Министрге коюлган доомат

Эркинбек Чодуев.

Жалал-Абаддагы «Коттон Оушен» компаниясы учурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев «Лиматекс» ишканасын жетектеп турганда пахта даярдоого бир миллион доллар алып, ушул күнгө чейин карызын кайтарып бербей жүргөнү тууралуу даттанды.

Компаниянын аткаруучу директору Замира Ибрагимованын айтымында, бул жагдайга байланыштуу ачылган кылмыш иши менен соттук териштирүү таасирдүү адамдардын калкалоосу менен аягына чыкпай келе жатат.

Министр Чодуев бул дооматты четке кагып, муну анын атын булгагысы келген күчтөрдүн курулай каралоосу катары баалады.

Пахтанын артына байланган карыз

Жалал-Абаддагы «Коттон Оушен» компаниясынын аткаруучу директору Замира Ибрагимованын айтымында, айыл чарба министри Эркин Чодуев 2007-жылы Оштогу «Лиматекс» корпорациясынын» аткаруучу директору болуп турганда «Коттон Оушен» компаниясынан пахта буласын чогултуп бериш үчүн 1,5 миллион доллар акча алып, анын 1 миллион долларын кайра кайтарып бербей койгон.

Замира Ибрагимова келишим боюнча Эркин Чодуев анда көрсөтүлгөн көлөмдө пахта даярдап берүү милдетин алып, бирок аткарбай койгон деп билдирди:

Бул киши сезон бүткөндөн кийин пахта даярдап берүү боюнча өзүнө алган милдеттенмени аткарбай койгон.

«Бул киши ошол кезде компаниянын директору болуп турганда акчаны алып, өз колу менен квитанция жазып берген. Биз бул акчаны пахтаны даярдап берүү боюнча келишимдин негизинде бергенбиз. Анда бул киши «Лиматекс» пахта тазалоочу корпорациясынын аткаруучу директору болуп турган. Биз пахтаны тазалап берүү жана пахта даярдоо боюнча келишимге келип, акчаны эсепкана аркылуу өткөрүп бергенбиз. Бирок бул киши сезон бүткөндөн кийин пахта даярдап берүү боюнча өзүнө алган милдеттенмени аткарбай койгон. Ошентип акча бул кишиде калып кетти. Бизде муну тастыктай турган банк көчүрмөлөрү, акча алынганы тууралуу квитанциялар жана эки тараптуу кол коюлган келишим сыяктуу бардык документтер бар. Бул адам кийинки сезондо пахта даярдап берүүгө убада берип, бирок ошондон кийин да акчаны төлөгүсү келбей, андан ары бизден качып, эч эле көрүнбөй койду. 2010-жылы кандуу окуя болуп кетти. Акча ошол бойдон берилбей калды. Биз 2011-жылы арыз жазып, алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон. Андан кийин бул иш улам эле токтотулуп же кыскартыла берди. Биз болсо улам арыздана бердик. Ошентип отуруп, биздин ишти териштирүү борбордук органдарга чейин жетти. Бирок майнап дагы эле чыга элек».

Министр дооматты четке какты

Айыл чарба министри Эркин Чодуев «Лиматекс» компаниясын жетектеп турган учурдан бери «1 миллион доллар өлчөмүндө карызды бербей жүрөт» деген анын дарегине айтылган дооматты четке кагып, аны акылга сыйбаган айыптоо катары кабыл алды. Анын айтымында, пахта тазалоочу «Лиматекс» корпорациясы менен «Коттон Оушен» компаниясынын ортосундагы өз ара чарбалык мамиле боюнча келишимдин шарттары бузулган эмес.

Дагы караңыз Айыл чарба министрлигиндеги документ чуусу

Министр Чодуев аталган компания пахта даярдоого тапшырык бергенин ырастап, бирок кийин анысы кайтарылып берилгени документалдык жактан тастыкталганын айтты:

Бул жерде ал аял жалгыз эмес. Анын артында көкүткөн бирөөлөр турат.

«Ал жерде эч кандай миллион доллар тууралуу маселе жок. Алар пахта даярдоого акча берип, бирок кийин тиешелүү көлөмдөгү пахтасын алып, чыгып кетишкен. Бул факты боюнча тиешелүү кагаздар бар. Бул маселе боюнча буга чейин эле бир канча жолу ички иштер органдарында жана соттордо териштирүү жүрүп, алардын койгон дооматы негизсиз экени мурда эле аныкталган. Бирок ага карабастан, керек болсо Жогорку соттун соңку чечими чыкканын билип туруп да ал аял долуланып, ар кайсы жакка арызданып жүрөт. Бул жерде ал аял жалгыз эмес. Анын артында көкүткөн бирөөлөр турат. Азыр эми бул жагдайды менин «досторум» пайдаланып жатышат. Менин колумда биздин бул ишке эч кандай катышыбыз жок экенин ырастаган документтер бар».

