БШК курамы, шайлоого байланыштуу мыйзамдар айланасында парламент жана президент ортосунда тирешүүлөр жана келишпестиктер уланып жатат.
“Шайлоо комиссиясы жөнүндөгү” мыйзамга президент кол койгонго чейин эле парламент БШКнын жаңы сегиз мүчөсүн шайлап койду. Президент анын мыйзамга туура келбесин билдирүүдө.
Талаштуу кырдаал
Президенттик шайлоо алдында Борбордук шайлоо комиссиясынын айланасында талаштуу кырдаал түзүлдү. Бул кырдаалдын келип чыгышына президент тарабынан “Шайлоо комиссиялары” жана “Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамдарга вето коюулушу себеп болгону айтылууда.
Мыйзам долбоорлордун демилгечиси Өмүрбек Текебаев президент вето коюу менен интирагандардын жетегинде кетти деп айыптаса, төрага Акматбек Келдибеков да ветону кескин сынга алды. Президент өз кезегинде бул айыптоолорду төгүнгө чыгарууда.
Президент менен парламент ортосундагы чатакты Жогорку Кеңештин жайкы каникулга тарап кетүүсүнө өтө аз убакыт калышы ого бетер ырбатууда.
Вето коюлган мыйзамдар боюнча макулдашуу комиссиясы түзүлүп, өз сунуштарын даярдаган. Мына ошол сунуштардын негизинде парламент “Шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” мыйзамды өткөн жумада кайрадан карап чыкты. Бирок кол коюуга президентке ушу күнгө чейин кайтарып бере элек. Мыйзам мына ушундай ара-чолодо жатканына карабай Жогорку Кеңеш Конституциялык укугунан пайдаланып, Борбордук шайлоо комиссиясынын үчтөн экисин шайлап алды.
Бул чечим парламенттин жайкы каникулга тараганга чейин БШКнын мүчөлөрүн шайлап калуу максаты менен түшүндүрүлүүдө. Президент парламенттин бул кадамын мыйзамсыз деп атап, ал келечекте соттошуулардын булагына айланыш мүмкүндүгүн эскертти.
Өз кезегинде президенттин мыйзамдарга кол коюуну создуктурушу жана соңунда вето коюшун бийликтин БШКнын азыркы курамын сактап калуу аракети менен түшүндүрүлүүдө. Ошентип парламент менен президент ортосунда мына ушундай жагдай түзүлүп турат.
Талашка түшкөн БШК мурунку курамы менен азырынча иштеп жатат. Муну БШКнын төрагасы Акылбек Сариев тастыктады:
- Биз иштеп эле атабыз. Мыйзамга ылайык жаңы курамы келип иштей баштамайын биз ишибизди жүргүзө беришибиз керек. Милдеттүүбүз.
Шайлоого байланыштуу дагы бир мыйзам парламенттин колунда турат. Ал “Президент жана Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам. Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин президенттик шайлоону дайындоо туура болот.
Бирок ал мыйзамдын кабыл алынуусу да аябай кечеңдеп, парламенттин 30-июндагы күн тартибинде турат. Кыязы парламент ал мыйзамга коюлган ветону ашып түшүп, ошонун соңунан дароо президенттик шайлоону жарыялоону көздөп жатат. Эгерде фракциялардын карама-каршылыгы пайда болуп, ветону ашып түшө албаса, анда маселе андан бетер татаалдашып кетет.
Парламенттеги президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Азимбек Бекназаров мындай шартта парламент президенттик шайлоону күзүндө келип жарыялайт деген пикирин айтты:
- Шайлоону жарыяласа сентябрда келип жарыялашат. Азыр мыйзам жок. Президент ошентип айтып жатпайбы, мыйзам жок эле эмнеге минтип жатасыңар деп атпайбы?
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук комитетинин төрайымы Галина Скрипкина жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде, алардын комитети президенттик шайлоо күнүн быйыл 30-октябрга дайындоону сунуштаганын кабарлаган. Буга чейин шайлоо күнүн 20-ноябрга дайындоо сунушталып жаткан. Бирок 20-ноябрга шайлоону дайындоо өткөн жылы референдумда кабыл алынган мыйзамга каршы келери айтылууда. Ал мыйзамга ылайык президент Роза Отунбаеванын ыйгарым-укуктары быйыл 31-декабрга чейин токтойт. Ал токтогонго эки ай калганга чейин президенттик шайлоо өткөрүлүш керек.
Талаштуу кырдаал
Президенттик шайлоо алдында Борбордук шайлоо комиссиясынын айланасында талаштуу кырдаал түзүлдү. Бул кырдаалдын келип чыгышына президент тарабынан “Шайлоо комиссиялары” жана “Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамдарга вето коюулушу себеп болгону айтылууда.Мыйзам долбоорлордун демилгечиси Өмүрбек Текебаев президент вето коюу менен интирагандардын жетегинде кетти деп айыптаса, төрага Акматбек Келдибеков да ветону кескин сынга алды. Президент өз кезегинде бул айыптоолорду төгүнгө чыгарууда.
Президент менен парламент ортосундагы чатакты Жогорку Кеңештин жайкы каникулга тарап кетүүсүнө өтө аз убакыт калышы ого бетер ырбатууда.
Вето коюлган мыйзамдар боюнча макулдашуу комиссиясы түзүлүп, өз сунуштарын даярдаган. Мына ошол сунуштардын негизинде парламент “Шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” мыйзамды өткөн жумада кайрадан карап чыкты. Бирок кол коюуга президентке ушу күнгө чейин кайтарып бере элек. Мыйзам мына ушундай ара-чолодо жатканына карабай Жогорку Кеңеш Конституциялык укугунан пайдаланып, Борбордук шайлоо комиссиясынын үчтөн экисин шайлап алды.
Бул чечим парламенттин жайкы каникулга тараганга чейин БШКнын мүчөлөрүн шайлап калуу максаты менен түшүндүрүлүүдө. Президент парламенттин бул кадамын мыйзамсыз деп атап, ал келечекте соттошуулардын булагына айланыш мүмкүндүгүн эскертти.
Маселе БШК курамындабы?