Садыр Жапаров ырайым сурады

Садыр Жапаровду колдогон саясий акция. 23-апрель, 2019-жыл.

«Барымтага алуу» беренеси менен соттолгон саясатчы, экс-депутат Садыр Жапаров мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурады.

№1 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун ырайым сурап президентке жазган өтүнүч катын социалдык тармактарга жарыялаган адвокат Шарабидин Токтосунов тиешелүү документтер президенттик аппаратка быйыл октябрь айында эле жиберилгенин билдирди. Анын айтымында, президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия Садыр Жапаровдун жакындарын кабыл алып, саясатчы ырайым сураса арызы карала турганы айтылган.

Мына ушуга байланыштуу Садыр Жапаров ырайым суроо боюнча арыз жазып, ал президенттик аппаратка караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссияга тапшырылган. Бирок адвокат Шарабидин Токтосунов ошондон бери Садыр Жапаровдун арызын кароо белгисиз себептер менен кечеңдеп жатканын билдирди:

Шарабидин Токтосунов.

- Башында Садыр Жапаровдун туугандарына «андан ырайым суроо тууралуу арыз жаздырып келсеңер» деген сунуш болгон экен. Анан туугандары Садыр Жапаровду көндүрүп, арыз жаздырган. Бирок ал эч кандай кылмыш кылбаганын, күнөөсү жоктугун, учурда анын үй-бүлөсү оор мезгилди баштан кечирип жатканын эске алып, аны эркиндикке чыгарып, ырайым берүүнү сураган. Бирок ошондон бери бир топ күн өтсө да материалды президенттик аппараттан кайра кайтарып, ырайым берүү маселеси карала элек экен. Эмнегедир кечеңдеп жатат. Буга чейин президент өзү «эгерде ырайым сурашса, жардам берели» деп айтпады беле? Бирок азыр Садыр Жапаров ырайым сураса деле анын маселеси чечилбей жатат.

Кумтөр алтын кенин мамлекеттештирүүгө байланыштуу чакырык таштаган саясатчы Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптоонун негизинде 2017-жылдын 25-мартында чет өлкөдөн кайтып келатканда аба майданынан камакка алынган. Ал андан соң 11 жыл, алты айга эркинен ажыратылган. Ал эми Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровго доосу жок экенин, анын үстүнөн арыз жазбаганын айтып, көрсөтмө берген.

ЖАМКтан келбеген материалдар

Президенттик аппараттын ырайым кылуу маселелерин кароо комиссиясы 2019-жылдын 16-октябрында соттолуучу Садыр Жапаров тууралуу мекеменин байкоочу комиссиясынын пикири жана анын үй-бүлөлүк абалы боюнча кошумча документтерди сурап, №1 түзөтүү колониясынын жетекчилигине кайрылган. Ырайым кылуу маселелерин кароо боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Кырккелди Кыдырбаев Садыр Жапаровдун документтери толукталып, келгенден кийин гана карала турганын белгиледи:

- Себеби ал жерде бир топ документтери толук болбой калган. Толук болбосо, биз аны карай албайбыз да. Керектүү кагаздарынын бардыгы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында. Биз керектүү документтерди суратканбыз. Азырынча ал жактан эч кандай материал келе элек. Керектүү документтери келсе эле биз анын ырайым суроого байланыштуу материалдарын карайбыз. Ал жактан анын материалдары топтолуп, анан бизге келиши керек. Азырынча биз анын материалдарын ала элекпиз. Мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелер бар. Биз мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөрү боюнча жөнөткөнбүз. Ошонун негизинде эле бара жатат.

Бирок адвокат Шарабидин Токтосунов Садыр Жапаров тарабынан толуктоо үчүн суралып, президенттик аппаратка караштуу ырайым кылуу маселелерин кароо боюнча комиссия талап кылган тиешелүү документтердин бардыгы жиберилгенин белгиледи. Ошондуктан анда ишти кароону кечеңдетүүгө негиз болгон саясий себептер дагы болушу мүмкүн дегендер бар.

Саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары аны актап, түрмөдөн бошотууну талап кылып, аймактарда эл аралап, кол чогултуу акциясын улантышууда.

Садыр Жапаров 2012-жылы да «Кумтөр» алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митинг уюштуруп, анда да тополоң чыгып, ал депутаттар Камчыбек Ташиев жана Талантбек Мамытов менен чогуу кармалып, камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 2013-жылы бир жарым жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарып, бирок кийин шаардык сот аларды актаган.

Ошол эле жылы Караколдо барымтага алуу окуясы болуп, андан кийин Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кеткен болчу. Садыр Жапаров ошол бойдон 2017-жылы мартта Кыргызстанга кайтып келерин, аны миңдеген тарапташтары тосуп аларын айтып, алдын ала жарыялаган. Бирок күч түзүмдөрү анын өзүн аба майданынан кармап, тарапташтары чогулган митингде ызы-чуу болуп, бир топ активисттер кармалып, камакка алынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​