Тергөө абагындагы талапкер Өмүрбек Текебаевдин тил сынагына катышуу маселеси да ачык бойдон калууда.
Учурда арыз бергендердин ичинен "Ак шумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариев гана талапкер болуп расмий катталды. Калгандары тил сынагы жана башка эрежелерден өтүп жатышат.
Үчөө жыдыды, төртөөнүн тагдыры калчанууда
Президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген 59 талапкердин экөө өз каалоосу менен арыздарын кайтарып алышкан. Алар - 62 жаштагы пенсионер Анвар Сартаев менен "Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо" фондунун президенти, 60 жаштагы Нусрет Муса-Оглы Мамедов. Ал эми 1985-жылы туулган Куттубек Бешбаков жаш курагы туура келбегенине байланыштуу жарыштан четтетилди. Дагы бир жашы жетпеген талапкер, 1983-жылы туулган укук коргоочу Роман Ремневдун арызы азырынча карала элек.
Талапкерлердин коопсуздук саясаты кандай болот?
Талапкерлердин коопсуздук саясаты кандай болот?
Президент болууну көздөгөн саясатчылардын коопсуздук саясаты боюнча кандай пландары бар?
Борбордук шайлоо комиссиясы учурда дагы төрт кишинин арызын артка кайтарышы мүмкүн. Анткени Игорь Трофимов, Муканбай Аманбаев, Марта Кыдыралиева жана Мирлан Шеркул уулу арыздарды кабыл алуу мөөнөтү бүткөнгө чейин шайлоо фондун ачууга жетишкен эмес. БШК учурда бул маселени карап жатат. Эрежеге ылайык, белгиленген мөөнөттө шайлоо фондун ачпаган жаран талапкер боло албайт. Арыздарды кабыл алуу 1-августта токтотулган. Шайлоо фондуна салынчу каражатка чектөө коюлган эмес.
Диний ишмерлер үгүткө аралаша албайт
Өткөн апта соңунда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диний ишмерлер президенттик шайлоодо үгүт иштерине катыша албастыгын эскертти. Бул эрежени бузган талапкерлерди жарыштан четтетүүгө БШКнын укугу бар экенин анын мүчөсү Атыр Абдрахматова "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Башмыйзамда "дин менен мамлекет бири-биринен бөлүнгөн" деп жазылып турат. Ошондуктан, дин ишмерлери шайлоодо кайсы бир талапкердин пайдасына үгүт иштерине катыша албайт. Эгер талапкер үгүт иштерин жүргүзүүгө дин ишмерин колдонсо, БШК аны президенттик жарыштан четтетүүгө укуктуу. Бул боюнча жаңы кабыл алынган административдик-процессуалдык кодекстин негизинде иш алып барабыз. Боршайком андай эреже бузган талапкерлердин үстүнөн сотко да кайрыла алат.
Сындырган тил сынагы
Бүгүнкү күнгө чейин арыз бергендердин 22си мамлекеттик тил сынагынан тест тапшырды, алардын бирөө - "Шматрица" ишканасынын директору Руслан Жунусов тесттен 46,1 упай гана алып, сынактан өтпөй калды.
Президенттик жарышка катышуу үчүн талапкерлер 100 баллдык тесттен кеминде 60 упай алуусу тийиш. Буга чейин тил сынагын тапшырган талапкерлердин ичинен Адахан Мадумаров эң жогорку 96,77 балл алды. Өткөн апта соңунда сынакка кирген өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун алган упайы 94,6 болгон.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Мындан ары дагы 34 талапкердин тил сынагын тапшыруусу күтүлүүдө. Алардын ичинде учурда абакта отурган Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаев да бар. 26-июлда мамлекеттик тил сынагын тапшырууга тийиш болгон Өмүрбек Текебаевдин тесттен өтүү маселеси чечилбей келе жатат. Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин БШК менен Текебаевдин юристтери түрдүү чечмелеп, маселе ачык боюнча калды.
4-август күнү Борбордук шайлоо комиссиясы “Бишкектин район аралык соту Текебаевдин өкүлүнүн арызын канааттандырган жок, болгону, БШК аракет көргөн эмес деп тапты” деген билдирүү таратты. Буга каршы чыккан Текебаевдин юристтери ошол эле күнү Боршайкомго Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселесин кароону талап кылып, кайрылышты.
Юрист Таалайгүл Токтакунова эгер БШК бул маселени карабаса, Башкы прокуратурага кайрылууга мажбур болушарын "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Биз БШКдан Өмүрбек Текебаевдин тил сынагына катышуу маселесин карагыла деп талап кылып жатабыз. Сот да ошого милдеттендирди. Эгер алар бүгүнкү отурумунда карабаса же башка бир күнгө кароого койбосо, Башкы прокуратурага кайрылабыз. Сот чечимин аткарбаганы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш.
Үгүткө али эрте
Бул аралыкта социалдык тармактарда "бийлик Нарындын Кочкор районунда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштерин баштап жатат" деген маалымат сүрөт менен кошо тарады. 5-августта интернетке чыккан сүрөттөрдө ак халат кийген бир топ дарыгерлер "Сооронбай Жээнбеков" деген жазуунун алдында жыйын куруп жатканы чагылдырылган. Сүрөттөр 2-августта тартылганы, райондук оорукана башчысы Калиев менен акимдин орун басары Садыкова "дарыгелерге үгүт жүргүзүп жатышканы" айтылган. Интернет колдонуучулар муну административдик ресурс катары баалап, талкууга түшкөн.
Социал-демократтар партиясынын төрага орун басары Фарид Ниязов бул маалыматты чагым деп атады. Ал "Азаттык" радиосуна сүрөт автобекетте, баланы эмчек сүтү менен багууга арналган жумалыктын алкагындагы жыйында тартылган деп белгиледи:
- Жыйынды эмне үчүн ошол жерде өткөрүшкөнүн тактап жатабыз. Аким муну тактап жатат. Сүрөттөгү фонду - "Сооронбай Жээнбеков" деген жазууну атайын ошол ракурстан тартышкан. Ал жерде президент болом деген башка кишилердин штабдары, аты-жөндөрү жазылган жайлар да бар болчу. Аларды кошушкан эмес. Бул чагым иретинде тартылган сүрөт.
Ниязовдун айтуусунда бул сүрөт интернетке чыккан соң, партиянын активисттерине мындай чагымга жол бербөө эскертилген.
Азыркы өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков 15-июлда КСДПнын курултайында 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер болуп сунушталган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ал ээлеп турган кызматын тапшырып берүүгө тийиш. Жаңы өкмөт башчысын шайлап, министрлер кабинетин бекитүү үчүн Жогорку Кеңеш 21-августта кезексиз жыйынга чогулары айтылган.
Кыргызстандын президентин шайлоо 15-октбярда өтөт. Үгүт иштери сентябрда башталат.