Апта: "Лигласстан" кол үзүү, Бишкек-Астана "айтышы"

Кыргыз өкмөтү менен чехиялык Liglass Traiding компаниясы 28-июлда келишим түзгөн. Ага президент Алмазбек Атамбаев да катышкан.

Узап бараткан жумада Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча чехиялык Liglass Trading компаниясы менен келишим жокко чыгарылды. Президенттик шайлоо айланасындагы окуялар кызып, талапкер Өмүрбек Бабановдун казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу Казакстан менен Кыргызстандын дипломатиялык кайым айтышуусуна себеп болду. Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясында алгачкы жолу сөз сүйлөдү. Дүйнөдө АКШ менен Түндүк Корея ортосундагы кайым айтышуу күчөдү.

Жогорку Нарын ГЭСи инвесторсуз калды...

Өтүп бараткан жумада өкмөт Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча экинчи инвестор менен келишимди бир тараптуу жокко чыгарды.

Буга чейин артынан көп сөз ээрчип, күмөн жаратып келген чехиялык Liglass Trading компаниясы келишимдин алгачкы шарты болгон 37 миллион долларды орусиялык “Русгидро” компаниясына өз убагында төлөөгө шарты жок экенин 18-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйынында жарыялады. Алар форс-мажордук абалга кептелгенин айтып, кыргыз өкмөтүнөн кошумча убакыт сурады. Liglass жетекчилери компанияларынын кыйын кырдаалга кептелишине Эдил Байсалов, Феликс Кулов жана Темир Сариев сыяктуу кыргыз саясатчыларын күнөөлөдү. Алардын айтымында, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча кыргыз өкмөтү менен келишимге кол коюлган күндөн тарта "аталган саясатчылар чех компаниясын каралаган маалыматтарды байма-бай таратканы үчүн" өнөктөштөрү долбоорду каржылоодон баш тарткан. Бирок чех ишкерлеринин мындай актануусу кыргыз өкмөтүн ынандырган жок.

Ошол эле күнү кечинде өкмөт чукул жыйынга чогулуп, Liglass Trading менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Исаков: "Лигласс" менен келишимди бузабыз

Кыргыз өкмөтү бул кырдаалда убакыттан башка эч нерсе жоготкон жокпуз деп актанып жатат. Тескерисинче, өкмөт Liglass сынакка катышуу үчүн кепилдик катары төлөгөн 1 млн 147 миң доллар мамлекетте каларын билдирди. Бирок Liglass компаниясы кыргыз тарап аталган төлөмдү кармап калуугу укугу жоктугун, келишимге ылайык, өкмөт кепилдик үчүн төлөнгөн 1 млн 147 миң долларды 11-августка чейин эле кайтармактыгын айтууда.

Ошондой эле чех компаниясы долбоорду ишке ашырууда Кыргызстан принципиалдуу тоскоолдуктар тууралуу маалыматты жашырганын айтып, "Русгидронун" сотко бере турганы эскертилбегенин кошумчалашты. Алар кыргыз өкмөтү жолугушууга чакырып коюп, жолукпай койгонун да белгилешүүдө. Ошондуктан аталган төлөмдү кайтарууну талап кылып, Эл аралык арбитражга кайрылышары ыктымал экенин эскертишти.

Мындан улам чех компаниясы менен келишимди бузуу оңой-олтоң эле жүрбөй, кайрадан соттошууларга алып барат деп айрым талдоочулар белгилеп жатышат. Алардын бири энергетика жаатындагы эксперт Николай Кравцов:

- Мен инвестициялык келишим менен жакшы таанышкам. Бул документ даярдала баштаган биринчи күндөн бери катышып келем. Өкмөт келишимди бузабыз деп жатат. Бирок негиз кандай? 37 миллион долларды төлөбөй койду дейби? Бирок менин алдымда турган инвестициялык келишимдин текстинде эгер бул каражатты төлөбөсө, макулдашууну жокко чыгарууга болот деген сөз жок. Мындай жол менен компания сотко кайрылат болушу керек. Ошондуктан бул келишимди жокко чыгаруу оңой-олтоң болбойт. Ал өтө узак жана жаңжалдуу болушу мүмкүн.

Негизи Liglass Trading менен быйыл июль айында келишим түзүлгөндөн тарта эле бул компаниянын ГЭСти курарына ишенбегендер чыккан. Компаниянын каржылык абалы чабал жана эч кандай тажрыйбасы жок экени кыргыз жана чех медиасында байма-бай жарыяланган эле.

