Апта: элчи башпаанек сурады, журналист жоголду

Кылычбек Султан жана Эрлан Абдылдаев.

Апта ичинде Кыргызстанда жана дүйнөдө болгон урунттуу окуяларга сереп.

Элчинин билдирүүсү

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын айланасындагы окуя өтүп бараткан апта ичиндеги эң чуулгандуу темалардын бири болуп калды.

Алгач элчи Тышкы иштер министрлигиндеги коррупциялык фактыларды тизмектеп, иликтөөгө алууну президенттен суранганы белгилүү. Бирок президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен иликтөө жүргүзгөн Коопсуздук кеңешинин катчылыгы негизги күнөөнү Кылычбек Султандын өзүнө койгону кызык болду. Муну катчылыктын корутундусунда келтирилген он чакты мисалдан көрүүгө болот.

11-октябрда жарыяланган тыянакта Тышкы иштер министрлигиндеги мыйзам бузуулар учкай гана белгиленип, Султандын мурда Малайзияда элчи болуп тургандагы мыйзамсыз аракеттери кенен белгиленген. Бул маалыматтар жарыяланары менен ошол эле күнү Кылычбек Султан өзүнө коюлган айыптардын баарын төгүнгө чыгарып, Коопсуздук кеңешин бир тараптуулукка айыптады.

Андан ары аталган окуя өтө тез өнүктү. 12-октябрда түш оой тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өз арызы менен иштен кеткени кабарланды. Көп узабай эле элчи Кылычбек Султан да кызматынан бошотулду. Президенттик аппарат болсо экөөнүн тең иштен алынышына Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын чечими негиз болгонун четке каккан жок.

Дагы караңыз Эки аткаминерди иштен кетирген жаңжал

Буга оро-пара Кылычбек Султан өзү “президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин таануудан баш тартып, чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылганын” социалдык тармактагы баракчасына жазып жиберди. Ал билдирүүсү “Фейсбукта” азыр деле сакталып турат.

“Азаттык” аны менен түз байланыша албаганы менен “Апрель” телеканалына иштен бошотулган элчи пикирин мындайча бекемдеди:

- Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын иликтөөсү калыс өтүшү үчүн алар Кыргызстандын президенттик аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиевди кызматтан убактылуу четтетип турушу керек эле. Же мени чакырып, сурашы керек болчу. Мени угушкан жок, менин документтеримди карашкан да жок. Алар сырттан гана иликтөө жүргүзүп, соңунда 90% мени айыптап коюшуптур. Ошондуктан бул бийлик акыйкат болоруна ишеним жоголду. Акыйкатсыз бийликке баш ийгим келбейт жана “мени эмне кылсаңар ошол кылгыла” деп айта албайм. Мен, маселен, Сапар Исаковду эмне кылып жатышканын көрүп жатам. Анын акыйкатсыз камалганын көрүп туруп, мага карата да ушундай мамиле болорун жон терим менен сезип жатам. Ошол себептүү мен чет өлкөдөн башпаанек сурадым. Мен үчүн президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги эч ким эмес. Ал мындай шоуларын өзүнүн ишенчээк адамдарына айта берсин. Эгер президент өзүнүн үй-бүлөлүк, кландык режимин орнотуп, артынан тууганын калтырып кетпесе эле мен кийин Кыргызстанга барып актыгымды далилдейм. Андай болбосо мен сырттан туруп Жээнбековдун бул үй-бүлөлүк кландык режими менен күрөшө берем, - деди Кылычбек Султан.

Толгонай Стамалиева

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева элчинин бул билдирүүлөрүн “айткандары иликтенип жатканына карабай, Кылычбек Султандын башка өлкөдөн башпаанек сурап жибергени таң калычтуу” экенин айтты. Ал ошондой эле “эч качан элчиге карата куугунтук болбогонун” белгиледи.

Толгонай Стамалиева мындан сырткары Кылычбек Султан президентке мурдатан жолугууга аракет кылып келгенин ырастады:

