Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери алмашты

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болгон Шамил Атаханов (оңдо) жана кызматынан алынган Зарылбек Рысалиев (солдо).

Президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматтан алуу жана алмаштыруу боюнча кадрдык жүрүштөрдү жасады.
Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев кызматынан бошоп, анын ордуна убактылуу милдет аткарууга атайын кызматтын төрагасы Шамил Атаханов барды. Талдоочулар шайлоонун алдындагы мындай жүрүштөр күч түзүмдөрүн чыңдоо жана коопсуздукту бекемдөө максатында жасалышы мүмкүн деп жыйынтык чыгарышууда.

Күтүлгөн күтүүсүздүктөр

Президент Атамбаев ички иштер министри Зарылбек Рысалиевди бошотуу боюнча өкмөт башчысынын сунушун кабыл алып, анын ордуна ушул эле күнү башкы чекисттиктен кеткен Шамиль Атахановду министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына президенттин коопсуздук боюнча кеңешчиси Бейшенбай Жунусов барды. Жунусовдун атайын кызматтагы чекисттик жана жетекчилик иш тажрыйбасы 24 жылды түзөт. Мындан сырткары ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Алымбеков менен Чүй облусунун баш милициясы Бактыбек Жусубалиевдин кызмат орундары алмашылды.

Коопсуздук боюнча эксперт Талант Раззаков мамлекет башчысынын соңку кадрдык жүрүштөрүн күч түзүмдөрүн чыңдоого жасаган аракети катары баалады:

- Бул эми шайлоонун (жергиликтүү кеңештерге) астында, кийинки болгон окуяларга байланыштуу абалды турукташтыруу максатында болушу мүмкүн. Коомдук-саясий абал жана өлкөнүн ички жагдайы мына ушундай кадрдык жүрүштөрдү талап кылган болсо керек. Мындай жүрүштөр негизинен кокус болуп кетчү аракеттердин алдын-алуу үчүн да жасалышы мүмкүн. Негизинен мындай демилгенин бир эле эмес, бир топ саясий себеби болушу ыктымал.

Буга чейинки ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин дарегине ички иштер органдарындагы тартиптин абалы боюнча бир топ сын-пикирлер айтылып келген. Социалдык тармактарда болсо атайын кызматтын жетекчиси Шамиль Атаханов Ак үйгө чабуул болгон 3-октябрда чет өлкөгө сапарга чыгып кеткен деген сөздөр тараган болчу. Бирок андай тастыкталбаган маалыматтар тарап кеткенине карабастан соңку кадрдык жүрүштөрдүн чыныгы себептери президенттин жарлыгында расмий көрсөтүлгөн эмес.


Чыныгы себептер айтылбай калдыбы?


Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев жетекчилерди кызматтан алууда алардын кемчиликтери коомчулукка ачык жарыяланса болмок деген ойдо:

- Кадр саясаты ачык-айкын болуш керек. “Бул жетекчинин мына ушундай кемчиликтери бар экен, тигил жетекчи мына ошондой кемчилик кетирди. Анда болсо тигиндей өксүктөр бар экен”, - деген сыяктуу кызматтан алуунун себептери айтылса туура болмок. Ошондо жанагыдай ушактар дагы чыкмак эмес. Кадр саясаты элге түшүнүксүз болуп, туңгуюк болгону болбойт.

Анткен менен саясий чөйрөдө күч түзүмдөрүндөгү соңку кадрдык жүрүштөр чоң талкууга алынууда. Коомчулукта күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин алмаштыруу жана кызматтан бошотуу чечими буга чейин эле бышып жетилген деген пикирлер үстөмдүк кылууда.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев соңку кадрдык жүрүштөрдү мындайча баалайт:

- Коомчулук менен парламент күтүп, талап кылган укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтын реформасы жүргөн жок. Ал тургай реформа жүргүзүүнүн план-программасы сунуштала элек. Анан мына ошол министрликтердин ичинде моралдык-психологиялык абалдын жакшы эмес экендиги боюнча да маалыматтарды угуп жүрөбүз. Ошондуктан мына ошонун бардыгын эске алып, президент менен өкмөт башчысы мына ушундай чечим кабыл алган болсо керек.

29-октябрь күнү кечке жуук парламенттин Социал-демократтар фракциясы кезексиз жыйынга чогулду. Ага маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакыртылган жок. Анда күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин алмаштыруунун себептери талкууга алынаары айтылууда.