Саясий калканчы барлар салыкка кол салганбы?

Өткөн үч айдын жыйынтыгы боюнча тиешелүү өлчөмдө салык чогултулбай калган.
Казынага каражат түшпөй жатканына нааразы болгон өкмөт башчысынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев салык тармагындагы туташ коррупциянын тамыры жулунбай жатканын сынга алды. Айрыкча кадр маселесин мисал келтирген биринчи вице-премьер-министр жогорку бийлик органдарындагы жетекчилердин колдоосу менен сынаксыз салык кызматына кирген салыкчылардын ишин териштирүүнү тапшырды.

Салык чогултуунун абалы начар


2014-жылдын биринчи кварталындагы салык чогултуунун абалы боюнча мамлекеттик салык кызматында өткөн жыйынга өкмөт башчысынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев катышты. Өткөн үч айда салык чогултуунун өлчөмү сексен тогуз пайызды түзгөн. Башкача айтканда, мерчемделгенден 1 миллиард 100 миллион сомго аз салык чогултулган. Анын бирден бир себеби катары салык тармагында иштеген кызматкерлердин колу таза эместиги жана тажрыйбасыздыгы боюнча көрүнүштөр мисалга алынды.

Сарпашев парламентте депутаттардын жардамчысы же кеңешчиси болуп иштеп жүрүп салык кызматына сынаксыз орношкондордун ишин териштирүү тапшырмасын берди. Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн өкүлү Мелис Эржигитов саясий калканчына таянып жумушка келген салыкчыларга чара көрүү маселеси коюлганын айтты:

- Салык чогултуунун майнаптуулугу начарлап кеткен. Ошондуктан биринчи вице-премьер-министр салыкчылардын көпчүлүгү казынага түшө турган каражатка кол салып жатат деп айыптады. Ошол эле кезде салыкчылардын иш билгилиги күмөндүү деген маселе көтөрүлдү. Айрыкча жетекчилердин же депутаттардын сынаксыз кызматка орношкон жардамчылары менен кеңешчилеринин тажрыйбасы менен ишинин кайтарымдуулугу начар болуп жатканы айтылды. Депутаттын же кайсы бир чоң жетекчинин аты менен эле сынаксыз кызматка келгендерди кыскартуу же биротоло кызматтан кетирүү керек деген тапшырма берилди.

Амалдын арты “шамалбы”?

Мыйзам боюнча жогорку бийлик органдарынын жетекчилеринин жардамчылары жана кеңешчилери мамлекеттик кызматка сынаксыз кабыл алынат. Мындай ыңгайдан улам парламенттин депутаттарына жардамчы болуп бир аз иштеп туруп, андан салык кызматына өткөн кызматкерлердин саны соңку үч жылда жетимиштен ашкан.

Мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков салык кызматына сынаксыз орношуу үчүн мына ушундай амал колдонулуп келгенин белгиледи:

- Мына ошол сынаксыз кызматка келгендердин көбү мурда салык тармагында иштеп кеткендер. Анан алар кайсы бир жетекчинин же депутаттын кеңешчиси же жардамчысы болуп жүрүп, анан мурдагы кызматынан жогорку тепкичтеги орунга өтүш үчүн мына ушундай жолго барышкан.

Мамлекеттик салык кызматына сынаксыз жумушка орношкондордун токсон пайызга чукулу парламент депутаттарынын мурдагы жардамчылары болгон. Адатта кызматка кирүү үчүн депутатка жардамчы болуп иштеп, андан ары башка мамлекеттик кызматка өтүү өнөкөтү кеңири жайылган. Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынан депутат Надира Нарматова эл өкүлдөрүнүн дарегине айтылган дооматты мындайча четке какты:

- Тайырбек Сарпашев кайсыл депутаттын кандай жардамчысы салык кызматына барганын жана кимиси кызматын жакшы аткара албай жатканын фактылар менен ачык атаса болмок. Бирок менимче өкмөт өзү салык тармагындагы ишин жеткиликтүү уюштура албай эле анан ар кайсыл шылтоолорду айтып жатышат. Анан мында шылтоонун бардыгын депутаттарга жүктөп коймой оңой да. Мына ошол жумушка сынаксыз ким алды? Албетте, өздөрү. Анан өздөрүнүн жоопкерчилигин бирөөгө оодара салган болбойт да.

Ошол эле кезде мамлекеттик салык кызматы жогорку бийлик органдарынын жетекчилеринин же депутаттардын жардамчылары менен кеңешчилерин сынаксыз жумушка алууга тыюу салуучу укуктук ченемди киргизүү демилгесин көтөрүүдө. Эгерде бул демилге парламент тарабынан колдоого алынса, анда мамлекеттик кызмат боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет.