Апта: “кол жоолук” Конституция, тирешкен “дөөлөр”

Узап бараткан аптада Кыргызстанда Конституция күнү белгиленди. "Кумтөр" ишканасында тинтүү кайсы кылмыш ишке байланыштуу жүргүзүлгөнү маалым болду. НАТО менен Орусиянын тирешүүсү күч алды.

5-майда Кыргызстанда Конституция күнү белгиленди. 1993-жылы “легендарлуу парламент” тарабынан кабыл алынган Конституция андан бери бийлик башындагылардын ыңгайына жараша онго чукул өзгөртүлгөн.

Тынымсыз өзгөртүүлөргө чек коюу жана туруктуулукка жетишүү максатында Конституциянын 2010-жылы референдумда кабыл алынган редакциясында 2020-жылга чейин өзгөртүүгө чек коюлган.

Бирок Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси көп тараптан көтөрүлүп келет. Конституциянын азыркы редакциясынын “атасы” аталган Өмүрбек Текебаев да өткөн жылы парламенттик шайлоонун алдында Баш мыйзамды өзгөртүүнү жактаган. Анда фракция лидерлеринин, өкмөттүн бийлигин бекемдөө, Коопсуздук кеңешин кайра түзүү каралган эле. Бирок жарандык коомдун каршылыгынан улам президент долбоорго кол койгон эмес.

Күзгү парламенттик шайлоодон кийин Алмазбек Атамбаев өзү Жогорку Кеңешке кайрылуу менен чыгып, “шамдагай балдардан өлкөнү коргоп калыш үчүн” чыныгы парламенттик системага өтүү зарылдыгын билдирген. Бул үчүн конституциялык реформа жүргүзүлүш керектиги айтылган. Бирок ал “тагдыр чечүүчү” демилгеден кийин кабар чыкпай кеткен болчу.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровду бошотуу талабынын чыгышы Конституцияны өзгөртүү сунуштарын кайрадан пайда кылды. Азимжан Аскаров июнь коогасы боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. БУУнун комитети Аскаровдун тергөө иштеринде укуктары камсыздалбаганын билдирген. Конституциянын 41-беренесине ылайык кыргыз бийлиги БУУнун сунушун карап чыгууга милдеттүү.

Президенттин кеңешчиси, УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев Баш мыйзамдын 41-беренеси өлкөнүн эгемендүүлүгүнө доо кетирет деп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси менен чыккан:

- БУУнун ошол эле адам укуктарын коргойт деген комитети кандайдыр бир диний террорчуларга же этнос аралык кастыкты жаккандарга карата ушундай чечим кабыл алганын элестетип көргүлө. Башкача айтканда, кайсы бир укук коргоочу сөрөйлөр БУУнун комитетинин чечимин бетине кармап алып, Кыргызстандан экстремисттерди бошотууну талап кылса, анын арты террордук тополоңго алып келсечи же жай тургундардын каны төгүлсөчү? Мунун жанында Аскаровду бошотуу талаптары баланын оюнундай эле болуп калат. Аталган комитетте 18 эксперт иштейт. Чечим 12 добуш менен кабыл алынат. Мына ошол 12 адамдын арасында Кыргызстан кайсы жерде экенин билбегендер да бар болушу мүмкүн. Анан ушулар бүтүндөй бир өлкөнүн тагдырын чечеби?

Кеңешчисинин демилгесин президент Алмазбек Атамбаев да колдоорун 5-майда "Интерфакска" курган маегинде билдирген. Анда Атамбаев эгемендүүлүк жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген беренени өзгөртүүнү жактаган.

Талаш-тартышка түшүп жаткан Конституциянын 41-беренесинде мындай деп жазылган: “Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн органдар тарабынан адамдын укуктары менен эркиндиги бузулгандыгы таанылган учурда Кыргыз Республикасы аларды калыбына келтирүү жана/же зыяндын ордун толтуруу чараларын көрөт.”

Алмазбек Атамбаев “аксак өрдөккө айлана баштады” деп Ак үй башчысы жана анын жан-жөкөрлөрүнүн жаалын келтирген Өмүрбек Текебаев Конституцияны коргоп, эл аралык уюмдарсыз эле кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Азиз Батукаевдин бошотулушун эске салды.

Конституцияны өзгөртүү боюнча акыркы жылдары көтөрүлүп келаткан демилгелер, жасалган аракеттер көрсөткөндөй Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүү да, аны көп өтпөй унутуп калуу да жеңил. Ал тек гана учурдагы саясий конъектура жана саясатчылардын ошол учурда алган кеңешине, эмоционалдык абалына жараша болот шекилдүү.

