Эки саясатчыга эки башка укуктук мамиле

Баш мыйзам.

«Республика» партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго караштуу «Кыргызстан» банкынын мүлкү камакка коюлду.

Анын жакын партиялаштары муну бийликтин саясий атаандаштарды майдандан тазалоо жана куугунтукка алуу катары карашууда. Ал эми банктын мурдагы акционерлери чынында банкты сатып алууда рейдерлик болгон деп эсептешет. Ошол эле кезде аталган партиядан депутат Зарылбек Рысалиев Батукаевдин иши боюнча мурда үй камагында болгонуна карабастан президент менен бирге расмий делегациянын курамында чет өлкөгө чыгып кеткени сынга алынууда.

Банктын мүлкү камакка коюлду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 3-декабрда буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында «Республика» партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр жана экс-депутат Өмүрбек Бабановго караштуу «Кыргызстан» акционердик коммерциялык банкынын мүлкүн камакка коюу боюнча сотко өтүнүч келтирип, сот анын өтүнүчүн канааттандырганы белгилүү болду. Аталган банктын 97% көзөмөлдөөчү пакет үлүшүнө ээ болгон Өмүрбек Бабановдун эжеси негизги акционер болуп эсептелет. Быйыл 9-октябрда банктын акционерлеринин бири бул банктын уставдык фондундагы алды-сатты бүтүмү тууралуу маалыматтарды бербегени үчүн банктын жетекчилигине чара көрүүнү талап кылып арыз жазган болчу. Финансы полициясы муну расмий түрдө тастыктай элек. Бирок Жогорку Кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев козголгон иштин алкагында банктын мүлкү камакка коюлганын ырастады:

Кенжебек Бокоев.

- Чынында эле Финансы полициясы аталган мүлктү камоо боюнча өтүнүч келтирип, сот болсо аны канааттандырган чечим чыгарыптыр. Бул эми Финансы полициясы мыйзамды бузуу жолу менен ошого барып жатканы туура эмес. Банк деген бир эле адамдын компаниясы эмес да. Бул банк эми бардык калкты тейлеп жатат. «Банк Бабановго тиешелүү» деген негизде эле ага карата кылмыш ишин козгоп, аны мүлкүн камакка коюунун өзү туура эмес. 30 жылдан бери иштеп, элдин депозит акчасы сакталган банктын мүлкүн камакка коюп, анын ишине тоскоолдук кылуунун артында эмне бар?

Акционерлердин арызы

Тергөө органы банктын жетекчилиги 2010-жылы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү атайылап арзан баада 46 миллион сомго «Азия Истейт» фирмасынын дарегине саткан деп эсептейт. Андан кийин «Азия Истейт» фирмасы Сейшел аралдарында катталган «Варантон Ресурсес» компаниясына аталган кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп, 169 млн. сом карыз алган. Ал каражат ошол кыймылсыз мүлктү оңдоп-түздөөгө жумшалганы кабарланып, чынында анын убактылуу пайдалануусуна өткөн. Финполдун көз карашында, кыймылсыз мүлктү жасалма түрдө төмөн баада сатуудан акционерлер жана мамлекетке материалдык зыян тарткан. Козголгон кылмыш ишинин алкагында банктын 16 кыймылсыз мүлкү камакка коюлду. Алар негизинен банктын Бишкектеги жана аймактардагы имараттары. «Кыргызстан» банкынын мурдагы акционерлеринин бири Калича Умуралиева 2008-жылы банкты Бабановго сатууга мажбурлаган жагдай тууралуу айтып, ошол факты боюнча да күзүндө Финансы полициясына арыз жазылганын белгиледи:

Калича Умуралиева.

- Мен саясатчы эмесмин. Менин башкалар сыяктуу эле ал банкта акциям бар болчу. Бирок бизди мажбурлап туруп эле ошол акцияларды Өмүрбек Бабановго саттырышкан. Сатууга аргасыз болгонбуз. Акчанын ордуна «Аман банкты» беришкен. Максим Бакиевдин оң колу болуп жүргөн Алексей Елисеев келип эле ошол алды-саттыны бир күндүн ичинде бүтүргөн. Анын пайдасын деле, акчасын деле көргөн жокпуз. Башкалары деле айла кеткенде сатышкан. Эженин уулуна болсо «жол кырсыктары болушу мүмкүн» деген эскертүүдөн кийин ал эже да акциясын сата турган болду. Ошентип бардыгыбыз сатып жибергенбиз.

Ошол эле кезде «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев партиянын лидерине кылмыш иши козголуп, ал эми партиядан депутат болуп шайланган Зарылбек Рысалиев Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары өтүп жатканына карабастан анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы бузулганын мисалга келтирип, эки саясатчынын абалын салыштырды. Ал кылмышка шектүү катары тергөөгө эч жакка чыкпоо тууралуу тилкат берген депутат Зарылбек Рысалиев расмий делегациянын курамында президент менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кеткенин эске салды:

- Интернетте катуу талкуулар жүрдү. Бул жерде президент аны өзү чакырып, расмий делегациянын курамында алып кеттиби же фракция сунуш кылганбы деген суроолор берилди. Анан албетте, үй камагында отурган адамды расмий делегациянын курамына кошуп, анан дагы анын өлкөдөн чыгууга чектөөсү болгонуна карабастан аны бузуп жатышат. Бул эми мамлекеттеги иштин абалынан кабар берет. Бул жерде ишти туура эмес алып баргандын кесепети.

Бир ай мурун алынган бөгөт

Анткен менен Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин тергеп жаткан Ички иштер министрлиги аталган иштин алкагында үй камагы катары бөгөт чарасы тандалган депутат Зарылбек Рысалиевдин расмий делегациянын курамында өлкөдөн сырткары чыгышы боюнча боюнча түшүндүрмө берди. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу чектөөсү бир ай мурун алынып ташталганын белгиледи:

Эрнис Осмонбаев.

- Анын расмий делегациянын курамында чет өлкөгө чыгып кеткени боюнча талкуу күчөп кеткендиктен биз ага карата түшүндүрмө берүүнү туура көрдүк. Анткени Зарылбек Рысалиедин адвокаты мындан бир ай мурун эле анын чет өлкөдө дарылануу муктаждыгы болгону үчүн өтүнүч келтирип, анын ошол чектөөсү алынып салынган экен. Ошондуктан ал расмий делегациянын курамында тоскоолдуксуз кетти.

Мурдагы ички иштер министри, Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча айыпталып, анын бөгөт чарасы катары үй камагы тандалган. Ал эми президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабановго карата мурдагы эки кылмыш ишине кошумча, банкка байланышкан иш боюнча быйыл күзүндө кылмыш иши козголгон болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​