- Жай айларында Кылычбек Султан президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу өтүнүчү менен кайрылган болчу. Бирок ал “Супер-Инфо” гезитинин редактору же ээси катары эмес, элчи катары жолугушуусу керек болгондуктан биз президенттин иш графигинде элчилерди кабыл алуу күз айларына туш келерин, ошондо кабыл алаарын айтканбыз. Ал болбой эле, “президенттин өзүнө жолугам, мен саясатчы катары көрүшөм” деп туруп алган. Белгилеп коюш керек, ал учурда элчи коррупция тууралуу айтам деген эмес. Ошондуктан биз аны ТИМге же президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө кайрылуусун сунуштаганбыз. Ошентип Кылычбек Султан өкүнгөнүн жашырбай, чыгып кеткен. Анан кийинчерээк эле массалык маалымат каражаттарынан Тышкы иштер министрлигиндеги коррупциялык көрүнүштөр тууралуу айтып чыкты. Натыйжада президент фактыларды иликтөөнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырып, эки тараптын тең жүйөлөрүн эске алып, адилет иликтөөнү эскерткен. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, катчылыктын корутундусунун бир бөлүгүн коомулукка тараттык. Купуя маалыматтар да болгону үчүн албетте баарын берген жокпуз. Анда эки тараптын тең жүйөлөрү тастыкталган жана ага укуктук баа берүү үчүн материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү,-деди Стамалиева.

Мурдараак Кылычбек Султан өзү да президентке бир нече ирет жолугууга аракет кылганын, андан майнап чыкпаганын айткан.

Маалым болгондой, ал Тышкы иштер министрлигиндеги коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө 24-сентябрда Бишкектеги атайын басма сөз жыйында көтөргөн. Анда элчи чет өлкөдөгү элчиликтер кымбат баалуу автоунааларды контрабандалык жол менен алып келип жатканын, элчиликтерге тиешелүү мамлекеттик номерлердин жана дипломатиялык паспорттордун тиешеси жок адамдарга берилип кеткенин жана башкаларды да белгилеген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кылычбек Султан: Элчиликтерде коррупция бар

Деген менен ушул күнгө дейре коомчулук элчинин бул билдирүүлөрү боюнча эки ача пикирден чыга алган жок. Бир даары Кылычбек Султанды “мамлекеттик кызматта туруп коррупцияны ачык айткан баатыр” катары сыпатташса, экинчи тарап “мындай билдирүү дипломаттын кыла турган жумушу эмес” деп сынга алып келатышат. Анын акыркы аракеттеринен кийин бул талкуу андан бетер күчөдү.

Эл аралык мамилелер жана дипломатия боюнча эксперт Таалатбек Масадыковдун пикирин окуп көрөлү:

- Бул аябай өкүнүчтүү нерсе. Муну менен өлкөнүн ичинде эле уят болгон жокпуз, эл аралык деңгээлде да абийирибиз төгүлдү. Албетте мен Кылычбек Султандын маалымат жыйын өткөрүп, кийинки кадамдарга барганын дипломатияга жатпаганын айтып, туура эмес деп эсептейм. Аны жеткирүүнүн башка жолдору бар. Бирок экинчи жагынан, жөнөкөй адам катары карай турган болсок, ошол айтылган нерселер көп жылдан бери болуп жатса, ал аны көрүп туруп чыдабай, жарылып кеттиби деген да ойго келесиң. Үзгүлтүксүз күрөшүп жатып, анан акыркы чарасы ошол болгон окшойт. Баары бир сен бир мамлекеттин өкүлү болгондон кийин жети өлчөп бир кесишиң керек. Башпаанек сураганы да ошондой бир шашкалактык болду окшойт. Мунун баары Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын деңгээлин көрсөтүп жатат. Акыркы жылдары, мурдагы президенттин маалында таптакыр кесипкөй эмес, өздөрү ишенген эле адамдарды кызматка алып келгенинин жыйынтыгы ушул. Элчилер жалаң же турист, ишкер же президентке жакын адамдар коюлуп келгенинин аягы ушул болду.

Бул арада Кылычбек Султанды мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен байланыштырып, анын аракеттерин экс-президент менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун тирешүүсү катары баалагандар да болуп жатат.

Мурдагы элчи социалдык желедеги билдирүүлөрүндө Сапар Исаковдон башка Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровдорду да мисал келтирип, алар камактан чыкпаса азыркы бийликти тааныбай турганын айтууда. Бирок “Фейсбук” колдонуучулары анын “эмне үчүн аталган саясатчылар камалган учурда мындай билдирүү менен чыкпаганын” сынга алып жатышат.

Сыягы мурдагы элчинин тегерегиндеги талаш-тартыш жана билдирүүлөр келерки аптада да уланып, коомчулукту зериктирбейт окшоп калды.

Жоголгон журналистке байланыштуу жаңы жагдайлар

Бул аптада Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна кирип кеткен боюнча табылбай жаткан “журналист Жамал Хашоггинин тагдыры боюнча жаңы жагдайлар ачыкка чыкты.

