УКМК тууралуу талкууда уруш чыкты

Кыргызстанда жарандык коом тарабынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) реформалоо боюнча талап коюлууда.

Анда коопсуздук органынан коррупция күрөшүү жана тергөө укугун алып таштап, анда чалгын жана контрчалгын милдеттерин гана калтыруу маселеси талкууланды.

Бул жыйынга «Георгий» тасмасын тагынып келген белгисиз адамдар уюштуруучулардан сөз талашып, иш-чараны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты. Алар УКМКны реформалоо демилгесин мамлекеттин пайдубалына сокку уруу катары кабыл алышты.

Союздан калган «ыйык мурас»

СССР мезгилинде ВЧК, ГПУ, ОГПУ, НКВД, КГБ деп ар кайсы мезгилде ар кандай аталышта болуп, аңдуу жүргүзүп, саясий репрессиялар менен алектенип келген жашыруун кызматтын табияты Кыргызстан эгемендик алгандан кийин анча деле өзгөрбөгөнү боюнча маселе талкууланды.

Саясатчы Равшан Жээнбеков атайын кызматты саясаттан сырткары кармап, аны реформалоо маселесин көтөрдү:

Равшан Жээнбеков.

«Азыркы УКМК - бул СССРден калган «мурас». Тилекке каршы, соңку 30 жылга чукул убакыт аралыгында эч кандай деле өзгөрүү болгон жок. Ар бир келген бийлик атайын кызматты реформалоо маселесин көтөрүп келет дагы, бир канча убакыт өтпөй эле бардык президенттер бул жашыруун кызматты жакшы көрүп, жактырып калышат. Азыр бул атайын кызматты реформалоо маселеси президенттин колунда. Эгерде ал кааласа, реформа жүргүзөт. Каалабаса - дагы эле баягыдай эле анын кызматынан пайдаланып, абал өзгөрүүсүз кала берет. Ошондуктан биз муну талкуулап, президентке маселе коюп жатабыз».

Аңгыча төшүнө «Георгий» тасмасын тагынган айрым жарандар келип, уюштуруучулар менен талашып-тартышып, сүйлөп жаткандардын сөзүн үзгүлтүккө учуратып жатышты. Ошол эле кезде өздөрүн коомдук ишмерлер катары тааныштырган белгисиз адамдар аларга токтоосуз түрдө сөз берүүнү талап кылышты. Талкуунун жүрүшүндө баяндамачылардын сөзү үзгүлтүккө учурап, эки тарап кайым айтышканга чейин барды. Белгисиз адамдардын бири жыйында кимдер сүйлөшү керек экендиги боюнча талап коюп, өз пикирин таңуулады:

«Бул жерде эч кандай КГБ, ФСБ деген жок. Азыр эки киши чыгып, беш барак сөз сүйлөдү. Бул жакта канча киши турат. Эже, сизге сөз жете элек. Рита Карасартова, сизди депутаттар ырас эле акыйкатчы кылып шайлабай коюшкан экен. Равшан Жээнбеков, сиз 8-мартта кимдерди колдоп чыкканыңарды көрдүк. Адил Турдугулов, Равшан Жээнбеков, силерде позиция жок, принцип жок. Анан мына ушул силер УКМКны эмес, жашылдандыруу чарбасын да реформа кылуу тууралуу сүйлөгөнгө акыңар жок».

«Чагым салуу - классикалык ыкма»

Катышуучулардын бири, жарандык активист Уланбек Жуманаев муну УКМКнын жыйынды үзгүлтүккө учураткысы келип, атайын даярдалган чагымы катары баалады:

«Бул чыр-чатакты УКМК жиберген атайын кишилер чагым катары уюштуруп жатышат. Бул - УКМКнын балит иштери. Булар азыр баяндама жасай тургандарды сүйлөтпөй, жыйынды үзгүлтүккө учуратууну көздөп жатышат. Муну ким уюштуруп жатат? Албетте, УКМК уюштурбаганда, ким уюштурмак эле? Биздин улуттук коопсуздукту коргой турган УКМК - азыркы учурда ФСБнын эле уландысы, анын бир бөлүмү эле болуп калды... »

Ал эми «Георгий» тасмасын тагынган, өзүн Романов деп тааныштырган башка бир жигит аны жыйындан айдап чыгууга эч кимдин акысы жок экенин айтып жатты. Ал эч кандай чет элдик атайын кызматтар менен байланышы жок экенин айтып, болгону коомчулуктун атынан сүйлөп жатканын билдирди:

«Бул - «Георгий» тасмасы. Биз ардагерлерди дайыма эстеп жүрүшүбүз керек. Мындагы кээ бир адамдар менден бул тасманы чечүүнү талап кылып, мени «баскынчы» деп атап жатышканын кандайча түшүнсө болот? Мен Кыргызстандын жаранымын. Мен бул жерде туулганмын. Мында менин ата-бабам 200 жыл мурун жашаган. Анан мени «баскынчы» деп атап, тасманы алып салышымды талап кылышканы туурабы? Биз «Кырк чоро», «Жети дубан ынтымагы», «Айкөл-Ала-Тоо» сыяктуу мекенчил күчтөр менен кызматташабыз».

