Оппозициядагы эки фракция кайым айтышты

Парламенттик оппозициядагы "Ата Мекен" менен "Республика-Ата Журт" фракцияларынын мүчөлөрү айтышты.

Буга парламенттеги экинчи оппозициялык фракция социалисттерге козголгон кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын ишин узартуу маселесин колдобой залдан чыгып кеткени себеп болду.

"Ата Мекен" фракциясы бул үчүн регламент атайын бузулуп, депутаттар коркок-билиштик менен маселени өткөрбөө аракетин көрдү деп айыптап чыкты. Буга "Республика-Ата Журттун" депутаттары "ар бир фракция өз иши менен алек болсун" деп жооп кайтарды.

"Ата Мекендин" таарынычы

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Садык Шер 15-мартта палатада жыйынга төрагалык кылуучу маселени кароодо регламентти бузууга жол берди деп сынга алды.

Садык Шер үч "атамекенчи" депутатка козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын ишин узартууга каршы тымызын аракеттер болгонун айтып чыкты:

- Урматтуу төрага, сиз кечээ тыныгуу жарыялап, анан "жыйын бүттү" дедиңиз. Анан эле залдын жарымы чыгып кетти. Бул атайын жасалгандай болуп калды. Кайра жумушту баштаганда "Республика" фракциясынан бирөө дагы калбай калыптыр. Алар эми оппозиция болгон соң, аз болсо биздин маселени колдошу керек эле. Бирок андай болбоду. Көптөрү билбей калышканын айтышты. Бул жерде бакандай үч кесиптешибиздин маселесин күн тартибинин аягына киргизип, анан тыныгуу жарыялап, эрежени бузуу менен муну өткөрбөөгө өбөлгө түзүлдү. Мындай болбош керек эле. Аябай туура эмес иш болду.

Буга карата "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров кечээ түштөн кийин фракция депутаттары башка жыйындарда болгонун айтып, бул боюнча доомат артууга негиз жоктугун белгиледи.

Жыйынга төрагалык кылган төрага орун басары Данияр Төлөнов регламент бузулбаганын, депутаттар анын айтканын туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн экенин айтты.

"Ата Мекендин" үч депутатына иш козголгон

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова парламенттик оппозициядагы депутаттардын коркок-билиштигин айтып, аларды чындыкты билүүгө көңүл кош болду деп айыптады:

- Бул жерде бир эмес, үч кесиптешиңиз тууралуу сөз болуп жаткан. Бирок ошого карабастан кечээ бул маселени кароонун астында залда аз эле депутат калган. Анан эми ар кайсы адамдар ар нерсени айтып, актанууга негиз жок. Биз болгону мына ушуну менен козголуп жаткан иштин саясий куугунтук экенин далилдеп бермекпиз. Бирок бизге андай мүмкүнчүлүк берилбеди. Муну коомчулук дагы коркоктук катары кабыл алды. Негизи депутаттык комиссия түзүүнүн деле кереги жок болгон экен. Бул жерде биз тиешелүү далилдерди жана ырастамаларды келтиргенге мүмкүнчүлүк бербей койдуңуздар. Андай эмес болсо, анда эмнеден корктуңуздар?

Эски таарыныч

Ошол эле кезде "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров алар "Ата Мекенди" колдоп, комиссиянын мөөнөтүн узартууга милдеттүү эмес экенин кыйытты. Эски таарынычтарды эстеген Максат Сабиров "башка фракция алардын ишине кийлигишүүгө акысы" жок экенин эскертти:

- Биз өзүбүздүн жумушубузду кылып жатабыз. Биздин фракциянын ишине кийлигишпегиле. Учурунда биз оппозицияда калып, парламенттеги көпчүлүк комитеттерди жетектөөнүн бардыгын силер алып алып койгондо дагы биз унчуккан эмеспиз. Силердин фракцияларга биз анда бир ооз бир нерсе айткан эмеспиз. Биздин фракция оппозициялык фракция болсо да, бизди бетиңерге кармабагыла. Биз өзүбүздүн ишибиз менен алекпиз. Биз актанбайбыз. Кечээ чынында эле биздин фракциянын мүчөлөрү жыйындарда болуп, чечимдерди карап жаттык.

Эртеңки күндүн кандай болоору бир гана Кудайдын колунда. Колуңардан келсе, мыкчып турган асманыңарды таштап жибергиле.
Төрөбай Зулпукаров

Буга чейин парламенттеги КСДП фракциясынан башка беш фракция тогуз депутаттан турган убактылуу депутаттык комиссия түзүп, козголгон кылмыш иштердин мыйзамдуулугун иликтөө чечимин кабыл алган эле. Бирок ага ушул кезге чейин төрага шайланбай, анын ишмердиги аксап келатканы айтылган. Буга байланыштуу "Ата Мекен" фракциясы депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартууну сунуштаган эле.

КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров бул жагдай тууралуу мындай дейт:

- Бул жерде эч ким корккон жок. Бул жерде эртеңки күн менен коркутканды токтотсоңор. Эртеңки күндүн кандай болоору бир гана Кудайдын колунда. Колуңардан келсе, мыкчып турган асманыңарды таштап жибергиле. Депутаттардан бир нерсе талап кылып, аларды коркоктук кылды деп айыптап айтууга эч кимге укук берилген эмес.

Тирешүү ордуна сүйлөшүү

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев маселени парламентте ачык-айкын талкуу болбой, анын жыйынтыгы жок болуп жаткан жагдайдан улам өлкөдө көптөгөн көйгөйлөр пайда болгонун мисал келтирди. Бакыт Төрөбаев көйгөйдү ачык талкуулоодон качпай, аны жөнгө салуу жолдорун издөөгө чакырды:

- Бизде эмне үчүн чыр-чатактар болуп жатат? Анткени азыр кайсы тармакты албайлы, суроолор аябай көп, бирок алардын жообу жок. Ошон үчүн депутаттык комиссия түзүлөбү же башка бир жумушчу топ болобу, ишибиздин жыйынтыгы жок болуп жатат. Комиссиялардын иштөө мөөнөтүн узартуу биздин практикада бар. Дача СУ боюнча депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн унчукпай эле узартып бердик. Мындан трагедия кылыштын кажети жок. Бирок ошол комиссиялардын иши жылдап созулуп кетпей, бир жыйынтык чыгарып, маселеге чекит койгудай болушу шарт.

Буга чейин Жогорку Кеңеште Дача СУ конушуна кулаган учактагы жүктү иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн болчу. Анын төрагалыгына "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев шайланган. Бирок анын камакка алынышы менен комиссиянын иши үзгүлтүккө учурап калганы маалым. Буга байланыштуу жакында парламент бул комиссиянын ишин узартуу чечимин кабыл алган эле.

15-март күнү парламент үч "атамекенчи" депутатка - Текебаевге, Саляновага жана Шыкмаматовго каршы козголгон кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун аныктоо боюнча депутаттык комиссиянын ишин узартуудан баш тарткан чечим чыгарган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.