"Центерра" айтканынан кайтпайт

Мына ушундай эле мамилеге өлкөдөгү эр ири "Кумтөр" ишканасы да кабылды. 28-апрелде республиканын тартип коргоо органдары ишкананын Бишкектеги кеңсесин тинтүүгө алышкан. Бирок анда тартип коргоо органдары кандай кине коюп жатканы белгисиз болгон.

“Центерра Голддун” директорлор кеңешинин “Кыргызалтындан” мүчөсү Кылычбек Шакиров тинтүү 2013-жылы козголгон кылмыш иштин негизинде жүргүзүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди:

- Бул 2013-жылдагы иш боюнча каралып жатыптыр. Соттун чечими менен келишип, тинтүү жүргүзүлүптүр. Кыргызстандын өкүлдөрү “Центерра” кыргыз өкмөтү менен кызматташып, ар бир чечим жөнүндө мамлекеттик агенттик, кызматтарга маалымат берип турсун деп сунуштадык.

Белгилүү болгондой, 2013-жылы “Кыргызалтындын” ал кездеги жетекчиси Дилгер Жапаров камакка алынган. Ал 200 млн. доллардык дивидендди которуп жиберүүгө катышкан деп айыпталган. Бирок ал кезде "Кумтөрдө" эч кандай тинтүү же башка тергөө амалдары жүргүзүлгөн эмес. Ошондуктан бийликтин эки жылдан кийин “эсине келип”, тинтүүгө алуусу күдүк ойлорду гана жаратууда.

17-майда Канадада “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин жылдык жыйыны болот. Бирок ага чейин эле “Центерра” мыйзам жолунда иштеп жатканын жетекчилери маалымдады. Ал 29-апрелде Кыргызстандан чыгып кеткен эки жетекчисин мурда белгиленген эмгек өргүүсү менен байланыштырды. Кыргыз бийлиги тараптан эч кандай реакция болбогондуктан “Центерранын” жетекчилигинин билдирүүсүн эске алуудан башка арга жок.

“Центерра Голддун” азыркы президенти Фрэнк Херберт “Азаттыкка” 4-майда курган маегинде аларда жашыра турган да, корко турган да эч нерсе жок экенин айтып, 2009-жылкы келишимди жогору баалады:

- 2009-жылкы макулдашууну кыргыз парламенти, Юстиция министрлиги жана Конституциялык сот бекиткен. Кыргыз өкмөтү макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөргө мыкты, тажрыйбалуу юристтерди жалдаган. Макулдашуунун негизинде Кыргызстан компаниянын миллиондогон кошумча акцияларын алганын эске сала кетейин. Кыргызстандын үлүшү 16 пайыздан 33% жеткирилди. Андан сырткары Кыргызстандын талабы менен макулдашууда салык төлөөнүн шарты кайра каралып, ал 14% жеткирилген. Макулдашуунун Кыргызстанга пайдасы бараандуу.

Кыргызстандын азыркы бийлик башчысы кезинде бул келишимди коррупциялык деп айыптаган жана өзгөртүүгө убада берген. Бирок аны чечүү боюнча стратегиясы ушул кезге чейин белгисиз.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маселенин чечүүнүн жолу катары кенди улутташтыруу идеясын көтөргөн. Бирок ал бийлик башындагылар тарабынан колдоого алынган эмес.

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев "Кумтөрдү" саясатташтырбай, экономикалык маселе катары карап, чечүүнү сунуштаган. Бирок Кыргызстандын максаты кандай болгону айтылган да, такталган да эмес. Болгону "Кумтөр" ишин токтотпой, улантыш керектиги белгиленген.

Геосаясий тиреш аскерий мүнөзгө өтө баштады

Узап бараткан аптада НАТО менен Орусиянын аскерий тирешүүсү күч алды. НАТО 2-майда Балтика жээгинде 6 миң аскердин катышуусу менен үч апталык аскердик машыгуу баштады. Андан бир күндөн кийин АКШнын 200дөй аскери Румыниядан Молдова аймагына өтүп, эки апталык аскердик машыгууга киришти.

Кошмо Штаттардын коргоо министри Эштон Картер 3-майда Германияда НАТОнун Европадагы күчтөрүнүн жаңы башкы командачысы Куртис Скараппотинин кызматка киришүүсүндө сөз сүйлөп жатып, “Биз Орусия менен кансыз да, кандуу да согуш издебейбиз. Бирок биз союздаштарыбызды эл аралык нормаларга ылайык коргойбуз, башкача болот дегендер жаңылат” деп белгиледи.

