Шайлоодо партиялардын эсеби көзөмөлдөнөт

Жогорку Кеңешке шайлоо 2015-жылы 5-октябрда өткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону каржылоонун ачыктыгын камсыздоочу жоболорду бекитти.

Анда негизинен саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акчасын каржылык көзөмөлдөө чаралары камтылган.

Бирок талдоочулар шайлоодо добуштарды сатып алууну ооздуктоо үчүн бул чаралар жетишсиздигин айтып, партиялардын шайлоо фонддорунан сырткары чыгымдалган көмүскө каржы булактарын көзөмөлдөө жана шайлоонун жалпы баасын арзандатуу чаралары кошулбай калганын сындап чыгышты.

Суроо жараткан чектөөлөр

Борбордук шайлоо комиссиясы жакында өткөн жыйынында шайлоого сарптала турган каражаттын ачыктыгын камсыздоо боюнча бир катар жоболорду кабыл алды. Анда шайлоону уюштурууга чыгымдала турган бюджеттик акчадан сырткары саясий партиялардын шайлоо фонддорунун кирешелери менен чыгашаларын жана алардын каржы булактарын ачык көрсөтүүгө милдеттендирген чаралар киргизилди.

БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов буларды айтты:

«Шайлоо фонду талапкердин же саясий партиянын өзүнүн жеке каражатынан, юридикалык же жеке тараптардын салымынан турушу мүмкүн. Талапкердин же саясий партиянын шайлоо фондуна каражат чегере турган тарап мамлекетке салыктан же социалдык төлөмдөн карызы жок болууга тийиш. Шайлоо фондуна акча чегерүүгө чектөөлөр жарандыгы жок адамдарга, чет элдик жарандарга, чет өлкөлүк мекеме-уюмдарга жана диний уюмдарга киргизилген. Алар саясий партиялардын шайлоо фонддоруна каражат которууга тыюу салынган. Бизди соңку жыйында саясий партиялардын шайлоодо корото турган каражаттарын көзөмөлдөө чараларын күчөтүү шарттарын караган жоболор бекитилди. Анда БШКнын ревизиялык-көзөмөлдөө тобунун иштөө тартиби аныкталды».

Биринчи жободо атайын эсеп ачуунун, шайлоо фондун түзүүнүн эрежеси, түшкөн каражат менен чыгымдалган акчанын эсеби, шайлоо күрөөсү, каржылык отчет жана көзөмөлдөө тартиби аныкталган. Анда саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каржылык жүгүртүүлөрү милдеттүү түрдө БШКнын расмий сайтына жарыяланары да белгилеген.

Бакыт Аманбаев

Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев көмүскө каржы агымдары аркылуу добуш сатып алууну көздөгөн саясий партияларды бул жол менен ооздуктоого мүмкүн эмес деген ойдо:

«Бул жерде саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы акчанын сарпталышын көзөмөлдөө тууралуу сөз болуп жатат. Бирок иш жүзүндө көмүскө каржы булактары, «сол чөнтөктөр» аркылуу келген жана жашыруун чыгымдала турган акчанын агымы тууралуу эч нерсе айтылган жок. Эгерде биз шайлоонун ачыктыгын камсыздай турган болсок, анда биринчи кезекте добуштарды сатып алууга багыттала турган каржы булактарын аныктап, жазалоонун тартибин иштеп чыксак болмок. Шайлоодо үгүт иштерине жумшала турган чыгымдарды көзөмөлдөөдө анын ашкере кымбаттыгын чектеген ченемдер атайын кирбей калгандай. Бул шайлоого бараткан олигархтардын кызыкчылыгындагы иш. Анткени үгүт иштери, көрнөк-жарнак жана жарнама үчүн акынын өлчөмү аябай эле кымбат. Ага чектөө коюлушу керек эле. Андай болгон жок. Демек, каражаттын ачыктыгын аныктоодо бул жол менен эч кандай жыйынтык чыкпайт».

Атыр Абдрахматова.

Шайлоону каржылоонун финансалык ачыктыгын камсыздоо жобосунун автору, БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова партиялардын шайлоо фонддорун көзөмөлдөө чаралары бир топ күчөтүлгөнүн, бирок көп нерсе шайлоочулардын аң-сезиминен көз каранды экенин айтты:

«Биз бул жоболордун негизинде шайлоого катышканы жаткан саясий партиялардын каржы булактарын аныктай алабыз. Буга чейин мындай жоболор болгон эмес. Партиялардын мыйзамдуу чыгымдарына кете турган чыгымдарды көзөмөлдөө да оңой болгон эмес. Ошол эле кезде аларга түшүп жаткан акчанын агымы да толук көзөмөлдө болбой келген. Эми ошонун бардыгын көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүк ачылды. Бул жерде эми бардыгы шайлоочулардын өздөрүнөн көз каранды. Бизде бала-чакасын бага албаган, күнүмдүк каражатка муктаж адамдар аябай эле көп. Бирок алар буга жеңил ой менен мамиле кылып, дагы деле добуштарын акчага сата турган болсо, анда алардын азыркы турмушу өзгөрүүсүз бойдон каларын түшүнүшү керек. Анткени алар добуштарын сатса, азыркы эле бай-олигархтар кайра парламентке келип, турмушта эч нерсе өзгөрбөйт. Шайлоочулардын аң-сезими өзгөрүш үчүн элдин алдында жүргөн саясий элитанын да аң-сезими өзгөрүп, алар келечекке жоопкерчиликтүү мамиле жасап, башкаларга үлгү көрсөткөн саясатчылар шайлоого көбүрөөк барса, мына ошондо өзгөрүү болушу мүмкүн».

Алтынбек Сулайманов.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов добуш сатып алууну токтотуу мүмкүн эместигин айтып, бул үчүн шайлоочулар добуштарын кымбатка сатуудан башташы керектигин мисал келтирген болчу:

«Шайлоочу добушун 2 миң сомго беш жылга сата турган болсо, анда ошол беш жылды күнгө бөлүп келгенде анын баасы бир сомго дагы чыкпай калып жатат. «Добуш сатпа» деген менен аны саткандар болот. Ошондуктан шайлоочулар добуштарын 1000-2000 сомго эмес, андан бир топ кымбатка сатышы керек. 10 миң, 20 миң сомго сатканда, ошондо добуш сатып ала турган талапкер үчүн бир депутаттык мандаттын баасы азыр 300 миң доллар болуп жатса, кийин 3 миллион долларга кымбаттайт. Анан бара-бара добуш сатып алуу маанисин жоготуп, шайлоодо добуш сатып албаган талапкерлер парламентке келе турган жагдай түзүлөт».

«Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамда партиялык каражат тууралуу алардын маалыматтары жыл сайын БШКнын сайтына жарыялап туруу ченеми кирген. Ошондой эле Кылмыш-жазык кодексинде добуш сатып алуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

БШКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мындай жоболор БШКнын көзөмөл-ревизиялык тобунда иштелип чыккан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​