Бейшембиде Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүн иликтөөдөгү жаңы жагдайлар жөнүндө коомчулукка маалымат берди.
18-ноябрга караган түнү Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү Төрт-Күл суу сактагычына чукул жерде ээн талаада табылган. 17-ноябрда облус прокурору, анын орун басарлары Аслан Байбосунов, Эмилбек Ажыбеков, облустук прокуратуранын бөлүм башчылары Алтынбек Кожоназаров, Уланбек Эгембердиев, Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбеков жана Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков тоого аңчылыкка чыгышкан.
Башкы прокуратуранын Тергөө жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев аңчылыктан кайтып келатканда, Калыков айдаган жол тандабаска Мамажакыповду салып кетип, жолдон экөө мушташып, ал прокурордун өлүмү менен аяктаганын айтты. "Мамажакыпов экөө машине менен баратканда ортосунда уруш чыккан. Машинени токтотуп, сыртка чыгып мушташа баштаганда Калыков мылтыгын көтөрүп чыккан" - деп чечмеледи Башкы прокуратуранын өкүлү.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Тергөөдө Калыков "мылтык кокустан атылып кетти" деп көрсөтмө берген. "Тамеки чегип жатканда кийип жүргөн бушлаты өрттөнүп, кийин Мамажакыповдун бушлатына өрт жармашкан" деп көрсөтмө берген. Ошол учурда ал катуу мас абалында болчу", - деди Бейшекеев.
Ал ошондой эле шектүү деп кармалган Калыковдун “күнөөсү толугу менен далилденгенин”, прокурордун сөөгү 80% күйүп кеткенин кошумчалады. Кылмыш ишинин алкагында алты прокурор кызматтан убактылуу четтетилгенин түшүндүрдү.
ИИМдин Тергөө кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Утемисов аңчылыкка прокурорлордон сырткары “Борбордук вино-арак заводу” ишканасынын облустагы жетекчиси Эрнис Базарбек уулу барганын кошумчалады. ИИМдин өкүлү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "аңчылыкка чыкканда аракты ушул киши алып келген. Ал башкача айтканда прокуратура кызматкерлерине кызмат кылган" - деди.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, кылмышка шектүү Мелис Калыков жана облустук прокуратуранын жетекчилери каргашалуу окуядан бир күн мурун тойдо чогуу болушкан. Алар ошондо бирге аңчылыкка чыгып келүүнү макулдашкан.
Дагы караңыз Прокурордун өлүмү: тергөөнүн версиясыБелгилей кетсек, буга чейин Калыков жетектеген Капиталдык курулуш башкармалыгына эки кылмыш иши козголуп, бири токтотулуп, экинчиси сотко өткөн. Калыковдун өзүнө административдик иш козголуп, ушул жылдын 2-мартында соттун чечими менен 10 миң сом айып салынган.
Тергөөдө бул козголгон иштер Калыковдун кызматына байланыштуу экени аныкталып, шектүү өзү “Анарбай Мамажакыпов “кылмыш ишин козгойм” деп коркуткандыктан өлтүргөм” деп көрсөтмө берген.
Туугандарынын сөзүнө караганда, 40 жаштагы Калыков “күнөөнү мойнума албайм” деп адвокатына айткан. Ал камакка алынгандан кийин күч кызматкерлери аны кыйнаганын билдирип, Кыйноого каршы улуттук борборго даттанган. Анын денесиндеги көк ала тактардын сүрөтү Интернетке жарыяланды. Прокуратура менен Ички иштер министрлиги “тактар Калыков кармалганга чейин эле болгон” деп ынандырууда.
26-ноябрда Баткен шаарында Калыковдун ата-энеси, жакындары болуп эки жүздөй адам нааразылык акциясына чыгышты. Шектүүнүн бир тууган эжеси Дарика Калыкова өз талабын айтты. "Иштен убактылуу четтетилген прокуратура кызматкерлери да мыйзамсыз аң уулоого чыгышканы, инимди ошол эс алууну уюштуруп бер деп кызмат абалынан пайдаланып мажбурлашканы, кызматтык унаасын дем алыш күнү жеке кызыкчылыктарына пайдаланышканы, жетекчилерин коргой албаганы, кылмыштын алдын албаганы үчүн жооп бериши керек деп эсептейбиз" - деп, анчылыкка барган калган адамдарды да камакка алууну талап кылды.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Баткендеги облустук прокурордун өлүмү коомчулукту нес кылып, укук коргоо органдарынын дарегине айтылып жүргөн сынды дагы күчөттү. Жергиликтүү серепчи Хаит Айкынов эки мамлекет менен чектешип турган Баткен облусунун стратегиялык маанисине басым жасайт. "Бажы биримдигинин чек арасы биздин аймакта турат. Бул аткезчилик чоң көйгөйдү жаратууда. Эбактан бери биздин облустан баңгизат трафиги да өтөт. Андыктан бул жакка эң мыкты даярдыктагы, тажрыйбалуу, күчтүү кадрлар жиберилиши керек" - деп белгилейт.