10-октябрда түрк өкмөтүнө ыктаган “Сабах” гезити "саудиялык журналисттин дайынсыз жоголгонуна тиешеси бар" деп, Сауд Арабиясынын 15 жаранынын аты-жөнүн жана сүрөттөрүн жарыялады. Гезиттин жазганы боюнча, атайын агенттер же өкмөт өкүлдөрү катары мүнөздөлгөн бул кишилер Хашогги дайынсыз жоголгон 2-октябрь күнү эки чартердик учак менен Түркияга келишкен. Басылма кабарлагандай алар консулдукка киргенден кийин кайра ошол күнү эле Стамбулдан Эр-Риядга учуп кетишкен.

Дагы караңыз Саудия жоголгон журналисттин көзүн тазаладыбы?

Буга улай Түркиянын TRT мамлекеттик телеканалы "сауд жарандарынын Стамбулдагы аэропортко конуп, мейманканага жайгашканын жана өлкөдөн чыгып кетип жатканы көрсөтүлүүдө" деген тасманы жарыялады. Ал видеодон Хашогги консулдукка киргенден кийин дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагынан терезелери караңгылатылган унаалар чыгып кетип жатканын да көрүүгө болот.

Маалым болгондой, журналист Жамал Хашогги 2-октябрда жоголгон. Ошол күнү ал колуктусу Хатиже Женгиз менен бирге Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна мурунку никесинен ажырашкандыгы тууралуу документтерди алганы барган. Журналист колуктусун эшиктин алдына калтырып, өзү консулдукка кирип кеткен боюнча чыккан эмес. Журналистти түн ортосуна чейин күткөн колуктусуна дипмиссиянын кызматкерлери чыгып, журналист Хашогги кетип калганын айтышкан.

Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиялык басылмалар ошондон бери Жамал Хашогги дипломатиялык мекеменин имаратында киши колдуу болушу мүмкүн экенин жазып жатышат. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган окуяны өз көзөмөлүнө алганын айтып, саудиялыктарды окуя тууралуу ачыгыраак жооп берүүгө чакырды.

- Бул окуя боюнча айтарым - полиция иликтөө жүргүзүп жатат. Учурда басма сөз каражаттары карама-каршылыктуу маалыматтарды берип жазышууда. Мен президент катары бул ишти өз көзөмөлүмө алдым. Саудиянын консулдугундагы жоопкер адамдар жөн гана "ал чыгып кетти" деп айтып, кутула алышпайт. Алар так далилдерди көрсөтүшү зарыл.

Бул ортодо “Рейтерс” агенттиги жана “The New York Times” гезити Хашоггинин көзүн тазалаш үчүн "тез жана татаал бир операция" жүргүзүлгөнүн түрк коопсуздук кызматындагы булактарга таянып жазып чыкты. Басылмаларга маалымат берген түрк расмий өкүлү Хашогги консулдукка киргенден кийинки эки сааттын ичинде өлтүрүлгөнүн жана анын денеси электр араасы менен мүчөлөнгөнүн айтып берген. Бирок бул маалыматтар расмий түрдө тастыктала элек. Саудиянын бийлиги мындай дооматтарды караманча четке кагып жатат.

Бириккен Улуттар Уюму журналисттин дайынсыз жоголушун “зомбулук сыяктанат” деп баалап, Түркия менен Сауд Арабиясын окуяны иликтөөгө үндөдү. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Саудияны кылдат иликтөөгө жардам берүүгө жана жыйынтыгын ачык-айкын көрсөтүүгө чакырды. Британия болсо Жамал Хашоггинин жоголушуна байланыштуу саудиялык аткаминерлерге санкция киргизиши мүмкүндүндүгүн "Independent" гезити өз булактарына таянып жазды.

Эмилбек Момунов.

Бул окуяга Кыргызстандын журналисттер коомчулугу да кайдыгер карабай, Хашоггинин тагдырына кабатырлануусун билдирүүдө. Араб жарым аралы тууралуу макалаларды жазып жүргөн кабарчы Эмилбек Момунов мындай дейт:

-“Бир уйдун мүйүзү сынса миң уйдун мүйүзү зыркырайт” дегендей эле Жамал Хашоггинин Стамбулда өлтүрүлүшү улутуна же мамлекетине карабай эле дүйнөдөгү көпчүлүк журналисттерди кабатырга салып жатат. Себеби ал оппозициялык журналист экен, учурдагы Сауд Арабиясынын бийлигин сындап келиптир. Бул журналисттин коопсуздугуна жана сөз эркиндигине да маселе жаратты. Бул дүйнөлүк коомчулуктун назарына алынып, сынга алынбаса дагы деле уланып кете бериши мүмкүн. Ошондуктан Түркиянын бийлиги окуяны тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазага тартышы керек. Түркияга демократияга жана журналисттердин укугун канчалык деңгээлде коргойт эми ушул ишти аягына чыгарабы, чыгарбайбы ошондон көз каранды. Антпесе бул өлкө да аброюн жоготот.

