Депутат Төлөгөнов мандатын тапшырды

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Райкан Төлөгөнов депутаттык мандатын партиянын саясий кеңешинин кароосуна өткөрүп берди.
Ал өзүнүн кайрылуусунда ага Бакиевдердин мүлкүн карактаган деген жалаа жабылгандыктан анын чын-бышыгын иликтеш үчүн депутаттык кол тийбестиктен баш тартканын жарыялады. Бул ишти иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү, “Республика” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев болсо тергөөдө анын бул ишке катышын тастыктаган кыйыр далилдер жетиштүү деп эсептейт.

Жоопкерчилик менен жоопкерсиздиктин аралыгы

31-октябрь күнү таратылган кайрылууда Райкан Төлөгөнов өзүнүн 7-апрелдеги талап-тоноочулукка тиешеси жок экенин айтып, бул боюнча анын дарегине айтылган маалыматтар карандай жалаа экенин белгилеген. Бирок бул иш боюнча тергөө жүрүп жаткандыктан депутаттык кол тийбестикке жамынды деген кинеден алыс болуш үчүн мандатты өткөрүп бергенин билдирген. Аталган иш боюнча тергөөгө сурак берип жаткандыктан депутаттын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов Төлөгөнов муну менен өзүнүн ак экенин жана мыйзамдын жоопкерчилигинен качпастыгын көрсөттү деп эсептейт:

- Райкан Төлөгөнов “күнөөм жок экенине ишенем, бирок тергөөнүн объективдүүлүгүнөн күмөн саноо болбошу үчүн өз каалоом менен мандатты партиянын саясий кеңешине өткөрүп берем”, - деп жарыялады. Муну менен ал далилденген кылмыш иштерин прокуратура көзгө сайып көргөзүп турса да көкүрөк тосуп, бирин-бири коргогон депутат кесиптештерге үлгү көрсөттү. Иликтөөнүн жыйынтыгына байланыштуу эми партиянын саясий кеңеши аны депутаттык мандаттан ажыратуу, же ажыратпоо тууралуу чечим кабыл алат.

Буга чейин тергөө органдары депутат Төлөгөнов саламаттыгына шылтоолоп, суракка келбей жатканын белгилеген. Кийин депутаттык комиссиянын жыйынында мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 2010-жылы 6-апрелден 12-апрелге чейинки Төлөгөновдун телефондук байланыштарынын көчүрмөсүн жарыялаган болчу.

Табышмактуу чалуулардын жандырмагы чечиле элек

Анда Райкан Төлөгөнов 26 жолу Бишкек шаарынын ошол кездеги коменданты Туратбек Мадылбековго жана 8 жолу азыр абакта жаткан Абдулла Юсуповго телефон чалганы аныкталган экен. Атайын заманбап жабдуу Төлөгөновдун чалуулары ошол күнү талоонго алынган объектилерден болгонун тастыктады деп айткан болчу Рысалиев.

Бул ишти иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү, “республикачы” депутат Кенжебек Бокоев Рысалиевдин кызматтан кетишин мына ошол иш менен байланыштырды:

- Райкан Төлөгөнов ИИМге сурак бергенде талап-тоноочулук болгон эки эле объектиде болгонун айтып жатат. Бирок анын телефондук байланыштарынын көчүрмөсү ал онго жакын таланган объектиде болгонун көрсөттү. Ал жерде анын эмне кылып жүргөнүн азыр эч ким айта албайт. Бирок ал өзү муну менен жалган көрсөтмө берди. Рысалиев министр катары мына ошол телефондук байланыштардын көчүрмөсү талап-тоноого аталган депутаттардын кыйыр түрдө катышы барын аныктайт, Юсуповдун айткандарынын сексен пайызы далилдениши мүмкүн деп ачык эле айткан болчу. Мүмкүн анын мына ушул ишти ачууга жасаган аракети аны кызматтан кетирүүгө мажбур кылды. Себеби ага 10-октябрга чейин кылмыш ишин жаап бүтүрөсүң деген көрсөтмө келген экен. Бирок ал андан баш тарткан.

Ошол эле учурда ички иштер министрлигинин тергөө тобу бул ишти иликтөөнү токтотуу, же жабуу боюнча кимдир бирөөдөн көрсөтмө жок экенин белгилешти. Мындан сырткары ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев Бакиевдердин мүлкүн талап-тоноого байланышкан кылмыш иши аягына чейин иликтене турганына токтолду:

- Эми азыр тергөө иштери мурдагыдай эле улантыла берет. Кылмыш ишинде кандай жылыштар болуп жатканы жана анын жыйынтыктары боюнча азырынча айта албайбыз. Себеби тергөө иши аягына чыга элек.

Абакта жаткан Абдулла Юсуповдун 2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдердин үй-мүлкүн талап-тоноого Райкан Төлөгөнов баштаган “Ата Мекендин” азыркы депутаттары буйрук берген деген билдирүүсү коомчулукка жарыяланган болчу. Муну “атамекенчилер” саясий каршылаштарынын партиянын беделин кетирүүгө жасаган жалаасы катары баалаган.