Айкынов "Баткенге тартип бузган же кандайдыр бир чара колдонулган кызматкерлер жөнөтүлгөн учурлар бар. Укук коргоо, күч түзүмдөрүндө кадрларды ишке алуу, аларды кызматына байланыштуу которуу же жайгаштыруу коррупциялык жол менен жасаларын баарыбыз билебиз" - деп сындады.
"Полис Азия" аналитикалык борборунун эксперти Назгүл Алдашева "күч түзүмдөрү - мамлекеттин күзгүсү. Эл алардын иши аркылуу мамлекеттик бийликти түшүнөт" деп баалайт. Эксперттин пикиринде, облустагы мекеменин жооптуу кызматкерлеринин оор кылмышка кириптер болушу "биринчиден, аларга элдин ишенимин азайтса, экинчиден, алар канчалык деңгээлде компетенттүү жана моралдык талаптарга жооп берет?" деген суроо коёт.
2009-2010-жылдары өлкөнүн башкы көзөмөл мекемесин жетектеген Нурлан Турсункулов "Азаттыкка" берген комментарийинде оболу прокуратура кызматкерлеринин жүрүм-турумуна байланыштуу маселеге көңүл бурду. "Бул жерде алар коррупциялашкан же криминалга аралашып кеткен дегенден алыспыз. Ишти үстүртөн караганда деле, ал жерде тартип керек. Эң башкысы прокуратура кызматкери өзүн туура алып жүрүүсү талап кылынат",- деп баса белгиледи.
Кыргызстанда коррупция терең тамыр жайган мамлекеттик мекемелердин сап башында Ички иштер министрлиги, соттор, прокуратура органдары турары белгиленип келет. Быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо жана көзөмөл органдары, соттор паракорчулукка батып калганын айтып, катуу сынга алган.
Кытайдагы боордоштордун тагдыры
Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети түзүлдү. Бейшембиде кайрылмандар жана коомчулук өкүлдөрү Бишкекте жыйынга чогулушту. Ал жерге келген ондон ашык кайрылман Кытайда дайыны чыкпай жаткан туугандарынын абалын билип берүүнү кыргыз бийлигинен суранды.
Туугандарынын сүрөтүн кармап, көздөрүнө жаш тегеренген кайрылмандар бир жылдан бери ооз ачуудан чочулап отурушкан. Кытайдан келип, кыргыз жарандыгын алган Алмамбет Осмон уулу жыйынга келген жигиттердин өмүрү коркунучта экенин эскертти.
"Мафиялык жолдор менен же башка күчтөр менен уурдатып кетпейби деп чочулап атабыз. Ушул жерде күч органдарынын өкүлдөрү болсо кайрылып кетебиз. Кыргызстанга корголоп келип жатабыз. Бизге көз салып туруңуздар. Айланайын, туугандар, мекендештер, жардам бергиле!" - деп отургандарга ыйламсырады.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кытайдагы туугандарынан кабар ала албай, аны ачык айтып чыгуудан коркуп жаткан кайрылмандар арбын экени да белгилүү болду. Жыйынга катышкан акыйкатчы Токон Мамытов маалыматты тактап, анын чын-бышыгына жетүү үчүн Кытайга барып келүүнү убада кылды. "Уруксат беришсе эле Ак-Чий ооданына барам, ошол жерден маалымат алууга аракеттенем. Лагерлерге алып баргыла деп суранам" - деген акыйкатчы "эки өлкө ортосундагы ынтымакка от коюп алышыбыз мүмкүн" деп да эскертти.
Соңку эки аптадан бери кытайлык кайрылмандар уюшуп, дайынсыз туугандарынын маселесин ачык айта башташты. 23-ноябрда кыргызстандык бир топ кайрылмандар Алматы шаарында өткөн жыйынга катышты. Алар жакындарын табуу аракетинде Казакстандагы “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмуна кайрылышкан.
26-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазышкан. Анын эртеси Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы кыргыздардын камалышы боюнча маалыматтарды текшерип жатканын билдирген.
Дагы караңыз "Кытайда казак-кыргыз катаал түрмөдө кармалууда"Кытайда кармалгандардын арасында буга чейин кыргыз жарандыгын алгандар да бар. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков мындай жагдайда мамлекет өз жарандарын коргоого милдеттүү деп эсептейт. "Эгерде биздин жаран камалып калса, анын укугун коргоого, талап коюуга биздин толук акыбыз бар. Себеби, ал биздин жараныбыз. Ал эми Кытайдын жарандары боюнча катуу талап кылуу оор. Ал ички саясатка киришкендей болуп калат" - деп түшүндүрдү.
Кайрылмандар президент Жээнбековго жиберген катында Кытайда профессор Мамбеттурду Мамбетакун, тарыхчы Аскар Жунус сыяктуу "интеллигенция өкүлдөрү" да камалып жатканын айтып, коңгуроо кагышат. Ошондой эле "саясий тарбия лагерлеринде" Абуталып Саамый, Султан Жасын, Малик Масмакун, Турдакун Абылет, Кенжакун Жумаалы, Сүйүналы Жүсүпемет, Сулайман Орозобай, Амантур Малик, Мүсүралы Үсөн, Камза Салымкожо, Абдылда Асанакун, сыяктуу 50 миңдей кыргыз отурганы көрсөтүлгөн.