59 жаштагы Жамал Хашогги бир катар араб жана Батыш мамлекеттери менен кызматташып келген "Al Arab News" каналынын жетекчиси болгон. Ал Эр-Рияддын азыркы саясатын ачык сындап келгени менен белгилүү. 2017-жылы Сауд Арабиясынан чыгып кеткенден кийин ал журналистикадан алыстабай, "Washington Post" гезитине макалаларын жарыялап, Эр-Рияддын саясатын сындап келген.

Кыргыз-казак “соода кармашы”

Өтүп бараткан аптанын башында, 8-октябрда Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизди. Аталган мекеме коңшу өлкөнүн Кыргызстан менен чектеш аймактарында куш тумоосу боюнча маалыматтан улам ушундай чечим кабыл алынганын айткан.

10-октябрда Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын казак тараптан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизгенин "мыйзамсыз" деп билдирүү таратты. Анда казак тарап Бишкек жүйө келтирген Алматы облусунда акыркы он жылда куш тумоосу катталбаганын белгилеген. Ал эми "Ньюкасл" аттуу ылаңга байланыштуу Түндүк-Казакстан облусунун Айыртау районундагы карантин бир ай мурда алынып салынганы айтылган.

Дагы караңыз Кыргызстан Казакстандын тоок этине чектөө койду

Жооп чара катары Казакстандын Айыл чарба мекемеси Кыргызстандан эт азыктарын ташып кирүүгө 12-октябрда убактылуу чектөө киргизип жиберди. Алар да муну "Кыргызстанда малдын ылаңы боюнча абал жакшы эмес болуп жатканы" менен байланыштырган.

Буга кыргыз тарап нааразылыгын билдирип, Астанага кат жөнөттү. Бишкек мунун артынан 13-октябрда кайра Казакстандан тоок этин ташып келүүгө чектөөнү алууга аргасыз болду.

Ветинспекциянын басма сөз катчысы Рахат Садырбекова чектөөнү кайра алуунун себебин мындайча түшүндүрдү:

- Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы коңшу Казакстан республикасынан алынып келине турган тоок эттерине, тоок продукцияларына киргизилген убактылуу чектөөнү алып салды. Буга коңшу өлкөнүн тиешелүү мекемесинин лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы бизге келгени негиз болду.

Садырбекова ошондой эле чектөөнү алынышы казак тараптын этке тыюу салышы менен байланыштуу эмес экенине ишендиргиси келди.

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

Санкт-Петербург шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алгачкы эки жылдыгынын жыйынтыгын чыгарышты.

Ага карабай адистер эки коңшу өлкөнүн азык-түлүк жаатында минтип акыйнек саясат жүргүзүп жатышканын сынга алышууда. Эксперттер муну биринчи кезекте Кыргызстан менен Казакстан мүчө болгон ЕАЭБнын толук калыптанбаганы менен да байланыштырып жатышат. Айыл чарба боюнча эксперт, экономист Аманкул Зулпукаровду угалы:

- Менимче Кыргызстан тарап казактардын тоок этине киргизген чектөөсү аягына чейин ойлонулбаган чечим болуп калды. Жөн эле бир сөздөргө таянып эле иш жасап коюшту окшойт. Аны киргизгенден төрт күндөн кийин кайра алып салышканы деле түшүнүксүз нерсе болду. Ошол эле учурда Казакстандын биздин этке тоскоолдук кылышканы да туура эмес. Биринчиден, коңшу, бир тууган эл, мамлекетпиз дейбиз, экинчиден, ЕАЭБнын курамына киребиз. Ага карабай ушинтип балдардын “конфет бербесең, мен да бербейм” дегендей бир мамилесине түшүп калганыбыз орунсуз. Ушунун өзү да бул биримдик быша электигин көрсөтүп жатат. Балким төмөнкү деңгээлдеги жетекчилердин чечими болуп, жогору жак уккандан кийин кайра жолго салышкандыр. Бирок баары бир жакшы нерсе эмес.

Деген менен Кыргызстан тоок этине чектөөнү алгандан кийин Казакстан этке тыюусун жоёбу деген суроонун башы ачык калды. Алынбаса мындан Кыргызстандагы ондогон ишканалар жабыр тартышы мүмкүндүгүн адистер эскертишүүдө.

