Парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун президенттикке ат салышуу ниетин кичи мекени Алайда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирген. Бул тууралуу Келдибековдун кеңешчиси Шайырбек Маматокторов "Азаттыкка" кабарлады:
- Акматбек Келдибеков өзү туулган Алайда эл менен жолугушуп, бата алып, шайлоого аттанды. Аксакалдар менен кеңешти. Аны ак боз атка миндиришти, чепкен жаап, калпак кийгизишти. Жанында коштоп саясаттагы өнөктөшү, досу Камчыбек Ташиев жүрөт. Дагы бир топ саясатчылар, депутат Улукбек Ормонов да бар.
Президенттик шайлоого катышуусу боюнча Келдибеков азырынча өзү расмий билдирүү тарата элек. Бирок аны менен Алайга чогуу барган Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынан депутаты Улукбек Ормонов ырастады:
- Ошол жактагы аксакалдар, жаштардан президенттикке талапкерлигиңди көрсөт деген сунуш түштү. Ал боюнча Бишкекке келген соң жарыяласа керек.
Буга чейин Акматбек Келдибеков өлкөдөгү таасирдүү саясатчылар Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров менен тандем түзүп, президенттик шайлоодо бирдиктүү талапкер көрсөтөрүн жарыялашкан.
Бул боюнча аталган үчилтик чечим кабыл алынган соң коомчулукка жарыяларын айтып келишкен. Бирок Келдибековдун өлкө башчылыгына ат салышуу ниети тууралуу тандемдештердин бири Адахан Мадумаров кабары жок экенин "Азаттыкка" билдирди:
- Кабарым жок. 5-6 күндөн бери айылдарда эл менен жолугушууларды өткөрүп жатам. Баткен, Жалал-Абад облустарында жүрөм.
Ал эми Мадумаров өзү "президенттик шайлоого катышасызбы?" деген суроого "аны кийин айтам" деп жооп берди.
51 жаштагы Акматбек Келдибеков буга чейин Социалдык фонддун төрагасы, Салык кызматынын башчысы болуп эмгектенген.
2010-жылы “Ата Журт” партиясынын катарында Жогорку Кеңешке өтүп, ошол жылы парламент төрагалыгына шайланган. Бирок 2011-жылдын аягында Келдибековдун кылмыштуу топтун башчылары түшкөн сүрөтүнөн улам чыр чыгып, төрагалыктын кетүүгө аргасыз болгон.
Үч саясатчы бирикти
Кыргызстандагы таасирдүү саясатчылардын катарындагы Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев башында турган саясий топ бир партияга биригип, бир талапкер менен президенттик шайлоого бармай болду.
Ал эми 2012-жылы Акматбек Келдибековго Салык кызматын жана парламентти жетектеген кезде кетирген кемчиликтери боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "коррупция" беренелери боюнча кылмыш иш козголуп, камакка алынган.
Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында “коррупция” беренеси боюнча коюлган айып далилденген эмес. Ал эми “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” кинеси боюнча жарым-жартылай айыптуу деп табылып, 10 миллион сом айыппул төлөөгө милдеттендирген.
Келдибеков өзүнө тагылган айыптарды саясий куугунтуктоо катары санап, бирок былтыр сот белгилеген айыппулду төлөгөн эле. Мыйзамга ылайык, экс-төраганын соттуулугу бир жылдан соң алынышы керек болчу.
Буга байланыштуу Акматбек Келдибековдун президенттикке талапкер катары каттоодо эч кандай тоскоолдук болбойт дейт БШКнын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков:
- Келдибековду талапкер катары каттоодо эч кандай тоскоолдук болбош керек. Себеби жогорку баскычтагы сот чечиминин негизинде айыппулду төлөгөн. Ошондой эле соттуулугу алынган. Ошондуктан талапкер катары каттоого тоскоолдук жок деп ойлойм.
Эксперттер Келдибеков президенттикке аттануу менен парламент сыртындагы оппозициянын негизги талапкерлеринин бири болорун айтышууда. Бирок буга чейин түзүлгөн тандемдин бузулушу аталган саясатчыларга терс таасирин тийгизет деген пикирде саясий талдоочу Эмил Жураев:
- Буга чейин биз күбө болгондой Келдибеков, Ташиев, Мадумаров үчөө баш кошуп, бир блок түзүп, бир талапкер чыгарын айткан эле. Эгер ушул келишим күчүндө болуп, Келдибеков шайлоого ат салышса бир жөн. Ал эми андай болбой, Мадумаров да шайлоого катыша турган болсо же Келдибековдун талапкерлигин колдобосо оппозициянын чоң тобунун ортосундагы ажырымы тууралуу кабар берет.
Ал эми эксперт Марс Сариевдин баамында, Акматбек Келдибеков президенттикке ат салышуу ниетин билдирүү менен башка саясий күчтөргө соодалашууга чакырык таштады:
- Келдибековдун шайланууга мүмкүнчүлүгү аз болсо да ал соодалашуу үчүн талапкерлигин койду көрүнөт. Себеби башка талапкерлер менен соодалашып, өз баркын көтөрүү амалы болот. Айрым саясатчылар шайлоону ушул максатта колдонот.
Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт. Учурда анын так мөөнөтү аныктала элек. Тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, Жогорку Кеңеш карап жатат.
Шайлоо мөөнөтү так аныктала элек болсо да өлкө башчылык кызматына ат салышууга ниеттенгендердин ысымдары аталууда. Алардын катарында "Ак шумкар" саясий партиясынын жетекчиси Темир Сариев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов бар. Ал эми бийликтеги Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши өткөн апталарда президенттикке талапкер катары учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду көрсөтүү чечимин кабыл алган.