Казакпаев: депутаттар убадасын унутту

Саясат талдоочу Марат Казакпаев Кыргызстанда шаардык кеңеш депутаттары саясий тирештин оюнчуларына айланып калганын белгилейт.

Каракол шаардык кеңешинде көпчүлүк коалиция тарады. Буга чейин депутаттар тил табыша албай, Жалал-Абад шаардык кеңеши ыдыраган. Талас шаардык кеңешинде да коалиция куроодо маселелер чыккан эле.

Кыргызстандагы бүгүнкү шаардык кеңештерге кандай мүнөздөмө берсе болот? Жергиликтүү кеңеш депутаттары саясий тирештердин оюнчусуна айланып калган жокпу? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде саясий серепчи Марат Казакпаев "Азаттык" радиосуна ой бөлүштү.

"Азаттык": Азыркы шаардык кеңештерге кандай мүнөздөмө берсек болот?

Кайра шайлоо убайымы башталды

Кайра шайлоо убайымы башталды

БШК 20дай жергиликтүү кеңеште шайлоону кайра өткөрүү тууралуу президент Алмазбек Атамбаевге сунуш жөнөттү. Ал арада Жалал-Абад шаардык кеңеш бир топ ызы-чуудан улам өзүн өзү таратуу тууралуу чечим кабыл алды.

Казакпаев: Көрүп жатканыбыздай, жергиликтүү кеңештерде шайлоо өткөндөн кийин эле ызы-чуу, талаш токтобой келатат. Алгач Жалал-Абадда болду. Балким интрига бар чыгар. Ал жакта КСДП башкарууну колго алууга аракеттенип, административдик ресурс колдонгону айтылып, мындай жагдайдын жаралуусуна бийлик партиясына күнөө коюлду. Менимче, ушундай эле болуп жатат.

"Азаттык": Демек бийлик партиясынын өкүмдарлык дымагынан улам ушундай жагдайлар жаралып жатат деген ойдосузбу?

Казакпаев: Ооба, ушундай версия бар. Бирок факт деп айта албайбыз. Көрүп жатпайбызы, шайлоодон кийин эле фракциялар тил табыша албай ызы-чуу түшүп калууда.

"Азаттык": Муну саясий тенденция деп баалоого негиз барбы? Саясат дүйнөдө деле ызы-чуу менен коштолуп жатпайбы, же Кыргызстанда депутаттар саясий тирештин оюнчулары болуп калдыбы?

Казакпаев: Саясий оюндар бар. Анткени саясат ошондой. Шаардык кеңештер чоң ресурс эмеспи. Бирок депутаттар саясатка эле сүңгүп, өздөрүнүн негизги милдети саналган - жергиликтүү социалдык-экономикалык маселелерди чечпей жатышпайбы. Бул туура эмес. Жергиликтүү кеңештер өз аймагындагы социалдык-экономикага көңүл бурушу керек. Шайланып келерде ушул жаатта убада беришпеди беле.

"Азаттык": Ошол негизги милдеттер экинчи планда калып жатканына сиздин оюңузча эмне себеп болууда?

Депутаттар кесипкөй саясатчы болбой калышты. Абройлору түшүп кетти.

Казакпаев: Партия лидерлери интрига менен алектенип жаткандай. Коалициялык көпчүлүк түзүү дымагынан улам ушундай кырдаал жаралууда. Партия башчыларынын сөзүнө кирип эле депутаттар ызы-чуу түшүп калышты. Алар шайланып келерде программаларды жазышкан да. Ошол эле программаларын ишке ашыруу менен алектенишсе, талаш-тартыш деле жаралбайт.

"Азаттык": Бүгүнкү жергиликтүү кеңештерге эл ишенеби?

Казакпаев: Ишенимден чыгып баратат. Ушундай эле көйгөй парламентте да бар. Депутаттар кесипкөй саясатчы болбой калышты. Абройлору түшүп кетти. Алардын дарегине сын көп. Парламентте да, шаардык кеңештерде да бул тенденция бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.