп жарыялаган Хуан Гуайдо менен телефон аркылуу сүйлөшүп, такай байланышта болууну макулдашкан.
2013-жылы Уго Чавес өлгөндөн кийин бийликти колуна алган Николас Мадуро 10-январда экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкен. 2010-жылдан бери саясий, экономикалык жана гуманитардык кризиске баткан бул өлкөдө ушундан кийин нааразылык акциялары кайра күч алган.
Ал эми 23-январда Улуттук Ассамблеянын спикери, 35 жаштагы саясатчы Хуан Гуайдо миңдеген элдин алдында өзүн “убактылуу президент” деп жарыялаган. АКШнын вице-президенти Майк Пенстин айтымында, ушул күнгө чейин Гуайдону 20дай мамлекет мыйзамдуу президент катары тааныды.
Европарламент да Гуайдону колдогон чечимин ушул жумада кабыл алды. Анын төрагасы Антонио Таяни биримдиктин башка институттарын да ушундай эле чечимге келүүгө чакырды:
- Европа парламенти Гуайдо мырзаны Венесуэланын “мыйзамдуу утурумдук президенти" катары тааныды. Европа институттарынын ичинен Европа парламенти биринчи болуп мындай кадамга барды. Европанын бирдиктүү жана күчтүү турумун бекемдөө үчүн биз Евробиримдикке мүчө мамлекеттерди жана шаркеттин жетекчилигин жакын арада ушундай кадамга баруусун чакырабыз.
Бир катар мамлекеттер Мадурону таза шайлоо өткөрүүгө, оппозиция менен сүйлөшүүгө отурууга чакырып жатат. Эгер Маудро таза жана адилетүү шайлоо өткөрүүдөн такыр эле баш тарта турган болсо, Европа Биримдигиндеги ири мамлекеттер - Британия, Франция, Германия жана Испания да Гуайдону президент катары тааный турганын Еврошаркеттеги дипломаттар билдирүүдө.
Хуан Гуайдону утурумдук президент катары Венесуэланын айланасындагы өлкөлөрдөн АКШдан башка Канада, Аргентина, Бразилия, Чили, Колумбия, Коста- Рика, Гватемала, Гондурас, Парагвай, Перу, Эквадор тааныды. Колумбиянын президенти Иван Дуке Маркес болсо, 1-февралда “Мадуронун сааты келип калды” деп билдирди.
Ошол эле кезде Орусия, Кытай, Иран, Түркия, Мексика жана Венесуэланын өзүндөгү негизги күч түзүмдөрүнүн жетекчилери президент Мадурону колдоп жатат. Москва анын өкмөтүн колдоо үчүн баарына даяр экенин билдирген. Мадуро Орусиянын "РИА Новости" агенттиги менен болгон маегинде президент Владимир Путин ага “ар тараптан колдоо көрсөтүп жатканын” айтты:
- Дүйнөдө Венесуэладагы окуяларга өзүнүн чыныгы кабатырлануусун билдирген бир канча өкмөт жана уюм бар. Алар диалог жүргүзүүгө үндөп жатышат. Мексиканын, Уругвайдын, Боливиянын, Орусиянын, Ватикандын жана айрым европалык өкмөттөр сүйлөшүүгө чакырууда.
Ал арада Хуан Гуайдо бийлик үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүп жатканын айтып чыкты.
Мурдараак Венесуэланын Жогорку соту ага өлкөдөн чыгууга тыюу салып, анын банк эсептерин камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Башкы прокуратурасы адам өмүрүн алган массалык башаламандыктагы оппозиция лидеринин ролун териштирип жатканы кабарланган.
- Эгер бүгүн бир нерсе болсом, адамдар эмне кылышты, аларга эмне керек экенин билишет. Конституцияны коргош үчүн биз Улуттук Ассамблеяда абдан так жолду көрсөттүк: бул узурпацияны токтотуу, өткөөл өкмөт жана эркин шайлоо. Бул Венесуэланын артка кайткыс жолу экенин баары көрсөтүүдө, - деди Хуан Гуайдо.
Былтыр Түштүк Американын бул өлкөсүндө инфляция 1,3 млн. пайыз көтөрүлүп, улуттук акчанын куну эбегейсиз түштү. Азык-түлүк, дары-дармек жана башка күнүмдүк эң керектүү нерселер таңкыс. Ачарчылыктан кутулуу аргасында 3 млн. жаран жакынкы чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болду.