Апта: Жээнбеков аймактарда, тажик-өзбек ымаласы

Президент Сооронбай Жээнбеков Ноокендеги жолугушууда.

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул аптада Ош жана Жалал-Абад облустарында иш сапары менен болду. Мамлекет башчысы аймактарда жергиликтүү актив жана коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуп, андагы көйгөйлүү маселелерге көңүл бурду. Президент жергиликтүү бийликтин ишмердиги коюлган талаптарга шайкеш келиши керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жакында коррупцияга каршы күрөш борбордон аймактарга жетээрин айтып, элден пара алууга кынык алган жана казынага кол салган жергиликтүү жетекчилерди эскертти:

- Бул жерде Базар-Коргон, Ноокен, Майлы-Суунун "каймактары" - райондор, шаарлар менен облустун жетекчилери отурасыңар. Силер да эми өзүңөрдөн баштагыла. Коррупция жогору жакта гана эмес, бул жакта да толтура экенин билебиз. Ачык айтсам, схемалар бул жакта да бар. Бул жакка да жетебиз. Мен тутумдашкан, тамырлашкан коррупция боюча фактыларды изилдеп таап, чара көрүү боюнча тапшырма бердим. Райондорго чейин келебиз. Райондук ЗАГС, мамкаттоо, архитектура, укук коргоо органдары эмне иш менен алек болуп жатасыңар? Билбей калат деп ойлобогула, биз баарын билебиз. Ошон үчүн "эсиңер барда этегиңерди жыйгыла".

Жолугушууга кире албай калган аялдар.

Ошол эле кезде Кочкор-Атада президент менен жолугушууга айрым жарандар кире албай калганы жана жыйынга катышууга аракет жасаган учурда милиция аларды кармап, сот аларга акчалай айып салганы белгилүү болгон. Президент менен Кочкор-Ата шаарынын 470 орундуу маданият үйүндө өткөн жолугушууга Ноокен, Базар-Коргон жана Майлуу-Суу шаарынын тургундары чакырылган. Бирок ар бир айыл өкмөткө бөлүнгөн 23 орун муниципалдык жана жетекчилик кызматкерлерден арткан эмес.

Тизмеге кирип, бирок келбей калгандардын ордуна жыйынга киргизүүнү талап кылган беш аялдын бири Бурулкан Ибрагимова жергиликтүү милиция күч колдонгонун айткан болчу:

- 14-августта президенттин Кочкор-Ата шаарында эл менен жолугушаарын угуп, райондук администрацияга жана Сакалды айыл өкмөтүнө кайрылганбыз. Айыл өкмөт башчысы тизме толуп калганын, жолугушууга барса болоорун бизге оозеки эскерткен. Президенттин жолугушуусуна тизмеде жоктугубуз үчүн киргизилген жокпуз. Коопсуздук кызматынан келбеген адамдардын ордуна киргизүүнү өтүндүк. Алар ага макулдук берген жок. Айрым жергиликтүү бийлик башчылары бизди бул жерден алып кетүүнү милицияга табыштады. Биз өз алдыбызча кетүүгө макул болдук. Артка бараткан жолдо, милиция унаа менен келип кармап кетти.

Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев президент менен жолугушууга кире албай калган жарандардын маселеси чечилгенин белгиледи. Эркинбек Маматаев 18-август күнү тараптар жолугушуп, өз ара түшүнбөстүк жөнгө салынганын айтты:

- Алардын айыл аймагынын башчысына бир аз таарынычы бар экен. Ортодогу түшүнбөстүк маселесин териштирип, жеринде чечтик. Анан айыл аймагынын башчысын, чогуу келген аксакалдар болуп биригип, аталган жарандарыбыз менен жараштырып, бата кылдык. Тараптар өз ара тил табышышты. Ал адамдар 14-август аларга тизмеде башка орун жоктугу тууралуу эскертилгенин, бирок жолугушуу стадиондо өтөт деген жаңылыш кабардан улам ал жыйынга келип калышканын айтып түшүндүрүштү.

Президент менен жолугушууга катышкандар.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы милиционерлер аталган беш аял ызы-чуу чыгарып, жыйынга күчкө салып кирүүгө аракет жасаган кезде кармалганы боюнча түшүндүрмө берген. "Алар коомдук тартипти бузганы үчүн Кочкор-Ата аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жана ашыкча мыйзамсыз күч колдонулган эмес", - деп айтылат расмий маалыматта.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев президент менен жолугушууга келип, бирок айыпка жыгылган жарандарга карата жергиликтүү милициянын мамилесин бийликтин беделине көлөкө түшүрө турган көрүнүш катары баалады:

- Жергиликтүү бийлик азыркы учурдагы аткаруу бийлигиндеги эң эле алсыз анан жаңыча өзгөрө албай жаткан бийлик бутактарынын бири болуп калды. Азыр мезгил өзгөрүп, талап өзгөрүп жатса да, ага карабай эле азыркы учурдагы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү мурдагыдай эле эскиче иштегенге үйрөнүп алышкан. Азыркы жергиликтүү бийлик абдан чоң өзгөрүүгө муктаж. Айыл аймактарынын башчылары менен акимдерге абдан чоң талап коюлушу керек. Ал жерде мүмкүн ошол беш аял менен анча-мынча кайым айтышуу болсо керек. Анан эле жергиликтүү милиция аларды кармай салып, сотко алып бара калса, тез арада аларды айыпка жыга салгандай чечим чыгарып берген соту да даяр экен. Эгерде криминалга каршы мына ушундай аракет кылышса мен абдан кубаттайт элем. Бирок алардын алы беш аялга жетип жатпайбы. Бирок президентке жолугабыз деп келген жарандарыбыз да бардык маселени президентке жеткирүүнүн зарылдыгы жоктугун, аны ошол жердеги жергиликтүү бийлик өзү эле чечүүгө милдеттүү экенин дагы түшүнүшсө жакшы болот эле.

Кочкор-Атадагы окуяга байланыштуу социалдык тармактарда президенттин аймактардагы жолугушууларына мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жана атайын чакырылган адамдар гана киргизилип, ачуу сын-пикир айткысы келген жарандарга жол берилген жок деген пикирлер айтылды.

Жарандык активист Айгүл Нуркамилова президент аймактарды кыдырууда карапайым тургундар менен түздөн түз ачык жолугушууга барып, жасалмалуулуктан алыс болушу керек деп эсептейт. Анын айтымында, президент менен жолугуша тургандардын тизмеси алдын ала даярдалган:

- Мындан он беш күндөй мурун эле кимдер президент менен жолугушууга келе турганын аныктап, алдын ала эле тизмелерди такташкан экен. Негизи эки райондун жана бир шаардын тургундары менен 400 орундуу кичи залда жолугушуу уюштуруу туура эмес. Өлкө башчысы ар бир тургундун үнүн угуш үчүн чоң стадионду тандашы керек болчу.

Бирок президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева мамлекет башчысы жер-жерлерде атайын даярдалган адамдар менен гана жолугушуп, элдин чыныгы көйгөйүн уга алган жок деген сынды жокко чыгарды. Анын айтымында, президент аймактарды кыдыруу учурунда жергиликтүү жетекчилерге мактап-жактагандарды гана чогултуп, жыйындарды жасалма түрдө уюштурууга каршы экенин эскерткен. Президент эгерде кайсы бир жетекчинин мына ошондой жасалмалуулукка жол бергени аныкталса, аларга чара көрүлө турганын айтып, аларды калктын калың катмары менен байланышты чыңдоого үндөгөн.

Толгонай Стамалиева.

Толгонай Стамалиева Кочкор-Атадагы жолугушууга киргизилбей калган беш жарандын маселеси териштириле турганын айтты. Ал ошол эле кезде президент менен жолугушууда айрым жарандардын ачуу чындыкты айтууга мүмкүнчүлүгү болгонун мисал келтирди:

- Беш жараныбыздын президент менен жолугушууга кире албай, жергиликтүү кызматкерлердин калпыстык кетиргенин кийин угуп, аны өкүнүү менен кабыл алдык. Бирок коомчулук өкүлдөрү менен жолугушуу жасалма мүнөздө уюштурулду деген сөздү так кесе жокко чыгарабыз. Анткени мамлекет башчысы менен болгон жолугушууда өз арыз-армандарын айткан, элдин көйгөйүн көтөргөн ачуу сөздөр дайыма болот. Мисалы, Кочкор-Атада болгон жолугушууда биздин бир жараныбыз жергиликтүү аткаминерлерге, бийликке карата нааразычылыгы боюнча президентке кайрылуу жасады. Ал конкреттүү ысымдарды атады. Жолугушуу жасалма түрдө өтсө же кандайдыр бир кысымдар болсо, ишенич болбосо анда ал жараныбыз ошондой ачык кайрылуу менен чыга алмак эмес. Ошондуктан президент ал жарандын арызын кабыл алып, аны текшертип, маселени жеке көзөмөлүнө алаарын айтты.

Ок жеген жабырлануучунун арызы

Президентке арызданган жаран Базар-Коргон райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн мурдагы кызматкери болуп чыкты. Ал залда 2015-жылы өзүнүн иш бөлмөсүндө ага бир нече ирет ок чыгарган мурдагы жетекчиси, учурдагы Базар-Коргон айыл аймагынын башчысы отурганын айтты. Бул жаран президентке кылмыш иш соттон мыйзамсыз кыскарып, тескерисинче кийин ал кылмышка шектүү адам айыл аймагын башкарууга келген жагдай тууралуу арызданды.

