Бишкек- Астана: чек арадагы кырдаал чечилди

Кыргыз-казак чек арасы

Бүгүн, 2-декабрда Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы “Жол картасына” кол коюлду.

Кол коюлган “Жол картага” ылайык, кыргыз-казак чек арасы 3-декабрга караган түнү саат 12ден тарта кадимки режимде иштей баштайт.

Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, аталган документке кыргыз тараптан вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, казак тараптан өкмөт башчынын орун басары Аскар Мамин кол койгон.

“Жол картасы” эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу суроолорун комплекстүү чечүү үчүн 50 иш-чарадан турат. Анын ичинде чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык тармактарындагы биргелешип иш алып баруу каралган. Документте ыкчам мүнөздөгү 16 чара камтылып, беш кыска мөөнөттү жана 29 системалуу чаралар бар.

Кыргыз-казак чек арасындагы маселени чечүү үчүн вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов башында турган делегация 1-декабрда Астанага жөнөп кеткен болчу.

30-ноябрда кыргыз-казак президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Минскиде өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитинде жолугуп, чек ара маселесин талкуулашкан. Анда тараптар эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеп чыккан “Жол картасына” кол коюлуп, чек ара ачыларын убада кылышкан.

Анда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев чек арадагы чектөөлөр алынарын, бирок анда жүктөрдү текшерип өткөрө турган көзөмөл орнотула турганын билдирген:

- Чек арадагы жагдай эмне үчүн болгонун баарыбыз билебиз. Ошондуктан биз мындай деп келиштик: эки өкмөт келишкен "Жол картасы" бар. Ошол "Жол картасын" карап чыгуу үчүн эртең-бүрсүгүнү өкмөттүк топ Казакстанга келет, биздин топ менен чогуу отурат дагы, ошого кол коет. Ошондон кийин биз чек араны убактылуу ачабыз да, бирок анда эки жактан тең көзөмөл орнотобуз - Кыргызстандан да, Казакстандан да, ЕАЭБден - үч киши ар бир жүктү карап, бирок өткөрө бере турган болду. Ошондой ишти биз Кытай менен болгон чек арада да жасайбыз. Жаңы шайланган Кыргызстандын президентин мен Казакстанга расмий иш сапары менен келүүгө чакырам. Ошол келишинде биз бардык башка маселелерди артка калтырып, кыргыз-казак ортосундагы жагдайды түздөй турган болуп келиштик.

Ал эми Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков көзөмөл коюу жагы макулдашылганын ырастап, ал үч тараптуу шартта ишке аша турганын кошумчалаган эле:

- Биз болгон проблемалар боюнча көп нерсени сүйлөштүк. Биз бир чечимге келдик. "Жол картасы" бар, ал боюнча эки өкмөт азыр иштеп жатат. Ошону декабрь айынын ичинде аягына чыгарабыз. Аны аягына чыгарып койгондон кийин көп маселе чечилет. Чек арага ЕАЭБ, казак, кыргыз - үч тараптан көзөмөл коймой болдук. Эми ал маселелердин баары чечиле турган маселелер. Көп маселелер бар эки тараптан, мунун баарын чечебиз.

Кыргыз-казак чек арасындагы текшерүү экс-президент Алмазбек Атамбаев Назарбаевдин дарегине катуу сын айткандан кийин күчөгөн.

Анда Атамбаев Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду кабыл алуусун Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары айыптаган болчу. Казак тарап 10-октябрдан тарта текшерүүну күчөтүп, муну Кыргызстан аркылуу өткөн аткезчиликти азайтуу аракети катары түшүндүргөн. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча ушу тапта “Ак-Тилек” жана “Чоң-Капка” өткөрмө бекеттеринде 600гө жакын жүк ташуучу унаа Казакстанга өтө албай турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.