Келишимди жокко чыгарып эле койбой, өлкө үчүн стратегиялык долбоорду экинчи ирет үзгүлтүккө учураткан жетекчилердин жоопкерчилигин кароо маселесин коомдук ишмер Эдил Байсалов көтөрүп жатат:

- Бул долбоор ишке ашпай калса жоопкерчиликти моюнум менен тартам деген жетекчилер азыр эч нерсе болбогондой беттери кызарган жок. Бул эми мага күтүүсүз деле болгон жок. Азыр эң негизги маселе - ушундан биздин элибиз кандай жыйынтык чыгарат. Ушул нерсе маанилүү. Себеби Liglass компаниясынын тегерегиндеги окуя акыркы эле тамчы болду. Буга чейин да мындай окуялар орун алган. Ошондуктан эң негизги бааны элибиз бериши керек.

Ошентип Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча экинчи инвестор менен келишим бузулуп отурат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Лигласс Трейдинг" ГЭС курбай калды

Буга чейин орусиялык "Русгидро" компаниясы менен да аталган долбоорду биргеликте ишке ашырууга келишим түзүлүп, бирок аягына чыкпай калган.

Орус тарап ГЭСти курууга короттук деген 37 миллион долларды доолап, жакында Эл аралык арбитражга кайрыларын эскерткен.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Ыңгайсыз суроолор": Багы ачылбаган ГЭСтер...

Үгүттөн улам "дипломатиялык кайым айтыш"

Узап бараткан аптада президенттик шайлоонун айланасындагы окуялар кызыды. Талапкерлер үгүт кампаниясынын алкагында жер-жерлерди кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Айрым талапкерлер Кыргызстандын аймагы менен эле чектелбестен, кошуна өлкөлөргө өтүштү.

Маселен, "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 19-сентябрда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу эки өлкө ортосундагы "дипломатиялык кайым айтышка" негиз болду. Бабанов казак өлкө башчысы менен жолукканы тууралуу маалымат Ак ордонун расмий сайтына жарыяланды. Анда казак президенти 15-октябрдагы шайлоо Кыргызстандын ички иши экенин, бирок жаш, тажрыйбалуу адам шайлоодо утуп чыкса, жакшы болмок деп Өмүрбек Бабановду колдоорун кыйыткан.

Бул жолугушууну Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн ички ишине кийгилишүү катары санап, Астанага нааразылык нотасын жолдоду. Буга Казакстандын тышкы саясат мекемеси да жооп берип, казак лидеринин башка өлкөнүн белгилүү саясий ишмерлери жана партия лидерлеринин өтүнүчү менен жолугушуулары буга чейин деле болуп келгенин жана эл аралык тажрыйбага шайкеш келээрин билдирди.

Бабановдун коңшу өлкө лидери менен жолугушуусуна Борбордук шайлоо комиссиясы да баа берерин жарыялады. Бул аптада БШК мүчөлөрү толук катышпай, кворум болбой калгандыктан жыйын кийинкиге жылдырылган.

Шайлоодогу негизги талапкерлердин бири саналган Өмүрбек Бабановдун штабы мындай кырдаалды негизсиз бут тосуу катары баалап жатат.

Ушул аптада БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясында сөз сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев да кыргызстандыктарды шайлоодо "башка элдин башчыларына алданып калбоого” чакырды:

- Кайрадан башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейлик! Кайрадан элдин байлыгы бекер сатылып, жерибиз белек катары берилип, карапайым калк кор болбосун, алданбагыла акчага айланайындар, алданбагыла бал сөзгө, алданбагыла алдамчы көзгө!

Алмазбек Атамбаев БУУда.

Президенттикке талапкердин чет өлкөлүк лидерлер менен жолугушуусу Кыргызстандын көз карандысыздыгына шек келтирет дегендер да бар. Маселен, саясат таануучу Марат Казакбаев:

- Укуктук механизми жок. Бирок моралдык жагын сезиш керек болчу. Чет өлкөгө барып президенттер менен жолугуу туура эмес. Башка өлкө башчылары дагы муну сезиши керек болчу. Дүйнөдө саясат ушундай. ТИМдин позициясын туура эле деп ойлойм. Бул - Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү, - дейт.

Ал эми эксперт Алмазбек Акматалиев болсо талапкердин аракетинде мыйзам бузуу жоктугун, бирок ага карата сес көрсөтүү аракети болуп жатканын белгиледи:

- Бул жерде мыйзам бузулган жок. Мыйзамда эгер кайсы бир өлкө президенти менен үгүт материалдарын таратып, сүрөттөрүн жарыяласа, мыйзам бузуу болот деп турат. Талапкер аны жасаган жок. Казакстандын президентинин сайтына жарыяланып, башка маалымат каражаттары таратып жатпайбы. Бул нерсеге абдан маани берилип жатканынын себеби Бабановдун күчөгөнү болуп жатат окшойт.