Кылмышка барган адамдын жетекчи кызматка келишине өбөлгө түзгөн соттун жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү да президент менен жолугушууда отурганын айткан жабырлануучу мамлекет башчысынан чара көрүүнү суранды:

- Мени аткан ошол канкор азыр бул жерде залда отурат. Ал Базар-Коргон айыл аймагынын башчысы болуп бир жылдан бери иштеп жүрөт. Элди шылдыңдап, 38 миңден ашуун калкты башкарууга ошону айыл өкмөтүнүн башчысы кылып алып келип коюшту. Биздин буга чейин жазбаган жерибиз, ар кимге арызданып, барбаган жерибиз калбады. Биздин күнүбүз ушинтип адам өлтүрүүгө аракет жасаган адамга калдыбы? Биздин өлкө эмне криминалдардын өлкөсүбү? Бизде башчылыкка татыктуу адам калбай калганбы? Азыр бул жерде залда аны актап, бошотуп жиберген Султанканов Бакыт деген сот отурат. Ал муну мунапыс менен бошоткон. Экөө мага эки жактан туруп, азыр шылдыңдап күлүп жатышат. Акыры биздин өлкөдө чындык барбы?

Өзбек-тажик мамилеси жаңы деңгээлге чыкты

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон туура 20 жылдан кийин Өзбекстанга расмий сапар менен барды. Ислам Каримовдун тушунда Тажикстан менен Өзбекстандын мамилеси начарлап кеткен болчу. Эми ошол жоготууну толуктоо үчүн тараптар Стратегиялык келишимге кол коюп, өз ара кызматташуунун жаңы багыттарын аныкташты.

Өнөктөштүктү көздөгөн кошуналардын жаңы саясаты бир топ жылдан бери сууп калган өз ара алаканы гана калыбына келтирбестен, өз ара пайдалуу кызматташтыкты ичине камтый турганы белгиленди. Анда өндүрүш, чек ара, билим берүү, айыл чарба, маданият жана башка тармактар боюнча өз ара кызматташтыкты камтыган 27 документке кол коюлду.

Андан тышкары Өзбекстандын Сурхандарыя жана Тажикстандын Хатлон, Өзбекстандын Самарканд жана Тажикстандын Согди облустарынын ортосунда өз ара соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык келишимдерге кол коюлду. Мындай алака Борбор Азиядагы кошуналар арасындагы ири дипломатиялык жетишкендик катары кабыл алынды.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиеёв эки ортодо саясий ишеним жогорулап, кыска убакытта көптөгөн жылдар чечилбей келген маселелер жөнгө салына баштаганын айткан:

- Биздин кызматташтыгыбыздын жаңы этабын күбөлөгөн Стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюлду. Ага кол коюп жатканда мен сыймыктанып, толкундап турдум. Биз кошунабыз, эң жакын кошунабыз, бирок бул жылдары бизде стратегиялык өнөктөштүк болгон эмес. Бүгүн биздин алдыбызда соода-экономикалык, транспорттук-коммуникациялык дараметти толук ишке ашыруу жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты күчөтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Биз бул сапар чыны менен тарыхый болуп калышын, ал эми биздин макулдашуулар элибизге узак жылдар бою кызмат кылышын каалайбыз.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өз сөзүндө Мирзиёевдин Дүйшөмбүгө болгон мамлекеттик сапарын эске салып, ал "биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди калыбына келтирип, ар кайсы багытта кызматташтыктын өнүгүшүнө дем берди" деди. Тажик президенти Шавкат Мирзиёевдин бийликке келиши менен Өзбекстанда чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын да кошумчалады.

Эмомали Рахмон эки тараптуу кабыл алынган чечимдердин мааниси олуттуу экенин белгиледи:

- Биз тарыхый жактан мааниси терең чечимдерди кабыл алдык. Бул чечимдер тажик-өзбек мамилесинин жаңы бийиктикке көтөрүлүп, жаңы сапатка жана форматка өтүүсүн шарттайт. Бүгүн кол коюлган документтер топтому биздин көп кырдуу кызматташтыгыбыздагы келишимдик-укуктук базаны бир кыйла кеңейтет. Анын ичинде эң негизгиси катары Стратегиялык кызматташтык жөнүндө келишимди айтсак болот.

Өзбекстан менен Тажикстан терроризмге, экстремизге, эл аралык кылмыштуулукка каршы туруу жана укук коргоо органдарынын өз ара кызматташтыгын күчөтүү боюнча дагы макулдашууга жетишкен. Жолугушууда айтылгандай, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү быйыл былтыркыга салыштырмалуу 35 пайызга көбөйгөн.

Тажикстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 2015-жылы 12 млн. долларды гана түзсө, 2017-жылы 126 млн. долларга жеткен. Эки мамлекеттин башчылары соода жүгүртүүнүн көлөмүн 500 млн. долларга жеткирүүгө ниеттенип жатышканын билдиришкен. Буга чейин Өзбекстан Кыргызстан менен дагы мамилесин оңдоп, эки тараптуу бир катар келишимдерге кол коюлган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.