Дагы караңыз Кытай кыргыздарынын кыжаалат кылган абалыТарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин бийликти, маданий-адабий коомчулукту кытайлык боордоштордун тагдырына кайдыгер болбоого чакырат. Профессордун белгилешинче, учурда Кытай мамлекетинде 202 миң кыргыз жашайт. "Алардын арасынан суурулуп чыгып, илим-билимдин эл аралык бийик сересине чыгып, таанылгандары саналуу эле. Алар билимдүү адамдар болгондуктан кайсы жерде кандай сүйлөштү мыкты билген адамдар. Алар дайыма террорчулукту, диний экстремизмди, радикал аракеттерди сындап келишкен. Ушундай шылтоо менен аларды кармап, күнөөлөгөнгө жүйө жок" - деди тарыхчы "Азаттыктын" талкуусуна катышканда.
“Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитетинин маалыматына караганда, кытай бийлиги жергиликтүү кыргыздарды 2016-жылдын аягынан тарта кармай баштаган. Алардын эсебинде ушул тапта 50 миңдей кыргыз камакта отурат.
Кытайдагы “саясий тарбиялоо лагерлеринде” камалган кыргыздардын жагдайы тууралуу Бээжинден жана Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.
Керч: Украина - Орусия тиреши күчөдү
Бир жума мурун Керч кысыгында болгон окуядан бери Орусия менен Украинанын тиреши басыла элек. 25-ноябрда Орусия Азов деңизи менен Кара деңизди байланыштырган Керч кысыгында чек араны бузуп кирди деп, Украинанын үч кемесин жана 24 деңиз аскерин кармап кеткен. Алар эки айга камалып, Москванын "Лефортово" түрмөсүнө жеткирилди.
Деңиздеги окуяны Киев “агрессия”, ал эми Москва “чагым” деп баалады. Кремлдин көз карашында аскерлер чек араны бузуп киргенден кийин кармалган.
Дагы караңыз Порошенко Азов деңизине НАТОдон жардам сурадыУкраина ушундан кийин аскердик абал жарыялаган. Киев мындай кырдаалда Орусиянын 16 жаштан 60 жашка чейинки эркек жарандарына өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Петро Порошенконун 30-ноябрда “Твиттерге” жазганына караганда, бул чектөө украин жергесинде жеке “жалданма аскерлерди” түзүүнү токтотуу максатында киргизилди.
Украин парламенти – Жогорку Рада өлкөнүн Орусия менен чектешкен 10 аймагына 30 күнгө аскердик абал киргизүүнү 26-ноябрда колдоду. Анын алдында президент Порошенко өлкөгө аскердик абал киргизүү жөнүндө жарлыкка койду.
1-декабрда Аргентинада Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусиянын президент Владимир Путин менен жекече жолугушту. Канцлердин өкүлү Стефан Зайбергдин айтканына ылайык, эки лидер Сириядагы согушту жөндөө жана Украина менен Орусия ортосундагы чыңалуу жөнүндө да сүйлөштү.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтканына караганда, Меркел Путинден украиналык аскерлерди бошотууну өтүнгөн. Путин маселе "сотто чечилерин" айтып жооп берген.
АКШ президенти Дональд Трамп Керчтеги кризистен улам Орусия президенти Валдмир Путин менен Аргентинадагы буга чейинки макулдашылган жолугушуусунан баш тартты. Москванын андан мурдарак билдиргенине караганда, эки лидер 1-декабрда жолугуп, Сирия, Иран жана Түндүк Корея маселесин талкуулашмак болгон.
Европа Биримдигинин Тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Орусияны кармалган деңиз аскерлерин тезинен коё берүүгө жана аларга медициналык жардам көргөзүүгө үндөдү.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг "украин өкмөтүнө өз колдообузду билдиребиз" деп белгиледи. БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш тараптарды мүмкүн болушунча сабырдуу болууга жана тирешүүнү токтотуунун аргасын табууга чакырды. Ушундай эле пикирди Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен болгон маалымат жыйынында айтты.
Эстониянын президенти Керсти Кальюлайд Орусиянын аракетин "Европадагы согуш" деп баалап, "бул эч качан адаттагыдай иш деп кабыл алынбашы керек" деди. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Керч кысыгында түзүлгөн кырдаалды президент Порошенко менен талкуулап, муну “Орусиянын агрессиялык актысы” деп айыпташкан.
Украинанын коопсуздук кызматынын жетекчиси Василий Грицактын билдиргенине караганда, 25-ноябрда Керч кысыгында кармалган кемелерде Украинанын Коопсуздук кызматынын аскердик контрчалгын офицерлери болгон. Грицак офицерлер Украинанын мыйзамдарына ылайык, өлкөнүн аскер-деңиз бөлүктөрүндө контрчалгын тапшырмаларын аткарып жүрүшкөн болчу деп маалымдады.