Зилалиевдин жеке үгүтү

Ошондой эле бул аптада шайлоого байланыштуу административдик ресурсту колдонуу жана үгүт иштерине динди катыштырууга байланыштуу талкуулар жүрдү. Вице-премьер-министр, өкмөттүн шайлоону уюштуруп өткөрүү боюнча штабынын башчысы Дүйшөнбек Зилалиев 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугушуу учурунда бийликтин талапкерин колдоорун айтып, чогулгандарга да ушундай суранычын келтирген:

- Мен сиздерден бөлүп суранганым: бизди, биздин талапкерибизди колдоп бериңиз. Президенттин саясатын уланта турган бул - Сооронбай Шарипович. Мен өзүм ошол кишиге берем. Ал эми араңыздарда ар кандай ой болушу мүмкүн. Жок, сиздики туура эмес деп айта албайм. Биз демократиялык өлкөдө жашайбыз. Өзүңөрдүн эркиңер кимге бересиңер. Бирок мен өзүмдүн оюмду ачык айтып койдум. Бардыгыңыздар ушул мамлекеттен, ушул бюджеттен айлык маяна алып иштеп жатасыздар, суу ичкен кудукка, мен суранам, түкүрбөгүлө.

Зилалиев бул сөздү айтканын танбай, бирок аны үгүт катары кабыл алууга болбой турганын билдирип жатат.

Ошентсе да коомчулукта административдик ресурс катары өкмөт дарегине сындар айтылган соң премьер-министр Сапар Исаков Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү жарыялап, шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын төрагалыгынан бошотту.

Ошол эле кезде бийлик талапкерине байланыштуу дагы бир окуя талкууга түштү. Талапкерлер Сооронбай Жээнбеков менен Камчыбек Ташиев президенттик шайлоодо бириккенин жарыялаган Жалал-Абаддагы шайлоочулар менен болгон шаршемби күнкү жолугушууга экс-муфтий, диний ишмер Чубак ажы Жалилов да катышып, элди Сооронбай Жээнбековду колдоого үндөп сүйлөгөн. Чубак ажы бул жыйынга жөнөкөй жаран катары катышып жатам деп билдирген.

Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы Жалилов бул жыйынга конок катары чакырылып, жарандык позициясын айтканын билдирүүдө. Ошондуктан эч кандай мыйзам бузуу жок деп ишендирип жатат.

Бирок Чубак ажынын Кыргызстан Аалымдар кеңешинин учурдагы мүчөсү экенин эскерткен айрым активисттер таанымал диний ишмердин саясий үгүткө катышканы мыйзамга каршы келет деп БШКга кайрылды. Муфтияттан болсо бул көрүнүштү комментарийлешпей турганын, шайлоодо кимди колдоору ар бир жарандын өз эрки деп эсептешерин билдиришти.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев да бул маселени көтөрүп, анын кесепети оор болушу мүмкүн экенин саясатчыларга эскертти:

- Орто Азиядагы биринчи демократиялык өлкө болгон Кыргызстанды экинчи Ооганстан кылганы жатасыңар. Мынчалык молдокелер шайлоого аралашкан эмес. 100 жыл мурун Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстановдор Кыргызстан халифат курбайт, светтик, укуктук өлкө курат деген жолду тандап албады беле. Азыр болсо ар бир мечитти силер филиал, штаб кылып алдыңар.

Каныбек Иманалиев.

Бул аптада акыркы алты жылда оппозицияда жүргөн "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев КСДПдан шайлоого аттанган Сооронбай Жээнбековду колдорун ачык жарыялады.

Ал эми буга чейин бийлик талапкерине карата башка саясатчыларды биригүүгө чакырып келген "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров азырынча жарыштан баш тартпай турганын ачыктады. Өткөн аптада Мадумаров Өзгөн шаарында Өмүрбек Бабанов менен бирге эл менен жолуккан соң, ал "республикачы" талапкердин пайдасына шайлоодон баш тартышы мүмкүн экени айтылып жаткан эле.

Ошол эле кезде активдүү талапкер катары саналган мурдагы премьер Темир Сариев башка саясий күчтөр менен кеңешүүлөр жүрүп жатканын билдирип келет. Учурда Сариевге Өмүрбек Бабанов жана Сооронбай Жээнбековдон сунуштар түшүп, бирок акыркы чечим кабыл алына электиги маалымдалды.

Атамбаевдин БУУдагы билдирүүлөрү

Узап бараткан аптада президент Алмазбек Атамбаев Бириккен улуттар уюмунун Нью-Йоркто өтүп жаткан Башкы ассамблеясынын жалпы саясий дебаттарында сөз сүйлөдү. Президенттик мөөнөтү аяктап калган Атамбаев БУУнун жыйынына акыркы алты жыл ичинде алгачкы ирет катышты.

Былтыр Улуттар уюмунун жыйынына катышууга сапар алган кыргыз президентинин жолдо саламаттыгы начарлап, Стамбулдан Бишкекке кайтууга аргасыз болгон эле.

