Текебаев: Атамбаевдин cөзү чектен чыккандык

Өмүрбек Текебаев

Президент Атамбаев Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө катуу сын айтты. Ал канчалык деңгээлде негиздүү жана эмне кесепеттерге алып келиши мүмкүн? Бул суроонун тегерегинде Убактылуу өкмөттүн мурунку мүчөсү, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Президент Алмазбек Атамбаев эгемендик майрамына карата куттуктоосунда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө, анын ичинде сиздин дарегиңизге сын айтты. Бул билдирүүнү кандай кабыл алдыңыз?

Текебаев: Мен Атамбаевдин билдирүүсүн уккан жокмун. Бирок уккан адамдар “өзү эле эмес, Кыргызстанды уят кылды“ деп капа болуп мага айтышты. Бүгүн кыргыз мамлекетинин эгемендигинин 25 жылдыгы. Бул чейрек кылым абдан чоң мааниге ээ.

Чоң майрам катары президент өткөн тарыхка баа берип андан сабак алып, Кыргызстандын алдына албан-албан чоң тапшырмаларды коюшу керек эле. Ошол тилек, тапшырмалардын айланасында элди бириктирип, ынтымакка чакырышы зарыл болчу. Мына ушинтсе чыныгы президенттин, мамлекет башчысынын деңгээли болмок. Ал эми бүгүнкү айткан сөзү менен Атамбаев Кыргызстанды уят кылды. Эгерде кыргыз мамлекетинин жетекчилери ушундай болсо, анда мындай мамлекеттин келечеги жок деп ойлойм.

Бүгүнкү айткан сөзү менен Атамбаев Кыргызстанды уят кылды. Эгерде кыргыз мамлекетинин жетекчилери ушундай болсо, анда мындай мамлекеттин келечеги жок деп ойлойм.

"Азаттык": Президент Атамбаевдин мындай ачуу сын айтышына эмне себеп болду деп ойлойсуз? Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыкканына эле териктиби?

Текебаев: Эми Атамбаев өзү эмнени аягына чыгарарын дагы билбейт. Ал Конституцияны өзгөртүү боюнча киргизген сунуштун баары туура эмес, талкуу баштай электе жарымынан өзү баш тартты. Мына дүйнөдөгү эң масштабдуу юридикалык Венеция комиссиясынын эксперттери президенттин демилгесинин баарынын ашмалтайын чыгарып, сын айтты. Эми ошолордун бардыгын угуп, өзүн-өзү кармай албай чектен чыгып кеткени албетте өкүнүчтүү.

"Азаттык": Сиздер Атамбаевди Апрел ыңкылабынын максаттарына доо кетирди деп айтып жатасыздар. Аны эмне менен негиздейсиздер?

Текебаев: Сөзсүз түрдө, бул контрреволюция эски режимди башка формада реставрация кылчу аракет катары Атамбаевдин демилгесине баа бергенбиз.

Президенттин Конституцияны өзгөртүү аракетине чекит коюшубуз керек. Антпесек, коңшулардын баары менен мамилени бузуп, алар менен жаман мамилеге келди. Эми өлкөнүн ичинде адамдарды, региондорду бөлүп, ынтымакты кетирип коюшу мүмкүн.

"Азаттык": Мындан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чогулуп, Баш мыйзамдын айланасындагы президент Атамбаевдин айткандарын талкуулайсыздарбы?

Текебаев: Убактылуу өкмөт мүчөлөрү эмес, бүтүндөй Кыргызстан үчүн күйгөн патриоттор кеңешип, эмне иш кылабыз деген суроону коебуз. Президенттин Конституцияны өзгөртүү аракетине чекит коюшубуз керек. Антпесек, коңшулардын баары менен мамилени бузуп, алар менен жаман мамилеге келди. Эми өлкөнүн ичинде адамдарды, региондорду бөлүп, ынтымакты кетирип коюшу мүмкүн.

"Азаттык": Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү билдирүүсү Кыргызстандын саясатына кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

Текебаев: Эми Атамбаевден мурун президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов оппоненттерин укпай, кемсинтип, аларды кордоп, аларга басым көргөзүү жолун тандап алганы көрүнгөн. Ошону бүгүн президент дагы бир жолу далилдеди. Ал “эч ким менен сүйлөшпөйм, мен айткандай болот" деп атат. Бул Атамбаевдин мүнөзү, маңызы, жаш кезинде “тагдырга өчөшүп жашайм” деп ыр жазгандай стратегиялык көз карашы жок, артык кылам деп тыртык кылат. Ошон үчүн Кыргызстанда бир дагы реформа аягына чыккан жок.