Кошмо Штаттар жана Европа Орусияны Крымды ээлеп алды, Чыгыш Украинада жаңжалга аралашты, ошону менен эл аралык нормаларды бузду деп айыптап келатат. Ал эми Балтика жана Чыгыш Европадагы өлкөлөр Орусиянын агрессивдүү жүрүш-турушунан чочулап жатканын айтып, Чыгыш Европада кошумча аскер жайгаштырууну өтүнүшүүдө. Ал талапты канааттандыруу үчүн учурда НАТО Балтика жана Польшада ротациялык негизде 4 миң жоокер кармоону чечкен. Бул Чыгыш Европада келерки жылдан баштап жайгаштырыла турган АКШнын 4200 аскерине кошумча болмокчу.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын аскерий потенциалы кошуна мамлекеттерге коркунуч туудуруп жатканын айтты:​

- Мен НАТО өлкөлөрүнө жакын жерде Орусиянын күчөтүлгөн даярдыктары жөнүндөгү маалыматтарды көрдүм. Бул - биз көрүп жаткан чоң картина жана ал көп жылдан бери уланып келатат. 2000-жылдан бери Орусия коргонуу тармагына чыгашасын үч эсе көбөйттү. Биз көптөгөн жаңы алдыңкы жабдууларды, машыгууларды жана аскердик кубаттанууну көрүп келатабыз. Мындан да эң башкысы биз Орусиянын Европадагы эгемендүү мамлекетке карата күч колдонууга даяр экендигин көрдүк. Крым аннексияланып алынды. Чыгыш Украина чаң-тополоңго салынды.

Москва өз кезегинде НАТО Орусиянын чек арасына жакын жерге аскер жайгаштыруусун айыптап, ага жараша жооп болорун билдирүүдө. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу НАТОнун Балтика жана Молдовада машыгуулары башталгандан бир күн өтүп-өтпөй Орусиянын батыш жана түштүгүндө кошумча үч дивизия жайгаштырыларын жарыялады:

- Коргоо министрлиги Орусиянын чек арасына жакын жерде НАТОнун күчтөрү күчөтүлүшүнө каршы туруу үчүн бир катар чараларды көрөт. Быйылкы жылдын аягына чейин Батыш аскердик округунда эки жаңы дивизия, түштүк аскердик округда бир дивизия түзүлөт. Азыркы кезде алардын жайгаша турган жерлери даярдалууда.

НАТО жана Орусиянын бул аскердик даярдыктары тирешүү өтө опурталдуу жолго түшкөнүн кабарлайт. Чек араларда аскерий күчтөнүүдөн сырткары Орусия менен АКШнын аскерий техникаларынын ортосунда опурталдуу кыймыл-аракеттер да орун алууда.

Ошол эле Балтика суусунда сүзүп келаткан АКШнын “Дональд Кук” кемесине Орусиянын аскерий учагы өтө жакындап учуп келип, кайкып кеткен. Ошондой эле окуя Балтика асманында учуп бараткан АКШнын чалгындоо учагы менен да кайталанган.

Кошмо Штаттардын аскерий жетекчилиги мындай учууларда тактикалык каталарга жол берилиш мүмкүнчүлүгү опурталдуу деп эскертүүдө. Ал эми Кошмо Штаттардын президенттигине Республикалык партиядан талапкер болууга аз калган Дональд Трамп андай учурда ок чыгарылыш керектигин жарыялады. Эки тараптын аскерий “оюну” кайсы деңгээлге келгенин Трамптын сөзүнөн да байкоого болот.

Азырынча Орусия да, НАТО да өз багытынан тайбасын көрсөтүүдө. Ал эмес, Батыш экономикалык жактан алсызыраак болгон Орусияны акыр аягына чейин басууга багыт алганы байкалат.

Мына ушундай тирешүүгө карабай Москва менен Вашингтон Сирия чатагын жөнгө салууда айрым учурларда тил табышууда. Эки өлкөнүн ортомчулугу менен 27-февралдан тарта Сирияда ок атууну токтотуу келишими түзүлгөн. Учурда эки тарап мына ошол келишимди сактап калуу үчүн сүйлөшүүлөргө барууда. Анын натыйжасында 5-майдан тарта Сириянын Алеппо шаарында ок атууну токтотуу келишимин 48 саатка узартуу макулдашылды.

Белгилей кете турган нерсе, “чапанды чапса көйнөкчөнгө доо кетет” дегендей Кыргызстан өңдүү Орусиянын жака-белиндеги мамлекеттерге Москва менен Батыштын тирешүүсү терс таасирин көбүрөөк тийгизүүдө. Орусиядагы экономикалык абалдан көбүрөөк көз каранды болгон Кыргызстан эле эмес, Борбор Азиядагы башка мамлекеттер да кризистин эпкининен жабыр тартып калууда.