Сегиз жылга созулган териштирүү

Даттануучу тараптын билдиргенине караганда, «Коттон Оушен» компаниясынын Ош шаарындагы пахта тазалоочу «Лиматекс» корпорациясына карата акчалай дооматы боюнча арызды Ички иштер министрлигинин ошол кездеги аймак аралык башкармалыгы карап чыгып, кийин иштин материалдарын териштирүүнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүп берген экен. Андан соң иш тергөөдөн кыскарып кетип, кийин даттанган тараптын арызы боюнча аны тергөө Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп алынган.

Замира Ибрагимованын айтымында, Башкы тергөө башкармалыгында да бул кылмыш иши аны кароонун мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде тергөөдөн кыскарып, бирок ал 2017-жылы Башкы прокуратуранын кийлигишүүсү менен кайра жандандырылган.

Дагы караңыз Дыйкандын көзүнөн учкан техника

Замира Ибрагимова ошол эле кезде мүлккө бөгөт коюп, ишти кароонун эскирүү мөөнөтүн аныктоо боюнча жарандык тартипте сотко кайрылганын эскерди:

Бул жерде иштин өзү эмес, аны кароонун эскирүү мөөнөтү боюнча гана соттук териштирүү жүрүп жатат.

«Биз жарандык тартипте ишти кароонун эскирүү мөөнөтүн аныктоо боюнча сотко кайрылганбыз. Соттун эки инстанциясы тең ал жактын пайдасына чечкен. Бирок 2012-жылы Жогорку сот биздин пайдабызга чечип, ишти кайра кароого жөнөткөн. Ошондон бери соттошуп келе жатабыз. Жакында да Жогорку сотто ишти кароонун эскирүү мөөнөтү боюнча маселе каралып, аны токтотуу жөнүндө чечим чыкты. Бирок жаңы ишке кирген мыйзамдар боюнча эскирүү мөөнөтү жоюлгандыктан биз аны жаңы жагдайлардын негизинде кароо боюнча кайра сотко арызданып жатабыз. Бул жерде иштин өзү эмес, аны кароонун эскирүү мөөнөтү боюнча гана соттук териштирүү жүрүп жатат. Ал эми иштин негизги өзөгү жана ага укуктук баа берүү маселесине жете элекпиз. Бул кылмыш иши азыркы күнгө чейин эле Ички иштер министрлигинин тергөө кызматында жатат».

Арттан жаңырган арыз, аныкталбаган доо

Анткен менен Айыл чарба министрлигинин басма сөз катчысы Гүлчехра Садыкова «министрдин мурдагы ээлеген кызмат ордундагы иши боюнча доомат койгон тараптын арызындагы фактылар соттук инстанциялардын бардык деңгээлинде ырасталган эмес» деп билдирди. Ал бул талаштуу ишке чекит коюлуп, Жогорку соттун административдик жана экономикалык иштер боюнча коллегиясы жакында эле бул боюнча тиешелүү чечим чыгарганын эске салды:

«Бул боюнча жакында эле Жогорку сот 12-июлда ишти карап, аталган компаниянын дооматы четке кагылган. Бул иш боюнча 2011-жылдан бери тергөө иштери болуп, соттук инстанциялардын бардыгында териштирүү жүргөн. Буга чейин район аралык сот да аны карап, коюлган дооматты кабыл алган эмес. Жогорку сот да район аралык соттун чечимин күчүндө калтырып отурат. Буга чейин тергөө органдары да карап, ишти өндүрүштөн кыскарткан. Бирок ал тарап арыздана берип, иш бир катар соттук инстанциялардан өткөн. Бардык соттук инстанциялар доону четке каккан».

Дагы караңыз Айыл чарба министрлиги сындан арылбады

​Ошол эле кезде айыл чарба министри Эркин Чодуев анын айланасындагы жаңжалды жасалма уюштурулган чатак катары баалап, бул жагдайды атаандаштары атайылап анын атын каралаш үчүн колдонуп жатат деп эсептейт. Ошондуктан коюлган дооматты Эркин Чодуев жалган жалаа катары кабыл алды:

Биздин пахта даярдап берүү боюнча милдеттенмебиз өз убагында аткарылган.