Лондондун жаңы чарасы жана Максим Бакиев

Британия бийлиги жаңы антикоррупциялык мыйзамынын кылтагына илинген алгачкы чет өлкөлүк жарандын атын жарыялады. Ал Азербайжандын эл аралык банкын 2001-2015-жылдары жетектеген Жахангир Хажиевдин бир канча жылдан бери Лондондо жашап келген жубайы Замира Хажиева болуп чыкты.

Иликтөөдө Лондондун так ортосундагы 30 миллион доллар турган бир үйү жана Аскоттогу гольф клубу бутага алынган. Ал он жыл ичинде бир эле дүкөндө кеминде 21 миллион доллар короткону аныкталды. Ошондой эле 42 миллион долларга сатып алган “Гольфстрим G550” чартердик учагы менен эки жакка каттап турган. Эми ал мынча акчаны кайдан тапканын далилдеп берүүгө тийиш.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Лондон: акча чачкан азери аял

Бирок Хажиеванын күйөөсү Жахангир Хажиев Азербайжанда кызматтан кеткенден кийин ири көз боёмочулукка шектелип, банктан он миллиондогон долларды чыгарып кетти деп айыпталган. 2016-жылы Азербайжанда 15 жылга эркинен ажыратылган. Азербайжандын Каржы министрлиги аны баш-аягы 3 миллиард доллардын изин жашырган деп айыптаган.

Ошол себептүү Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук агентиги Хажиеванын байлыгы анын банкир күйөөсүнүн арам акчаны адалдоо аракети менен табылганына ишенет. Агенттиктин экономикалык кылмыштар боюнча жетекчиси Дональд Тун "Твиттердеги" билдирүүсү менен жаңы чара эми башка байларды да бутага аларын ишара кылды:

- Бул мыйзам өлкөнүн жана борбор калаа Лондондун кыймылсыз мүлк рыногундагы арам акчаны адалдоо көйгөйүнө каршы натыйжалуу күрөшүүгө көмөктөшөт. Биз башка иштерди да Жогорку сотко алып келүүгө камданып жатабыз.

Жыл башында жарыяланган Британияда күмөндүү байлык кайдан келгенин, шектүү турак жай кайсы акчага сатылып алынганын териштирүүгө жол ачкан жаңы мыйзам иштей баштаган. Ага ылайык, соттун буйругу чыкса, кайсы бир адам өзүнүн байлыгынын булагын көрсөтүп берүүгө милдеттүү. Анте албаса мүлкүнөн ажырап калышы мүмкүн.

Коррупцияга каршы күрөшкөн Британиядагы “Глобал Уитнесс” уюму жаңы чараны Британиядан баш калка тапкан мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиев жашайт делген хансарайды иликтөө үчүн колдонсо болорун билдирип келет. Бирок анын үй-мүлкү текшерилеби же жокпу азырынча белгисиз.

Зарылбек Рысалиев.

Бул арада Кыргызстандын саясий коомчулугу Максим Бакиевди Британиядан экстрадициялап, Бишкекте жазага тартууну талабы токтой элек. Мурдагы ички иштер министри, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев буларга токтолду:

- Чындап аракет кылса, ар кандай механизмдерди иштеп чыгып, аларды алдырып келүүгө аракет кылса жыйынтыгы чыкмак. Бирок ошондой киши да чыкпады, аракет да көрүү болбой жатат. Алардын мыйзамдары менен биздин мыйзамдарды карап, анализдеп чыкса бир нерсе табылат да. Жөн эле алакан жайып олтургандык бери дегенде осолдук болуп калууда. Биздин бийлик, Башкы прокуратура же башка органдар аракет кылбаса Британиянын укук коргоо органдары биздин оозубузга аш салып бермек беле. Кыймылдаш керек болчу. Максим Бакиевди кармап келүү өтө маанилүү. 200-300 миллион долларды чыгарып кеткени ачыкталгандан кийин, аларды кармап келип, акчаны кустуртуу азыркы кысталып турган бюджет үчүн да керектүү чечим болмок.

Максим Бакиев сегиз жылдан бери Лондондун четиндеги кымбат делген райондордун бириндеги хансарайда жашары кабарланып келет. Ал хансарай 2010-жылы 3,5 миллион фунт стерлингге сатылып алынса, азыр анын баасы алда канча жогору экенин “Глобал Уитнестин” изилдөөчүлөрү белгилеп жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.