УКМКны реформалоо боюнча демилге көтөргөн жыйынга катышкан мурдагы билим берүү министри, экс-депутат Каныбек Осмоналиев муну биргелешип өткөрүлгөн «атайын операция» катары тамашалап, чет элдик атайын кызматтын чектен чыгышынын далили катары мүнөздөдү:

Каныбек Осмоналиев.

«Бул жерде чет өлкөнүн, биринчи кезекте Орусиянын жашыруун кызматынын адамдары келип, чагым уюштуруп жатканы көрүнүп калды. Мен буга азыр кубандым. Себеби булар азыр беткабын ачып, өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүп коюшту. Анткени алар буга чейин тымызын иштеп, биздин бийликти коркутуп-үркүтүп өз билгенин таңуулап келишсе, азыр эми ачык эле чыгып, жөнөкөй бир жарандык иш-чарага келип, кийлигишип жатканы алардын чектен чыгып кеткенин көргөзөт. Биз атайын кызматты реформалап, жаңылап, өзгөртпөсөк азыр элге да, президентке да кыйын болуп калат».

Ал арада журналисттердин бири чуу чыгаргандар жыйын учурунда телефондон СМС аркылуу тапшырма алып турганын ырастаган фото далилди Интернетке жарыялады. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов аталган жыйындагы жагдайларга карата комментарий берүүдөн баш тартты.

Сүрөт журналист Канат Каниметовдун «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды. Телефондо «ФИОну айтайынбы? Өзүмдү тааныштырып?» деген суроого: «Башканы айт. Дастан деп кой» деген жооп келгенин көрсө болот. Жооп «Руси Б Снб» деген контакттан келген.

«Карма ууруну, карма» деп ууру жүрөт...

Жыйын учурунда укук коргоочу Рита Карасартова коррупцияга каршы күрөштүн өзү коррупциялашып кеткенин айтып, ошондуктан атайын кызматтан бул ыйгарым укукту алып салууну сунуш кылды:

Рита Карасартова.

«УКМКнын кызматкери декларация толтурбайт деген эмне деген шумдук? Анда ал президенттен да жогору турабы? Коррупция менен күрөш жүрүп турган органда иштегендер декларация толтурбаса, жоопкерчилик жок болсо - анда бул жагы кандай болуп калат? Ошондуктан коррупция менен күрөшө турган орган өзү коррупциялык ири синдикатка айланып калганы анык болуп калды. Бул органдын кызматкерлери кымбат баалуу машинелер менен жүрүшөт. Мамлекеттен алган маянага ошондой жогорку класстагы машинелерди сатып алууга болобу? Албетте, болбойт. Ошондуктан коррупцияга каршы күрөш ачык-айкын жүрүшү үчүн жабык болгон атайын кызматтан бул функцияны алып салуу кажет».

УКМК укуктарын бөлүшкүсү келбейт

Антсе да коопсуздук органдарынын ардагери Талант Раззаков тергөө менен корррупцияга каршы күрөшүү милдетин атайын кызматтан алып салуу мүмкүн эмес деп эсептейт. Ал бул милдеттерди башка органга өткөзүү абалды андан бетер начарлата турганын айтты:

Талант Раззаков.

«АКСтин кереги жок, тергөөнү башкага өткөрүп бериш керек десек, анда абал кандай болот? Тергөө атайын кызматка керек. Себеби жашыруун маалыматтар сыртка чыгып кетпеши керек. Ал эми коррупцияга каршы күрөш милдетин башка органга бере турган болсок абал азыркыдан да начарлайт. Албетте, УКМК идеалдуу иштейт дегенге болбойт. Бул кызмат бизде турганда кичине болсо да көзөмөл болот. Анан реформалоо деген шылтоо менен мамлекеттин пайдубалы болгон атайын кызматты талкалап салууга жол бербеш керек».

УКМКны реформалоо маселесин көтөргөн уюштуруу тобу бул демилгени ишке ашырыш үчүн коомчулукта кол топтоо акциясы жүрө турганын жарыялады.​

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.