«Бул адамдар башынан баштап эле бизге жалган жалаа жаап келатышат. 2011-жылдан бери эле бул адамдар ар кайсы тараптарга арызданып жүрүшөт. Бирок арыздын курулай доомат экенин тиешелүү тергөө жана сот органдары текшерип чыгып, аныкташкан. Акыркы чекитти Жогорку сот койду. Бул аялдын үстүнөн алдамчылык боюнча кылмыш иши бар. Аны бир топ документтер менен ырастап бере алам. Биздин пахта даярдап берүү боюнча милдеттенмебиз өз убагында аткарылган. Бирок ошол адамдардын нааразылыгын пайдалангысы келген адамдар мен айыл чарба министри болуп турганда бул жагдайды кайрадан көтөрүп, каралагысы келип жатышат. Бул чарбалык талаш-тартыш мурда эле бар эле. Бирок эми ошонун бардыгын 12 жылдан бери айтпай жүрүп, анан азыр эми мени айыптап, коомчулукка алдамчы көргөзгүсү келген аракеттер башталып жаткандын өзү эле эмнеден кабар берет?»

Салохиддиновдун камакка коюлбаган мүлкү

Ал эми саясат талдоочу жана укук таануучу Кайрат Осмоналиев айыл чарба министри Эркин Чодуевдин дарегине айтылган доомат боюнча кызматтык иликтөө жүрүшү керек деп эсептейт. Анын айтымында, министрди 1 миллион доллар өлчөмүндөгү алдамчылыкка байланыштуу айыптаган дооматка өкмөттүн аппараты көңүл бурбай коюуга мүмкүн эмес. Кайрат Осмоналиев биринчи кезекте министр өзү буга жооп кайтарып, эгерде маалымат жалган чыкса, анда доомат койгон компаниянын жетекчилери жоопкерчилик тартышы керек экенин айтты:

Кайрат Осмоналиев.

«Мындай чатактар мамлекеттик органдардын буга чейин эле булганган беделине андан беш-бетер өбөлгө түзүп жатат. Мына ошондуктан мындай маалыматтарды өкмөт өзү кылдат текшерип чыгып, баасын бериши керек. Биринчи кезекте айыл чарба министри ага кызыкчылыгы болушу керек. Бул доомат иликтөөгө алынып, эгерде айыл чарба министри чынында эле ошондой кыңыр иштерге тиешеси бар болсо, ага кылмыш иши козголуп, кызматынан кетиши зарыл. Эгерде бул жалган болсо, анда ошондой жалган маалымат тараткан ишкерлер кылмыш жасалганы тууралуу жалган доомат коюшканы үчүн кылмыш жообуна тартылууга тийиш».

Ошол эле кезде өкмөт аппараттынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов айыл чарба министринин мурдагы ээлеген кызмат ордундагы ишмердиги боюнча коюлган дооматка карата Жогорку соттун чечими чыккандыктан кызматтык иликтөө жүргүзүүгө негиз жок экенин билдирди. Ал эми арыздануучу «Коттон Оушен» компаниясынын аткаруучу директору Замира Ибрагимова аталган сот чечими мүлккө бөгөт коюу жана ишти кароонун эскирүү мөөнөтүн аныктоо боюнча гана болгонун айтып, негизги иш дагы эле тергөөдө жатканын жүйө келтирди.

Маалымат үчүн: «Коттон Оушен» доомат 1 млн. доллар доомат артып жаткан Оштогу «Лиматекс» пахта тазалоочу корпорациясы Жогорку Кеңештин IV чакырылышында «Ак жол» фракциясынан депутат болгон Жалолиддин Салохиддинов тарабынан негизделген. Ал 2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда өлкөдөн качып кеткен. Ага Кадыржан Батыров, Иномжан Абдирасулов сыяктуу саясатчылар менен бирге июнь окуясына катышы бар адам катары «Массалык башаламандык уюштуруу» жана «Жикчилдик» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

«Лиматекс» пахта тазалоочу корпорациясынын аталышы 2011-жылдан кийин «Актекс» болуп өзгөрүп, анын негиздөөчүлөрү жана жетекчилери алмашкан.

Башында Жалолиддин Салохиддиновго караштуу деп айтылып келген «Лиматекс» пахта тазалоочу корпорациясы Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдирасуловдун мүлкү сыяктуу соттун чечими менен мамлекеттештирилген объектилердин тизмесине киргизилген эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.