Алмазбек Атамбаев БУУнун трибунасындагы сөзүндө акыркы 12 жыл ичинде эки ыңкылапты башынан өткөргөн Кыргызстандагы айрым маселелерге токтолуп, алдыдагы президенттик шайлоону таза өткөрүүгө саясий эрк бар деп ырастады:

- Биз үчүн жаңы президентти шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрүү – Кыргызстандагы мындан аркы стабилдүүлүктүн кепили жана бул үчүн бизде бекем саясий эрк бар.

Ошондой эле Борбор Азия үчүн орток көйгөй - суу ресурстары боюнча маселеге токтолгон Атамбаев мөңгүлөрдү, тоолуу экосистемаларды коргоо боюнча биргелешкен долбоорлорду аткарууга дүйнөлүк коомчулукту чакырды.

БУУнун жылдык жыйынына катышкан кыргыз делегациясы.

Ал эми эл аралык маселелерден Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Мьянма өлкөсүндө рохинжа мусулмандары кабылган кыянатчылыктарды "чечкиндүү" айыптаарын, дүйнө өлкөлөрүн массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтпоо боюнча резолюцияларды сактоого чакырарын, БУУнун он беш өлкө гана мүчө болгон Коопсуздук кеңешинин реформаланышын жактаарын белгиледи.

Саясий талдоочу Аида Алымбаеванын пикиринде, бул жолку президенттин сөзү эл аралык коомчулуктан да Кыргызстандын аудиориясына көбүрөөк багытталды деген пикирде:

- Президент Атамбаев БУУдагы сөзүндө өзү башкарган жылдардагы жетишкендиктерди санап бергенге аракет кылды. Бирок Башкы ассамблеяда буга көп токтолуунун кереги жок болчу деген пикирдемин. Президент айткан маселелерден улам эл аралык уюмдардын Кыргызстанда ишке ашырчу долбоорлорунун тизмеси бекитилет. Ошондуктан бул аянтчаны эффективдүү пайдалануу зарыл. Ал эми суу ресурстары боюнча маселени көтөргөнүн мен оң бааладым.

Буга чейин БУУ трибунасынан 2011-жылы ал кездеги президент Роза Отунбаева сөз сүйлөгөн эле.

19-сентябрда башталган быйылкы жыйынга 130дан ашык өлкө башчысы жана 100гө жакын тышкы иштер министри катышты

АКШ менен Түндүк Кореянын тиреши

БУУнун жылдык жыйынында эл аралык коомчулукту түйшөлткөн көпчүлүк маселелер айтылып, жыйын айрым өлкөлөрдүн кайым айтышы да менен да коштолду.

БУУда сөз сүйлөгөн АКШнын президенти Доналд Трамп ​Түндүк Кореянын дарегине бир катар катаал билдирүүлөрдү жасады. Трамп Пхеньян АКШ жана анын шериктерине чындап коркунуч жаратса, Түндүк Кореяны толугу менен жок кылууну убада кылды:

- Кошмо Штаттар эбегейсиз күч жана чыдамкайлыкка ээ. Бирок өзүн же өнөктөштөрүн коргоо зарылдыгы келип чыкса, биз Түндүк Кореяны толугу менен жок кылгандан кайра тартпайбыз. "Ракета-киши" жеке өзү жана бийлигин жок кылчу жанкечтиге айланды. АКШ аны жок кылганга даяр, ага кудурет - күчү жетет, бирок андай зарылдык чыкпайт деп үмүттөнөбүз.

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын.

Доналд Трамп айрым өлкөлөр Түндүк Кореялык режимди каржылык жактан колдоп, курал-жарак берип, соода-сатык алакасын улантып жатканын айыптады.

АКШ президентинин мындай катуу билдирүүсүнө Пхеньяндын жообу көпкө күттүргөн жок. Түндүк Кореянын мамлекеттик медиасы Ким Чен Ындын жообун таратып, Трамп бул сөздөрү үчүн АКШга “кымбат кун” төлөйт деп эскерткен:

- Акылдан айныган америкалык абышканы сөзсүз от менен жоошутам, - деп билдирген.

Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясына келген Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ен Хо Тынч океанда бомба жардырылышы мүмкүн деп түшүндүрмө берди.

Түндүк Корея эки апта мурда суутек бомбасын сынаганына байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңеши санкциялардын жаңы айлампасын кабыл алып, бул Пхеньяндын текстил экспортуна толук тыюу салып, ага мунай сатууну чектеген эле.

Ал эми Дональд Трамп 21-сентябрда кол койгон жардыкта Пхеньян менен соода жүргүзгөн компанияларга жана жеке адамдарга чектөө киргизүү каралган.

Ким Чен Ын жетектеген Түндүк Корея баллистикалык ракеталарын байма-бай сынап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.