Өмүрбек Текебаевдин саясий жолу
1991-жылдын 9-10-февралында өткөрүлгөн КДКнын Биринчи курултайынын ачылыш салтанаты маалында. Төрдө отургандар - Өмүрбек Текебаев, депутат жана КДКнын мүчөсү, Казат Акматов, депутат жана КДКнын теңтөрагасы, Дүйшөнбек Отонбай уулу, Кыргызстандын муфтийинин катчысы, Кадыр Маматказиев, КДКнын теңтөрагасы жана Жыпар Жекшеев, КДКнын теңтөрагасы (солдон оңго).
Өмүрбек Абдрахманов, Дооронбек Садырбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев. 27-май, 2006-жыл
Бирдиктүү оппозициянын Элдик курултайы. 29-ноябрь, 2008-жыл
Кыргызстан -- "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Ө. Текебаев орун басарлары Б. Шерниязов, Д. Чотонов менен Конституциялык соттун жанында. 19-ноябрь, 2009-жыл.
Өмүрбек Текебаев жана Болот Шер. 19-январь, 2009-жыл.
Кыргызстан -- "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 11-марты
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 12-апрели.
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева жана Өмүрбек Текебаев. Май, 2010-жыл
Роза Отунбаеванын ант берүү аземинде катышкан коноктор: Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев жана Акылбек Сариев. 3-июль, 2010-жыл
“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов. 4-август, 2010-жыл.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Азаттыктын" сайтынын окурмандарынын суроолоруна жооп берүүдө. 2-февраль, 2011-жыл.
13-февраль, 2013-жыл.
Текебаевдин саясий тагдыры эгемен Кыргызстандын Баш мыйзамдары менен тыгыз байланышта. Бардык бийликтердин тушунда тынымсыз жүрүп келген конституциялык реформалардын көбүнө дээрлик катышып келген. Маселен, Баш мыйзамды иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн 1991, 1994, 2002, 2006-жылкы жумушчу топтордун ар бирине мүчө же жетекчи болгон.
2013-жылы тартылган сүрөт.
Баш мыйзам 2016-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу аркылуу өзгөрдү. Өмүрбек Текебаев буга каршы чыкканы белгилүү. Референдум боюнча маек. 11-декабрь, 2016-жыл.
25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгогон. 26-февралда Түркиядан учуп келген саясатчыны “Манас” аэропортунан УКМК кызматкерлери кармап кеткен.
Текебаевдин тарапташтарынын нааразылык акциясы. 27-февраль, 2017-жыл.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Бул акча Чотоновдун айылдаш таанышы, кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аркылуу алынганы тергөөдө айтылган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет. 5-июнь, 2017-жыл
Өмүрбек Текебаев 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого УКМКнын тергөө абагында жатып талапкерлигин койгон. Бирок Боршайком 10-августтагы отурумунда Текебаевди тил сынагына киргизбөө чечимин кабыл алган.
2017-жылдын 16-августунда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун өкүмү угузулду.
Судья Айбек Эрнис уулу Текебаевге да, Чотоновго да сегиз жылдан чегерилди. Прокуратуранын алардын үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деген да өтүнүчү канааттандырылды.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн соттун өкүмүнөн кийин өзүнүн тарапкерлерине кайрылып, судья далилге негизделбеген өкүм чыгарганын, сот реформасы натыйжа бербегенин айтты:
"Көрдүңөр, начар негизделген мыйзамсыз чечим. Эч кандай далил жок. Бул Атамбаевдин бийлигине берилген баа. Баары жакшы болот!", - деди Өмүрбек Текебаев.