Паспорттун жаңы үлгүсүндө башка маалыматтар менен бирге эле жарандын улуту көрсөтүлбөй турганы коомчулукта чоң талкууга жем таштады. Айрымдар “бешинчи графанын” алынып салынышын кутумчулук катары кабыл алып каршы чыкса, кээ бирлер муну жарандык биримдикти жарата турган жараян катары кубатташты.
Мамлекеттик каттоо кызматы “Республика Ата-Журт” фракциясынын көчмө жыйынында ички электрондук паспорттун жаңы үлгүсү менен тааныштырды.
Паспорттун жаңы үлгүсүндө жарандын улуту көрсөтүлбөйт. Анда адамдын аты-жөнүнөн кийин жарандыгы гана белгиленип, туулган датасы, документтин номери жарактуу мөөнөтү жана кол тамгасы түшүрүлөт. Жарандын улуту, жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы жана үй-бүлө курамы тууралуу маалыматтар паспорттогу электрондук чипте сакталат. Бара-бара бул электрондук паспорт айдоочулук күбөлүк, пенсиялык китепче, медициналык карта сыяктуу беш документти ичине камтый турганы белгиленди.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев паспорттогу “бешинчи графаны” алып салуу жарандык биримдикти бекемдөөгө багытталганын белгиледи:
- Президент жаңы кызматка киришип жатканда паспортто жарандын улутун көрсөтпөө демилгесин көтөргөн. Биз анын позициясын эске алып, улутуна карабастан “кыргыз жараны” деп гана жазылышы керек деп долбоорго киргиздик. Калган маалыматтарды паспортто көрсөтүштүн кажети жок. Анын бардыгы борбордук базада жана электрондук чипте болот.
Жаңы паспорттун үлгүсү жакын арада өкмөткө караштуу мекемелер аралык комиссияда каралып чыгып, анын атайын бекитүүсүнөн өткөндөн кийин гана юридикалык күчкө ээ болот. Мына ошондон соң негизги долбоор катары каралган паспорттун бул үлгүсү ушул жылдын аягына чейин колдонууга киргизиле баштайт. Документтин эски үлгүсү мөөнөтү өткөндөн кийин алмаштырылат.
Карама-каршылыктын карааны
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров паспорттогу "бешинчи графаны" алып салуу боюнча президенттин демилгесин сынга алды:
- Паспортто улуту көрсөтүлбөй, жазылбай калса эле жарандык биримдик күчөп, мамлекетти сүйүп кетет дегенден алыс болуш керек. Менимче, паспортто сөзсүз түрдө улутун көрсөтүү сакталып калуусу керек. Мен биздин элдин саны башка мамлекеттердей болуп 150-250 миллион болсо, анда ошентип жарандыгын гана жазып коюуну түшүнөт элем. Бирок баш-этегибизди жыйып келгенде болгону 3,5 миллиондун айланасында кыргыз барбыз. Аны дагы паспортко улутун жаздырбай коюу менен эмнеге жетишебиз деп жаткандарына деги эле түшүнбөйм. Бизде мамлекеттин атын белгилеп турган улуттун аты паспортто көрсөтүлүп турса, ал башка бирөөгө тоскоолдук келтирген эмес, келтирбейт дагы.
Жарандык биримдиктин "жарыгы"
Ошол эле кезде коомчулуктун кайсы бир катмары Мамлекеттик каттоо кызматы сунуштаган паспорттун жаңы үлгүсүн кубаттоо менен кабыл алды. Мында негизинен паспортунда улутун көргөзүү башка улуттагы кыргыз жарандарына ыңгайсыздык жараткан учурлар мисалга алынып келген. Муну ошондуктан коомдогу ажырымга себеп болчу көрүнүш катары мүнөздөгөндөр дагы болгон.
Өзбек улуттук-маданий борборунун президенти Бахтияр Фаттахов паспорттогу “бешинчи графанын” жоюлушу чынында эле жарандык биримдикти бекемдөөгө негиз болорун кошумчалады:
- Бул “Кыргызстан жараны” деп эле жазылсын деген демилгени мурда эле парламентте маркум депутат Дооронбек Садырбаев көтөргөн болчу. Менин оюм да ошондой болуп, учурунда Садырбаевдин сунушун колдогон элек. Бирок ал ошол учурда парламенттен өтпөй калган. Азыр ошол маселе бышып жетилип, өкмөт муну көтөрүп жатканы жакшы көрүнүш. Бул мамлекеттеги жарандык биримдикти бекемдей турган фактор. Ошондуктан азыр президент Атамбаевдин бул багытта жүргүзгөн саясаты да жарандык ынтымакка алып келе турган саясат.
Паспорттун жаңы үлгүсүндөгү “бешинчи графаны” алып салуу демилгеси интернеттеги социалдык түйүндөрдө дагы кызуу талкуулана баштады. Жарандык активист жана журналист Семетей Талас уулу бул демилгени кутумчулук катары кабыл алды:
- Паспорттун “бешинчи графасында” биз “улуту” деген жерге атайын сыймыктануу менен “кыргыз” деп жаздырып келгенбиз. Мамкаттоонун жетекчи орун басары Догоевдин көтөргөн демилгесине каршыбыз. Анткени ошол нерсени жойдуруп салуунун артында кайсы бир күчтөрдүн кызыкчылыгы турат. Башка улуттар эгерде улутун көргөзгүсү келбесе, “кыргызстандык” деп эле жаздырып ала беришсин. Биз болсо өз ыктыярыбыз менен “улуту кыргыз” деп эле жаздыралы. Аны өчүртүүнүн кимге кереги бар? Мунун бир эле мекеме ошондой чечип койбостон, элге салышы керек. Бардыгы жарандардын эрки менен болушу зарыл.
Буга чейин президенттик аппараттын этникалык саясат бөлүмү 2011-жылы Ысык-Көл жээгинде өткөргөн жыйында паспорттогу “бешинчи графаны” жоюу демилгеси биринчи жолу көтөрүлгөн. Анын катышуучуларынын көпчүлүгү аны коомду ажырымга алып келген учурларга себеп болгон деп мисал келтиришкен болчу.